Жамандыктын жана агрессиянын ортосунда. Маалымат согушунун шартында кантип сактануу керек?

Украинанын айланасындагы кырдаал маалыматтык согушка алып келди. Интернет колдонуучуларына көптөгөн маалыматтар келип жатат, алардын аныктыгын текшерүү кээде кыйынга турат.
Социалдык тармактардагы посттордун астындагы комментарийлер, мессенджер чаттары талаш-тартыштарга, өз ара ачууланууга жана агрессияга толгон. Кээде коом чектен чыгып кеткендей сезилет.
Клиникалык психолог Карен Петросян 24.kgге берген маегинде адамдар жана болуп жаткан окуялар жөнүндө айтып берди, ошондой эле катардагы Кыргызстандыктарга оор мезгилде басып өтүүгө жардам бере турган кеңештерди берди.Терс маалымат адамга кандай таасир этет? Ал биздин жан дүйнөбуздү кандай деңгээлде тынчсыздандырат?

Биз коркунучтуу нерсе болгонун билгенде, толугу менен нормалдуу жана кадимки реакция пайда болот – тынчсызданууну жаралат. Адамдар эмпатияны сезишет – кырсыкта же согуш зонасында өздөрүн алардын ордунда коюп, аларга боору ооруйт.

Дуйнөлук саясий жана социалдык кризис учурунда биздин дуйнөгө болгон көз караш өзгөрөт. Өтө көп тунгуюктар, коркуулар пайда болот. Мындан ары эмне болоорун, бизге, жашообузга, жакындарыбызга кандай таасир этээрин билбейбиз.

Белгисиз сезимдин ордун толтуруу, коркуу сезимин жеңүү үчүн, биз көбүнчө үрөй учураарлык мазмунга толгон маалыматтык талаага көбүрөөк чөмүлө баштайбыз, ошону менен кырдаалды башкаруунун жалган сезимин жаратабыз.

Бирок бул чындыгында тескери таасир береби? Терс маалымат согушу барган сайын тереңдеп барабы?

Интернеттен же болбосо сыналгыдан жаңылыктарды көрүп жатканда тынчсыздануу бир аз басаңдайт. Бирок алдыдагы узак мөөнөттө тескери натыйжасын тийгизет. Маалыматты ар убакытта издөө жана изилдөө абдан көп энергияны жана эмоцияны талап кылат. Адам ого бетер тынчсызданып, фактыларды ойлонуп, жасалма фейктерге ишене баштайт. Акыркы аспект өзгөчө актуалдуу болуп саналат, анткени биз кайдыгер болбогон мамлекеттердин касташуусу маалымат майданын ачты . Пропаганда, фейк, окуяларды бир жактуу чагылдыруу аракети – азыр ушулар менен баардыгы туура эмес иштерди жасап жатышат. Арасында абройлуу маалымат каражаттары да жок эмес.

Мындай психологиялык басым адамдын ден соолугуна кандай таасир этет?

«Биринчи кезекте тез чарчоо пайда болот. Моралдык гана эмес, физикалык жактан да. Биз мындан ары тынчтык учурунда да эс ала албайбыз. Моралдык жактан чарчоо пайда болот.

Уйкусуздук тынчсыздануу сезими, апатия, баш оору пайда болот.

Албетте, мунун артынан иммунитет түшүп, сасык тумоо , өнөкөт оорулар күчөйт. Стресс жалпысынан көптөгөн оорулар менен тыгыз байланышта.

Биринчи белгилери кандай болот? Мен же жакын адамым коркунучтуу чекке жеткенин кантип түшүнсө болот?

Эң көрүнүктүү белгилер кыжырдануу, толкундануу жана ачуулануу . Адам жакындары же кесиптештери менен уруша баштайт. Бийик үн менен сүйлөп же тескерисинче баарынан оолак болуп калат.

Дагы башка белгилери тез чарчоо, алсыздык пайда болушу мүмкүн.

