2019-жылы жазган экемин. Азыр өзгөрүү барбы ошону байкаш үчүн чыгарып жатам. Дагы чыгарып турам. Сын-пикир керек.
– Айиий балам, кайдан алдың муну? Өзүнө жарашып да калыптыр.
– Утуп алдым.
– А тепкенди кайдан уйрөндүң эле? Азамат уулум менин. Утуп алдым дейсиңби? Кайдан? Эмне сынак экен?
– Мектепте сүрөт тартуу сынагын уюштурушкан, айттым эле го.
– Ии. Тиги, баягы айтып атпадың беле. Ага катышпай калдым дедиң эле го. Карандаш, боектор жок деп.
– Ооба, деп аткам.
– Ай, эмне болгон сага? Велосипед деп тим эле безеленип жүрчү элең го. Эми колуңа тийиптир. Болгондо да таза жол менен. Утуп алыпсың. Сүйүнчү эле нерсе го.
– Башкаларга жалдырабай, өзүмдүн велосипедимди аябай тепким келчү. А сиз алып бере албайсыз да. Шартыбыз жок. Ушуну утуп алсам, сизге да жардамдашып, мектепке сүттү тез жеткирип, турат элем. Атам менен апама да тез-тезден зыярат кылып турмакмын. Куран окуганды да үйрөндүм. Жандарына барып окумакмын.
– Иий, алтыным ай. Ошолордун эле уулусуң да. Ак жүрөк. Бирок, эми велосипед колуңда экен. А эмнеге капалуусуң?
– Сынакка катышуу үчүн, ылдыйкы дүкөндөгү турган карандаш, боекторду сурабай алгам. Сүрөттү тартып, бүткөндөн кийин боектоду кайра алып барып берип кечирим сурайм деп ойлогом. А боек колдонгондон кийин, мурдагыдай болбойт турбайбы. Кайра алып бара албай калдым…