Жакшыны көздө!

Жашоодогу алака оңой. Адам баласы эчендеген кылымдардан бери тиричилик өткөрүп, канча бир муун алмашты. Ата мурасы менен бирге, жеке тажрыйба, коомдук өз ара байланыш, дегеле бул дүйнөгө таканчык болор мүнөз, адат топтолду. Ооба, эгер сен ар бир учурга ылайыкташып, коомго аралаша албасаң, анда иш чатак. Биз билгендей, «эл менен элсиң» демекчи, элиңе сиңип, коомго аралашып кете албасаң, оркоюп көрүнгөн тикенек сыяктуу «элге батпай» жүрө бересиң. Андан пайда жогу, айдан-ачык.

Эмне кылуу керек? Суроо өзүнөн-өзү жаралат. Бул жашоону оордотуунун кажети жок. Бирок, бул деген жеңил ойлуулук да эмес. Ийнеликтин жашоосу баарыбызга белгилүүдүр. Акыл-эс, сабыр кылуу, күчтүү болуу, умтулуу ж.б. көптөгөн адамды, адам кылган баам-парасат, бизге бекеринен берилген эмес. Биздин эң негизги, тиричилик-мамиледе керектүү инструменттерден.

Азыркы айтайын дегеним, кемчилик, айып издебей, акыл салуу, ой жүгүртүү болмокчу. Минусту издебесең да, өзү эле «Мен» мындамын деп күттүрбөй келет. Убара да болбойсуң. Болгону ой учугун баштап гана кой, болду. Ана сага, кетти. Алыстагы бир «байкуш» (сен негетив таап жаткан үчүн, ал «байкуш» болду. Ал аны билбеши мүмкүн, ага эч зыяны деле жок, ал демек байкуш эмес. Чынында негатив издеген проблема өзүңдө гана) баштап, жаныңдагы жакының, Президенттен баштап, сен көргөндүн баары, акыры барып, күзгүнүн алдындагы өзүңдөн да табасың. Бул токтобос процесс, сен өзүң ой токтотуп, пайдасыз, тескерисинче зыяндуу экенин сезип, аныктамайынча!

Эмне кылуу керек? Суроо жооп издейт! Токто! Стоп! Керек болсо,англисче бер команданы «STOP!» Кыргыз орусча айтмайынча түшүнбөйт, көрдүңбү! Бул жерде да негатив таптың. Жок, мен бул сөзгө ишенбейм! Издей берсең, таба берсең, ТАБА бересиң! Stop! Стоп! ТОКТО!

Эми… Эми ой жүгүрт! Ирге! Кереги барбы, «ЖОК», Пайдасы барбы, «ЖОК». Анда эмне жүрөт, акылыңды уулап! Убактыңды уурдап! Ойлондүңбу?! Эсиңе келдиң го э. Айиий, пауза деген да сонун сөз бар, бир жаман жери ал кнопканы басыш керек, акылың, чын эле болсо. А акыл бар! Кудайга шүгүр, бар. Болгону тормузду, тырыштыра ушу жерде тебиш керек.

Чындыгында менин айтарым бир эле сөз болчу. Т.а.бир сүйлөм. Ал жаман, бул жаманды токтот. Позитивде гана бол!

Түшүнүксүз болуп калган жокпу?! Жашоону оорлотпо дегим келет. Ар бир көргөн-билгенден, уккан-сезгенден, сен тушуккан абалдан, ситуациядан, мейли сага оорчулук кыйынчылык келди, макул бир аз оорудуң. Макул, макул, макул, толгон-токой буга чейинки проблема, башкадан!

Тек гана пайда изде, маани чыгар! Жашооңдон «+» гана чыгар. Карачы, математиканын пайдалуусун. Математика, эмне НАН болуп бермек беле, жемек белем дечү элем го. Көрсө! Ай яяя, бүгүн түшүндүм. Нан болбосо да, ошол нанды таттуу кылат тура э.Түшүндүм! Көрсө, бул жашоого жашаш үчүн келипмин, өлүш үчүн эмес. Адамча жашаш үчүн, урушуп эмес, капа болуп, бирөөгө таарынып, ыза болуп, кейип, өкүнүп эмес! Жашоо кыска, өмүр чектелүү! Бирок! Сенин кабыл алууң, чечим кабыл алууң эркин!

Мен эми жалаң позитивде жашайм! Жашоомдо жалаң + болот, жок! Плюстааарр гана! Сүйүнүп, ыраазы болуп, көңүлдүү, мамиледе жакшыны көрөм, жакындарым сонун адамдар. Күзгүдөн, эң сонун адамды гана көрөм эми. Ал чынында акылдуу! Чындыгында! Болгону өзүңдү алдаба, сооротпо! Реалдуулук чындыгында сонун! Баары сен өзүң кандай кабыл аласың, ошондон гана көз каранды.

Сени сонун аалам курчап турат!

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    1 Комментарий
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии
    Айкерим
    1 год назад

    Туура 👍👏

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    1
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x