Ысык-Көл кыргыз эли үчүн Ыйык жер, Ысык көл кыргыз жеринин бермети. Илгерки карталарда жана жазмаларда Ысык-Көл – Туз-Көл, Темур (Тумар)-Көл, Темурту-Нор, Тунук-Көл , Искөл деген аталыштар менен учурайт. Биздин ата-бабалар Ысык-Көлдү касиеттүү дешип түшүшпөгөн жада калса балыгын кармабаган. Бул туурасында саякатчы жана зыяратчы Сюань Цзандын 646-жылы түзүлгөн Да Тан Сиюй Цзи эмгегинде төмөндөгүдөй баяндалат:
“Тоо таянып 400 ли жүргөн соң, биз чоң Тунук көлгө келдик. Ал 1000 лиден ашык жерди ээлейт; көл чыгыштан батышка карай кеңейип, түштүктөн түндүккө карай кууш тартып кетет. Аны туш тарабынан тоолор курчап турат жана ага көптөгөн суулар куят. Суунун түсү көгүлтүр, даамы абдан шор. Ал тынымсыз толкуп, зор толкундар [жээкке] урунуп турат. Көлдө ажыдаарлар менен балыктар аралаш жашайт. Өтүп бараткан жолоочулар бакыт тилеп сыйынып жатканда, [кээде] арбактар же албарстылар көл бетине чыгышат. [Ошондуктан (?)] көл балыкка бай болсо да, эч ким мында балыкчылык кылбайт.”
Худуд ал-алам (982-жыл) эмгегинде берилиши:
Онунчу көл — карлуктардын [аймагындагы] Туз-Көл. Анын
узундугу — он фарсанг, туурасы — сегиз фарсанг. Анда туз бар жана ал жети
карлук (халлух) уруусу үчүн [жетиштүү]. Он биринчиси — чигилдер менен тогузгуздардын
ортосундагы Ысык-Көл. Анын узундугу — 30 фарсанг, туурасы — 20 фарсанг,
Барскан шаары ушул көлдүн жээгинде
Жахан-наме эмгегинде (XII кылым):
Искөл көлү Барсхандын жанында, Түркестандын чегинде. Андан
суу агып чыкпайт, ошондуктан аны Искөл дешет. Андагы суу жылуу сыяктуу,
анын башка жагдайлары тууралуу эч нерсе уга элекмин. Муну бир Алла таала өзү
билет.
Сиюй Чжи (Батыш аймактар баяны) эмгегинде (1763-1770 жж):
Кочкордон түндүк-чыгышты карай дагы үч күн жол жүрүп, Илиге караштуу болгон Темурту-нор (Ысык-Көл) жергесине келишет. (Көл) көз жеткис зор, көйкөлүп тынч; жер жана деңиз… Или чөлкөмүндөгү жана башка жерлердеги бүт өзөн-суулар көлгө куюлушат. Айланып чыгам деген адам бир айга жакын жол жүрүшү керек. Темир чыгарышат; балыгы көп. Көл атырабы жээк бойлой эң сонун жайыттар. Кочкор менен Темуртунор – Илиге ирегелеш жерлер.
Или-обол мурун ойроттордун конуш журту болгон; азыр түндүк Синьпи (сөзмөсөз-жаңы капка: Синьцзян) аймагына карайт.
Темурту-нордон чыгышты карай дагы 10 күндөн ашуун жол арытсаң, Илиге жетесиң.
Илгерки карталарда Ысык-Көл.
- 1804-жылдагы карта, бул картада Ысык-Көл Туз-көл деп берилген.
2. 1818-жылдагы карта:
Туз-Көл деп түшүрүлүп, Тоң, Түп суулары көрсөтүлгөн.
3.1822-жылдагы карта:
Туз-көл деп түшүүрүлгөн.
4.1832-жылдагы карта:
Картада (терикеп) Түп, Жыргалаң, Кочкор суулары да белгиленген. Ысык-Көл, Туз-Көл, Тэмурту -ноор деп үч аталышы бирдей жазылган.
5.1839-жылдпгы карталар:
Эки картада тең кыргыздар Бурут деген аты менен түшүрүлгөн.
6. 1846-жылдагы карта:
7. 1850-жылдагы карта:
8. 1871-жылдагы карта:
Ысык-Көл кыргыз жергесинин ажайып бермети, тумары, Ысык-Көл кыргыз элине-жерине Теңирдин берген белеги. Ысык-Көл Айкөл Манастын сугу түшкөн касиеттүү, аяндуу көл, ошондуктан нарктуу ата-бабаларыбыз Көлгө түшпөй ыйык тутуп келишкен. Соңку учурларда көлүбүздүн тазалыгы жана экологиясына байланыштуу маселелер байма-бай айтылып келүүдө, өзгөчө жайкы туристик, эс алуу маалында көлүбүздүн тазалыгына кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз. Биздин көлүбүз өзүнөн суу агып чыкпагандыгы менен айырмаланган уникалдуу көл, эгер биз көлдүн тазалыгына, экологиясына, биоартүрдүүлүгүнө, экосистемасына чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып сактабасак, көлүбүздү экологиялык катастрофага кептеп коюшубуз турган иш.
Ысык-Көлдүн кереметтин, сулуулугун, касиетин, көркүн айтып түгөтө албайбыз, андыктан Калыгул олуя айткандай – Ысык-Көл -бейиштин бир эшиги – деген мааниси терең, таамай айтылган сыпаттама менен сөзүбүздү жыйынтыктайбыз.
Анарбек уулу Атай.
7.17.2023