Эгер сиз же жакын адамыңыз көп убактысын пайдасы жок, терс маалымат издөө менен алек болсо, бул белги коңгуроо болуп саналат. Албетте озүңүздөн бул белгилерди байкоо кыйын. Бул жерде сиз чөйрөңүздү угушуңуз керек.

Маалымат согуш учурунда кантип туура сактануу керек? Сиз кандай кенештерди бересиз?

Жаңылыктар сайттарынан же социалдык тармактарды кыдырып жүрүп, тынчысызданып жатканыңызды байкасаныз, бир аз токтоп туруңуз. Өзүңүзгө суроо бериңиз, азыркы кырдаалга сиз таасир эте аласызбы? Сизден эмне көз каранды.Сиз абдан тынчсызданган досторуңузду колдосоңуз болот, өз көз карашыңызды билдире аласыз .

  • Сиз окуя болуп жаткан жерди сыйкырдуу таякча менен токтото аласызбы? Албетте, жок.
  • Сиз озүңүз үчүн ишенимдүү маалымат булактарын таап алыңыз. Социалдык тармактардагы жөнөкөй колдонуучулардын комментарийлерине жана билдирүүлөрүнө ишенбеңиз, анткени алардын авторлору жаңылыктар булагы эмес, алар айткан сөздөрү үчүн жооп беришпейт.
  • Социалдык тармактардан жана жаңылыктарды көрүүдө убактыңызды чектеңиз. Жагымсыз ойлор уйкуга тоскоол болбошу үчүн,белгилүү бир убакытты чектеп коюнуз, эң жакшысы кундун биринчи жарымы. Уйкунун жетишсиздигинен чарчоо кырдаалды начарлатат.
  • Тынчсызданууну пайда кылган керексиз маалыматтардан арылыңыз. Социалдык тармактарда сиздин каналыңызды ушул сыяктуу жаңылыктар менен толтурган адамдардын постторун убактылуу өчүрүнүз. Telegramдагы терс каналдарга жазылууну токтотуңуз.

Эсиңизде болсун: ырайымсыздык жана зордук-зомбулук ар дайым эле болуп келген, болгону азыр бизде эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалымат көп. Үзгүлтүксүз терс таасирлерге аралашпастан, өзүңүз үчүн мотивацияны жана баалуулуктарды табуу маанилүү, ал үчүн жашоону улантуу жана бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү керек.

Маалымат талаасынан тышкары боло албагандар стресстен кантип арылууга болот? Мисалы, журналисттер?

Өз кесибинин аркасында дайыма маалымат чөйрөсүндө болууга милдеттүү болгондор үчүн эс алууну жана эмоцияларды башкарууну үйрөнүү маанилүү. Бул медитация, дем алуу практикасы, жөн гана физикалык көнүгүү болушу мүмкүн. Күндүзгү жаңылыктардан таптакыр ажырай турган кичинекей убакытты өзүңүзгө чектеп коюнуз. Мурда убактыңыз болбой жүргөн нерселерди кылыңыз. Мисалга кечинде чуркоо, үй-бүлөо же достор менен сейилдөө болушу мүмкүн. Китеп окуу же кандайдыр бир хобби. Эң башкысы – алкоголдук ичимдиктер менен стресстен арылууга аракет кылбаныз. Бул кыска мөөнөткө гана, ал келечекте терс таасирин тийгизет.

Социалдык тармактардын ата мекендик сегментинде Украинанын тегерегинде болуп жаткан окуялар катуу талкууга алынууда. Кечээ эле дос болгондор бугун бири-бирин урушуп жатканын көп көрүүгө болот… Бул да терс көрүнүшпү?

Биз социалдык адам экенибизди жана вакуумда жашай албастыгыбызды түшүнүү керек. Бизди курчап турган дүйнө менен тыгыз байланышта болуп, ар бирибиз “мен-концепция” — өзүбүздүн ким экенибиз жөнүндө өз түшүнүгүбүздү түзөбүз. Ошондой эле биз үчүн “биз” деген шарттуу түшүнүк бар —алардын ишеними биздикине окшош адамдар жана “алар” — биздин ишенимибизде чоочун адамдар.

