Бакытын ырдан тапкан Тенти Адышева

Өмүрлүк сүйүү менен адабиятка болгон сүйүүсү жанданган Тенти Адышева.

       Акын-жазуучулардын чыгармачылыкка келиш жолдору эң эле көп түрдүү. Кээ бири балтыр эти ката элек кезинде эле чыгармачылыкка жакын болуп, эл оозуна эрте алынса, кээ бири турмуштун, тагдырдын ар түркүн шартына жараша аралашып калганы бар.

         Дал ушундай жазуучуларыбыздын бири Тенти Адышева.

         Адам баласы жарык дүйнөгө келгенде эле, ага эң биринчи берилүүчү сыйлык анын “ысмы”.  Ушундан улам жазуучунун атынын этимологиялык, же түз эле маанисин карасак, эмнеге мындай болду экен деген ойлор басат. А көрсө, тапкан балдары такыр эле токтобой койгон байкуш ата-эне: “Тентип эле элдин арасында аман жүрсө болду”,- деп эң кенже чүрпөсүнүн атын Тенти койгон тура.
        Акындын өз эскермелеринде “Мен балалык өмүрдү дардактап оюн менен өткөзгөнүм жок. Атамды ээрчип сөз булагынан суу ичтим. Атам оокат-тиричиликке шыгы жок, ат үстүнө ылайык жаралган адам сыяктуу болчу. Ал сөз ээси болгондуктан, эл жыйылган жерге атам чакырылбай калбачу. Анткени өзү ыр чыгарбаганы менен элдик чыгармаларды жакшы билчү. “Манасты” баш кылып майла эпосторду жана акындардын ырларын, учкул сөздөрдү көп билген”, -деп жазган.
       Жалпысынан эле бул көрүнүш көпчүлүк атак ээлерине маалым. Анткени, бала күнүнөн ким ага насаат айтып, кандай чөйрөдө тарбияланса, кайсы сууну ичип, кандай сууну кечсе, келечекте ошол агымда агып өтөөрү анык.
          Бирок, келечектеги акын бейкапар сандыктагы талантын ачпастан, жазуучулук, өнөр чөйрөсүн эмес, биринчи кезекте ал так илимий чөйрөгө аралашкандыгы да өзгөчө. Ал медтехникумда билим алып, дал ушул жерде анын дүйнөгө көз карашы калыптанып, коомдук иштерге активдүү катышып, шаардык, республикалык, кала берсе бүткүл союздук жыйындарына делегат болуп барыптыр. Ушундан анын баягы  ата-энесинин айткан “Тентип эле элдин арасында аман жүрсө болду” деген сөзүн эскерсек болот.

      Биз үчүн өзгөчө кызыктуусу — анын жаштык оту алоолонуп, Жоомарт Бөкөнбаев менен мамилеси да так  ушул жерде башталыптыр.

     Мына эми сандыктын ачылганы. Адабий чөйрөдө, жазуучулук өнөрдү аркалаган таланттын дагы бир талантты ачуусу. “Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар” демекчи, өмүрлүк сүйүү аркылуу, адабиятка болгон сүйүүсү жанданып, жаркыраган жылдыз болгону. 

Бул жагдайды акын өзү дагы көп эскерген: “Мен Жоомарттын гана үйүнө барбастан, советтик кыргыз адабиятын курган залкар адабий ишмер, нукура таланттардын үй-бүлөсүнө, башкача айтканда, кыргыз көркөм адабиятынын, маданиятынын, искусствосунун үй-бүлөсүнө кошулдум”. Ушундан эки таланттын тагдыры бир кылка болуп, өмүрлүк жар болушкан.

Бирок, жазуучу анда да болсо, чыгармачылыкка кирише элек, аралаша  элек кези эле.

Тагдыр деген бирде таттуу, бирде ачуу. Адамдын маңдайына жазылган жазмыш бир күн, бир мүнөт кечикпестен чындыкка айланат. Жашоодо эң оор нерсе  жакын адамыңды жоготуу болуп саналат. Жоомарт Бөкөнбаевдин трагедиялуу өлүмү жубайынын жашоосундагы чоң жоготуу болду. Таланттар таттуу турмушта беш жыл гана өмүр сүрүштү. Жазуучунун бул боюнча “Кылы үзүлгөн комуз” чыгармасын эске салсак болот. Чыгарманын аталышы да бул трагедияга түздөн-түз байланышкан. Ж.Бөкөнбаевдин трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу окуялар, алардан улам туулган терең кайгылуу сезимдер. Көрсө, буга дейре шаңшып келген комуздун бир кылы мына ошондо үзүлгөн тура. Көөдөнгө батпаган муң, көрсө, ошондо бир кылы үзүлгөн комузду колго алып, жүрөктүн кыйкырыгын ыр түрүндө жаңыртып чыгарууга мажбурлаган окшобойбу. “Мына ушул күндөн тартып ыр жазуу зарылдыгы пайда болгондой болду. Бирок менде ыр жазыла турган чыныгы мүмкүнчүлүк бардыгына көзүм жетпеди жана ишене албадым. Ушул өзүмө ишене албоочулук — күмөн саноодон мен көп мезгилге чейин бошоно албадым… Ошого карабастан ыр жазбай коё албадым”. Ошентип, чыныгы поэзиянын жаралуу себептери Т.Адышеванын  тагдырында кайрадан кашкая далилденген. Жазуучунун эң бир улуу сөзү катары, баардык акын-жазуучунун сезими менен бирге, поэзиянын келип чыгышынын себептерин айткандыгында: “Поэзия — бекерпоздуктун, убакыт өткөрүүнүн, ырды эрмек тутуунун иши эмес, ал дайыма турмуштан — чыныгы кайгы менен кубанычтан, өкүнүч менен сүйүүдөн пайда болот”.

Поэзия

Көркөмүң күч, көз алдыман кетпеген,

Алоолонгон жалында сен өчпөгөн.

Сен булаксың мөл-мөл аккан аскадан,

Бура тартып мен бурулуп өтпөгөн.

автору: Тенти Адышева

 

Жазган: Расулова Нагима

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x