Өскөн жери таштак, кум аралашкан талаанын ортосу…күндүн баардык нурлары Жалгыз даракка багытталган сыяктанат.
Жамгырды, жааганда аптыгып, ачка калган адам сыяктуу, сууну болгон тамыры менен шимире, шимире ичип, запас топтоп алат…Же кум менен таш бир топуракка окшосо…же суу көпкө сакталбайт, каркыраган ысыкта ыссып, дарактын ичин жандырып, баардык жактан айланта күйдүрөт.
Тээ топуракта өнүп, топуракта жашап жаткан башка дарактардан түсү менен айырмаланып, ичинде болуп жаткан турмуш запкысын, сыртынан балпайтып көрсөтүп коёт. Же ал азык десе азык, суу десе сууга тойгон алар, мунун акыбалын түшүнсө гана…
Негизи, ал таштын, кумдун деле күнөөсү жок, бул деген тагдыр маселеси болуп жатпайбы..ошол жерге тагдыры байланган тура…
Баарынан да, быйылкы ысыкка чыдай албай, жалбырактары, Күздүн келүүсүнө даярдангандын ордуна, чекесинен куурап, табият мыйзамы менен белгиленген өмүрдү жашабай, эрте өмүрүн бүткөрүп, күзгө жетпей жерге түшүп жатканы.
Ар бир куурап түшүп жаткан жалбырактардын сабы, сабактан үзүлгөндө, дарактын да жанынын ичи жанып, канчалык коюп жибергиси келбесе да, куураган жалбырактары тагдырдын буйругу менен акырын көктөн жерге түшүп, жерде ордун табып, эми тынчыгандай. Анын баарын күзөтүп турган дарак, ар бир ушинтип түшүп жаткан жалбырактарына жаны ачыганы менен, аны да мына ушундай эле тагдыр күтүп турганын билет.
Тамырын канчалык узартып дагы да жер астына жайылтканы менен, акыры, өзүнүн да күчү жетпей, алы кетип, шалдайып эле туруп калды. Бир жактан зөңгөгунө кирип, ичтен кемирип жаткан курт-кумурскалар да, аны, алдан алып, алар менен да күрөшө албай калды…
Аттиң, балким бираз азык, бираз суу болсо, жанын сактаганга бираз да болсо күч топтоп, өмүр үчүн күрөшмөк беле.
Жалбырактары улам куурап отуруп, акыры сабагына жетти, эми сабагы да куурай баштады, эми чындап өмүрү бүткөнү калды. Күндүн табы да али кайтпайт өңдөнөт, же жамгыр жаашы жакында күтүлбөйт..
Жердин үстү куураган жабыракка толуп, жайнап кетти..Ушул жайнаган жалбырактар бир убакта көктөн жерге карап, күндүн нурларын тосуп, арыдан бери өткөн адамдарды көлөкөлөп, ысыктан акактап калган адамдарга, жаныбарларга эс алчу жер боло турган.
Өтмүштү эске салсак, көп жакшы иштерге себеп болду бул жалгыз дарак. Бирок минтип сууга суусап, өмүрүнүн бүтүшү чын эле адилетсиздиктей туюлуп кетет. Же бир убакта ысыктан пана издеген бир жан, “Жалгыз дарак куурап атат экен” деп бир челек суу куюп койбойт. Эшеги ылайдан өткөн немелер эми минтип, бир карап да коюшпайт….
Дарактын азынан көбү куурап калды, аны көргөн бири, балтасын көтөрүп келип, куураган даракты текшерип көрүп, ичинен чыгып жаткан курт-кумурскаларды карап, так ошол жерден балталап кирди. Ар бир урулган сокку, жанын куйдуруп азап берип жатты. Бирок, ичинен да сүйүнүп жатты, сууга чаңкап, качан өлүшүн күтүп отургандан, минтип өлүп кеткени да дурусураак көрүндү.
Тагдыр деген нерсе ушул туура, жазылганы болот. Кечээ күнү жашылданып көлөкө берип турган, бүгүн минтип сууга жетпей куурап, балталанды…