Биздин топтун позициясы менен макул эместер биз менен автоматтык түрдө макул болбой калат. Биздин топко кол салгандар биздин түшүнүгүбүздө жеке бизге кол салышат.

Ошентип, Украинанын айланасындагы болуп жаткан кырдаалга сиздин пикириңиз менен макул эместик мүмкүн болушунча жеке кабыл алынышы мүмкүн — жекече кемсинтүү, ыңгайсыздык жана ал тургай агрессия.

Ага каршы аргументтер өтө эле ачык болсо дагы адамдар өз позициясынан кайтышпайт, биз өзүбүздү ыңгайлуу сезиш үчүн ишенимди туруктуу карманышыбыз керек. Бул өзүн-өзү балоо сезими тууралуу да маселе болуп саналат.

Бирок эл алдында жаңжалдашуудан, социалдык тармактарда бирөөнү “ачык банга” жөнөтүүдөн жана досторуңуздун тизмесин “тазалоодон” мурун, ойлонуп көрүңүз, ал ошого татыктуубу? Балким, сизди ошол адамдар менен бириктирип жаткан, саясат эмес башка нерседир…? Балким, сиз менен талашып-тартышып жаткан адам, жеке пикирге эмес, жалпы эмоцияларга таянып жатат. Дүйнөдөгү ар кандай чыр-чатактар эртеби-кечпи чечилет . Эртең бири-бириңиздин көзүңүзгө кандай караарыңызды ойлонуп көрүңүз.

Ушундай оор мезгилде кыргызстандыктарга психолог катары кандай кенештерди бересиз?

Жашоо азыркы учурда гана болуп жаткандыгын унутпаңыз. Жана бул учурду ар дайым эртеңки тынчсыздануу менен бузуунун кажети жок. Бейкапарсыз акыл эс менен ойлон.

Тынчсыздануу жашоону кыйла төмөндөтөт: көп күч-кубатты алат, уйкуну начарлатат, күнүмдүк иштерге көңүл бура албай,уйдөгүлөргө ачууланууга алып келет.

Эмоционалдык жактан чарчаган учурларда, айланаңыздагы адамдардан жардам сураңыз жана аларга өзүңүз жардам бериңиз. Сезимдериңиз тууралуу жөнөкөй сүйлөшүү абалыңызды жеңилдетет. Эгер өзүнүзгө өз алдынча жардам берүүгө мумкун болбосо , анда эксперттерден жардам сураганыныз оң.

Эксперттердин оюу боюнча эң негизгиси, башкаларга кам көрүү менен өзүнө кам көрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту сактоо деп эсептешет.

Сиз айланаңызды каптип жакшы жакка өзгөртө аласыз ошону ойлонуңуз? Сизге эмнелерди кылууга убакыт аз болуп жатат? Сүйүктүү хоббиниз, китеп окуу, балдар менен сейил бакта сейилдөө, үйдү тазалоо.

Мен жогоруда сезим менен тынчсыздануунун ортосундагы байланышты айткам. Ошентип, бизге тез натыйжасын көрсөтүп жаткан жөнөкөй иш-аракеттер, так эле өз жашоосун көзөмөлдөө сезимин кошот. Көбүнчө маалыматтык согуштарга алаксып, жогоруда айтылган күнүмдүк майда маселелер чындыгында бизде бар экендигин жана биз аларга таасир эте аларыбызды унутушубуз мүмкүн.

Эсиңизде болсун: Еврокомиссиянын чукул жыйыны дүйнөлүк күн тартиби менен таанышууга үлгүрбөй калганыңыздан улам кийинкиге калтырылбайт. Бирок сиздин сүйүктүү адамыңыз, албетте, сиз телефондон алыс болуп, дүйнөлүк кутум теориялары жөнүндө эмес, жөнөкөй жана үй-бүлөлүк нерсе жөнүндө сүйлөшүп чогуу убакыт өткөрүүнү чечкениңизде абдан кубанмак.

  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.

    Контентчи

    © 2022 Контентчи