Тил үйрөнүүнү кантип жеңилдетүү керек.

language

 

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Бул статьяда сөз, тил үйрөнүүнү кантип бат өздөштүрүүгө болору жөнүндө болмокчу. 

Сөз башынан болсун. 

Биринчи кеңеш. Алгач эмоционалдык абалды жөнгө салуу зарыл. 

Эгер сизде: «Чет тилди үйрөнүү мага кыйын», же «Мен чет тилинде сүйлөп жатып, өтө көп ката кетирем», же болбосо «Чет тилинде кыйынчылыксыз эркин сүйлөп кетүү мүмкүн эмес», — деген сыяктуу тескери ойлор күч алып жаткан болсо, анда коё туруңуз. Баары сиз ойлогондой кыйын эмес, сиз болгону тил үйрөнүүдө, эмоционалдык убактылуу кыйналуу тартып жатасыз.  

Ооба, эмоция өтө маанилүү ролду ойнойт, негативдүү эмоциялар сиздин тил үйрөнө албай жатканыңызга да өз кедергисин тийгизип жатышы толук мүмкүн.   

Бул проблемаларды чечүүнүн үч жолу, кийинкилер: 

1. Негативдик эмоциялардын бар экенин моюнга алыңыз. 

2. Ал негативдик эмоцияларга негиз болуп жаткан нерселерден арылыңыз. 

3. Позитивдик эмоцияларга жол ачыңыз. 

Бул метод өтө жөнөкөй. Бирок сиз ийгилик жаратуу үчүн өзүңүздүн ой жүгүртүүңүздү өзгөртүңүз. Буга чейин мектептен, ж.б. жерлерден алган кеп-кеңештерден арылыңыз. Жөнөкөй эреже бул, эгер сиз өз чөйчөгүңүздү толтурууну кааласаңыз, анда ошол чөйчөктү алгач бошотуп алыңыз. 

Экинчи кеңеш. Алымдуу практиканы колдонуңуз. 

Тил үйрөнүү үчүн биз шыр эле курска барабыз. Бул жакшы жөрөлгө. Башында баарыбыз курска жазылып, тил үйрөнүүнүн базалык бөлүктөрүн алабыз. Грамматиканын негиздерин жана сөздөрдү туура айтууну үйрөнөбүз. 

Бирок, биздин билим берүү система, баягы калыбынан жазбай, көп жылдар бою грамматиканы үйрөнүүгө жана сөздөрдү жаттатуу менен алек болуп келет. Бирок бул пайдасыз! Жылдар бою грамматиканы окуп, бирок эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албай келебиз.    

Тил үйрөнүүгө болгон жөндөмдүүлүктөрүн эске алып, авторитеттүү окутуучулардын жардамы менен кийинки эрежелерди сунуштайбыз: 

  • №1 – эреже.  Өзүңүздүн сүйлөшүп кете ала турган деңгээлге жетишүү үчүн, ошол тил, эне тили болгон адамдардын, өзүңүзгө жаккан темалардагы материалдарын угуңуз.  
  • № 2 – эреже. Бир эле материалды бир нече жолу кайталап уга бериңиз. 
  • № 3 – эреже. Контекстти түшүнүүгө аракет жасаңыз. 
  • № 4 – эреже. Аз-аздан, бирок үзгүлтүксүз, күнүгө окуңуз. 
  • № 5 – эреже. Бош убактыңыздын баарын тил үйрөнүүгө пайдаланыңыз.  

Үчүнчү кеңеш. Өз убактыңызды туура бөлүштүрүңүз. 

Өз убактысын туура уюштура билүү, эң маанилүү. Бирок көпчүлүктүн колунан келе бербегени көрүнүп эле турат. Сиз ар дайым өзүңүзгө сөз бересиз. «Мен күнүгө бир аз тил үйрөнүшүм керек» дейбиз, бирок убакыт бөлбөйбүз же «Мен англис тилинде бир аз китеп окушум керек» дейбиз, бирок иш жүзүндө колубузга китеп албайбыз. Убактыбызга саресеп салып, туура бөлүштүрө албай, аягында капаланабыз. (Стресске кабылуунун бир себебин аныктай алдыңызбы…) 

Өз убактыңызды жоопкерчилик менен уштурууңуз үчүн, проблеманы чечүүнүн кийинки эки жолун бөлүп, белгиледик: 

1) Тил үйрөнүү үчүн кээ бирлер өтө татаал программаны тандап алышат; 

2) Көп убакыт тил үйрөнүүгө коротушат, бирок күнүгө машыгуу керектигин эске алышпайт. 

Демек, үйрөнүп жаткан тилиңизди бат өздөштүрүү үчүн, сизге: 

  • Эмоционалдык проблемалардан арылуу зарыл; 
  • Тил үйрөнүүнүн өзүңүзгө ылайык, практикалык пайдалуу жолун тандаңыз; 
  • Тил үйрөнүүгө кетчү убакытты туура тандап, өз убактыңызды жоопкерчилик менен туура уюштуруңуз. 

Эгер тил үйрөнүүдө ушул кеңештерди туура пайдалануу менен өз убактыңызды туура пайдалансаңыз, ийгиликке жетүүңүз өзүңүз каалагандай жеңил болот.  

Кайсыл тилди тандабаңыз, ошол тилди бат өздөштүрүп, сүйлөп кетүүңүзгө тилектешпиз!  

Сизге ийгиликтерди каалайм! 

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x