Контентчини колдонуу шарттары

Бул жерде платформанын туруктуу өнүгүүсүнө түрткү берген шарттар жана сунуштар менен тааныша аласыңар.

Платформаны колдонуу

Сиз платформаны колдонууда сунушталган баардык эрежелерди сакташыңыз керек. Платформаны туура колдонуңуз.

Сиз колдонгон учурда, биз сизге эскертүүлөрдү же башка маалымат каттарды жөнөтүшүбүз мүмкүн. Эгер каалабасаңыз, каттарды алуудан баш тартсаңыз болот.

Сиздин аккаунт

Платформаны колдонуу үчүн Контентчинин аккаунту керек. Аны чакыруу аркылуу аласыз же администратор ачып берет.

Аккаунт аркылуу кылынган баардык иш-аракеттер үчүн сиз жооптуусуз. Ошондуктан сыр сөзүңүздү үчүнчү тараптарга билдирбеңиз.

Администратор сиздин аккаунтту алып салууга укуктуу.

Материалдарды жүктөө

Макалаңызга сүрөт жүктөөдө файлдардын форматы .jpg, .gif боло алат. Сүрөттүн узун жагы 1920px же ага чейин болуш сунушталат.
Ал эми видео же подкаст материалдар кыноо коду аркылуу орнотулушат.

Экстремисттик, этностор аралык кагылышууну жараткан же ж.б Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган материалдарды жүктөө тыюуу салынат.

Сиз бөлүшкөн маалымат

Биз үчүн ар бир контентчи эң баалуу. Ошондуктан, сиз Контентчи менен бөлүшкөн баардык жеке жана жалпы маалыматтар коопсуз жерлерде сакталат жана алардын жоголуп же үчүнчү тарапка өтүп кетпеши үчүн, биздин колубуздан келген баардык күч аракеттерди жумшайбыз.

Сиз бөлүшкөн маалымат, Контентчини өнүктүрүү максатында колдонулушу мүмкүн жана эскертүүсүз өчүрүлүп же Контентчинин талаптарына ылайык локалдаштырылышы мүмкүн.

Тек'тер

Постторго туура тек'терди көргөзүү сунушталат. Алар постторду тематикасы боюнча уюштурууга жардам беришет. Сөзсүз түрдө посттун мазмуунуна тиешелүү тек'терди колдонуу шарт. Мисалы:

Cүрөт, Подкаст, ...

же

Архитектура, Макала, ...

Башка түрлөрү:

  • Адабият, Видео
  • Подкаст, Радио
  • Тасма, Макала
  • DIY, Макала ж.б

Ысым

Ысым латын же кириллица алфавитинде жазылып жана сиздин ысымыңызды же лакап атыңызды камтый алат.

Контентчи платформасынын өнүгүүсүнө жараша, ар бир пункт эскертүүсүз өзгөрүлүп кетиши мүмкүн, же азыркы учурда өзгөрүлүп жатат.