Ар дайым кеткенди жактырам. Кайдадыр бир жактарга жол алып, өзүмөн качуунун аргасыз, апенди аракеттерин көргөндү жактырам.
Жактырам. Жашоону толо-таша жашаганды жактырам. Ойгонуп көчөгө чыкканымда абанын мээлүүн, жарык болгонун жакшы көрөм. Көөнөргөн дубалдарынан, балким, унутулууга моюн сунган тарыхый үйлөрдүн жанынан өтүп баратканда көчөдөгү жолбун мышыктардын мага таңыркап караганын, тамак жегендерин караганды жана алардын ар түркүн-түстө экенин көргөндү жактырам. Алардын менден чочуркабай, “кайсыл кишинин саны көбөйткөн неме болуп кетти экен?” деген тейде астейдил тиктегендерин жактырам. Дал ошол учурда көктө ак чардактар ызы-чуу сала ойкуп-кайкып учуп жүрүшкөнү да мага жагат. Айрыкча, алардын караңгы деңиз жактан аппак тулку ай нуру менен чагылыша салабаттуу учуп келе жатышканына күбө болгонду өзгөчө жактырам.
Колумдан келсе эрте турганды, жакшы тамактанып, жылуу сууга жуунганды жактырам. Пайдалуу бирдемелерди окуп жана көрүп, күнүмдү берекелүү кылганды жактырам. Көз ачып-жумганча кеч кирип кетпеген күндөрдү жактырам. Адамдардын мага жылмая салам бергени жагат, анан да кайсыл жумушумду болбосун үтүр-чекитине чейин кынтыксыз аткарган жагат. Ишимди чуркап-чуркап бир жансыл кылганды жактырам. Чарчаңкы иш күнүнөн кийин көңүлүм түгөл үйүмө кайтканды жактырам. Кеч киргенде үйүмдүн жанынан демейдеги мелмилдеген деңиздин көрүнбөй караңгыга сиңип, “жашырынып” алганы жагат.
Жаңы адамдар менен таанышкан жагат. Алардын мага али тааныш эмес, а бирок жагымдуу энергиялары жагат. Ошондой эле алар менен али бери шакаба чегип, жакын жоро-жолдош болуп кеткенге чейинки тартынып-кысынуулары, жасалма сыпайыгерчиликтери жагат. Менин керегим, жакшылыгым тийген адамдардын карегинин ичине чейин күлүп, бактылуу болгондорун жактырам, мени “мен” болгонум үчүн гана урмат көрсөтүшкөндөрүн жактырам.
Анан да мага изденген, ар түрдүү пикирлерге ачык кишилер менен маектешкен жагат. Маңдайымдагы кишинин сукбатын узакка кулак төшөп укканды, аны сүйлөткөндү жана ким болбосун сүйлөп жаткан сөзүнүн оо бир салмактуу сезишин, өзүн ичинен маанилүү киши сезип, өзү менен сыймыктанышын, өзүнө болгон ишениминин артышын жактырам. А кээде алардын өзүмчүл болбой, менин да пикириме бир ооз кызыгып коюшкандарын жактырам. Сукбатыбыздын бир тараптуу эмес, жандуу жана кызыктуу болгонун жактырам. Адамдардын сүйлөгөнүнөн, эмоцияларынан жана пикирлеринен аларды анализдеген жагат. Мага жакпаган адамдарды көрбөгөндү, менин ачуума тийгендерди кийинчерээк эстеп сөккөндү жактырам. Аларга чексиз эмпатия менен мамиле кыла алганым кез-кезде жагат мага.
Күнүмдүн бир канча саатын шаардын китеп дүкөндөрүндө өткөргөндү жактырам. Китептерди узакка бир-бир карап, аталыштарын окуганды жана мага жаккан китептин арзан баада, а жакшысы колдонулуп кайра сатылган китеп болгонун жактырам. Көңүлүмө төп келген китепти сатып алганды жана аны китеп текчеме жайгаштырганды жактырам. Аларды дароо окубай, чогулткан жагат. Ар бир китебимдин мага белекке келгенин эмес, өзүм карап-кармалап сатып алганды сүйөм.
Ар дайым кеткенди жактырам. Кайдадыр бир жактарга жол алып, өзүмөн качуунун аргасыз, апенди аракеттерин көргөндү жактырам. Канча жагымсыз болсо да кыйынчылыктардын артынан келген тажрыйбаларды, жашоодогу ар бир кыпындай сезимди сай-сөөгүм менен сезип жашаганды жактырам. Жашоодо ар бир нерсени даамдап, жасап көргөндү жактырам. Мына ушулардын баарына карабастан кээде мага сезимсиз, жеңил-желпи, эртеңки күнгө кам санабай адыраңдап-шадыраңдап жашаган жагат.
Ашыкча стресстен арылуу үчүн мага жакпаган адамдардын аркасынан сүйлөгөн жагат. Кайсыл жерлик болбосун досторумдун өлкөлөрү тууралуу талылуу жерлеринен кармап кыжырларына тийгенди, аларды чексиз актанууларга мажбур кылганды, а бирок көңүл оорутпаганды жактырам. Жаңы, супсулуу, күйүп-жанган адамдардын мени менен таанышкысы келгенин жактырам. Анан да көңүлүмө жакын кишилер менен түн бир маалга чейин шарактап, бокал кагыштырган жагат. Жаштыктын бүтпөстөй, түгөнбөстөй сезилгенин, эртең таң атпай тургандай жыргаган мүнөттөрдү жактырам.
Мага жашоону толо-таша жашаган жагат…
Сонун😊
Сонуннн😊 sen yazarsın da güzel olmaz mı👍🏻👍🏻🌹