Кээде адамдар сенин ичиңде “өлүшү” керек (экен). Ошого, түйшүгүм жеңилдесин деп, мен үчүн “өлө тургандардын” азасын алдын ала күтүп жүрөм. Жанымдан сууруп чыгара турчу болсом деле…
Аза күтүү
Мен үчүн “өлө тургандардын” азасын күтүп жүрөм. Кандай тантырак сөз. Баарыбыз биринчи жолу бул өмүрдү жашап, “тажрыйбалап” жаткандан кийин, өзүмдүн бул сөзүмө чочуган деле жокмун. Тирүү жандын табияттан коддолгон инстинкти ушул эмеспи – тирүү калуу… “Тирүү калыш” үчүн кээде, канчалык кыя албай турсаң да, кээ бир адамдарды жашооңдон чийип салуу туурараак болобу дейм. Муну ыңгайлуу зонадан чыгуу же кенедей жабышкан жаман адаттан арылуу менен салыштырууга болот. Жаныңдан сууруп чыгара турчу болсоң да, жүрөгүң өйкөп, канап турса деле. Кийинкини алдын ала боолголоп, акыл менен иш кылып. Кечиге турчу болсоң запкысы мындан да оор болорун билип… Кээде адамдар сенин ичиңде “өлүшү” керек (экен). Ошого, түйшүгүм жеңилдесин деп, мен үчүн “өлө тургандардын” азасын алдын ала күтүп жүрөм. Жанымдан сууруп чыгара турчу болсом деле…
Карыз
“Бүгүн таңда өлгүм келет” деп жазып коюптур бир баракка. Таң эрте жумуш убактысынан мурда үйдөн аттанып чыгып баратканын көрүп анчейин түшүнө албай жүргөм. Бир канча күн ошентип жүрдү. Жөө баскысы келет имиш. Күндү тосуп, жаздын жайдары шамалына кучак ачкысы келет окшойт. Түшүнөн чочуп ойгонот. Күн алыс ушул. Кимдир бирөөлөр менен сүйлөшөт, апасы менен кобурашат, чоң энесин чакырат. Качан жиниккен немедей чачырап ойгонуп кетер экен деп мен карап отурам. Дагы кимдерди түшүндө көрүп жатты болду экен деп кызыгам. Апасынын өлүмүн кабылдай албай жүрөт.
“Апам ушул ырды жакшы көрүп укчу эле”, – деп бир күнү бир ырды угузду. Кир-коктусун колдо жууп атып, ызалуу ыйдын үнүндөй бирдеме угулду. Ыйлап атты. Жанымда бирөө ыйлаганда эмне кылар айламды таппай катып туруп калган адатым бар. Кулпуланып калгандай болом. Кадамым тушалып, тилим буралып калат. Коңшулаш бөлмөдө кыштын боюн узартып эмне кыларымды билбей катып турам. Ал жуунучу бөлмөдө. Жана экөөбүз казанга аскан тамагыбыз бышып калыптыр. Апасы жакшы көргөн ыр кайталанганда бизге угулбасын деп бөлмөнүн эшигин тартып жаап, ашканага чыгып кеттим.
Ызасы чыга албай жатты окшойт, кармана албай жуунучу бөлмөдө сууну шар агызып турат, “карманбай эле койсун” дейм ичимден. “Мен мындамын, эгер ушул сага жетиштүү болсо желкем да мында, досум, мага жөлөн” дегим келет. Тилим барбайт. Акыры сооронду, экөөбүз тең эч нерсе болбогондой, эчтемеден кабарыбыз жок немелердей тириликке урундук. Ыңгайы келгенде кучактап, далысынан таптадым. “Кучактаганың үчүн рахмат”, – деди. А чынында, кечиккен кучактоолордун мааниси жок эмес беле. Өзүмдү карыздар сезип калдым. Бир кучак карызым бар сага, досум. “Мына желкем, эгер ушул сага керек болсо, мына, бугуңду чыгарып ал” деген сөзгө карыздармын, досум.
Асирет
“Адам өзүнүн эң бактылуу учурларды баштан кечирип жатканын учурунда өзү байкабай калат”, – деген сөздү бир жерден окудум эле. Муну адамдын бактысыздыгы деп атап койсок болобу? Же калп эле көбүртүп-жабыртып жатамынбы? Канткен күндө деле адам өзүнүн эң бактылуу күндөрүн баштан өткөрүп жатып, эң бактылуу күндөрү экенин сезбей калганы аны туталантат чыгар…
Тыптыйпыл болуунун каалгасында турам
Ишенимдерим тыптыйпыл болуунун каалгасында турат. Күтүлбөгөн учурда эмес, албетте, тепкич-тепкич жайчылык менен кулап баратканын сезип жүрөм. Адамдын ишенимдери куласа жашоодогу максаттары да бир тыйынчалык болбойт калат тура. Деңиздеги жалгыз кайык багытын издегенсип, жашоонун маанисин издеп калат экен. Калакка тутунгансып, бир ишенимге жан арачалап калышы керек экен. Ошол калактарымды колдон жулдуруп алуудан чочулап, жээк издеп жүрөм. “Эмне балекети болсо болуп кетсин” деп көзүмдү жумуп катып салган түпөйүл сурамжылоолорум шкафка иретсиз салынган буюмдардай сороюп, батпай урап түшүп баратат.
Кызыл атыргүл
Бир даана атыргүлүм китептин арасына киргенче болбой эле соолуп, кургап, а түгүл куудурап калды. Анткени, ал жөнүндө унутуп калыптырмын. Унутпасам деле, мынчалык куудурап кетерине акыл-туюмум жетпей калган чыгар. Мынчалык чубаалжытып узатпай койсом болмок, бирок чынын айтсам, жөн гана капарга албай жалкоолонуп койгондурмун. Ал менин биринчи жолу белекке алган атыргүлүм эле. Зор бекен? Болгондо да он төртүндө. Болгондо да февралдын! Мен эч кимге эч нерсе албасам деле, кечки тамакка деген планыбызга бир даана кызыл атыргүл менен келгени кызык экен. Мага мындан кийин ким бир даана кызыл атыргүл белекке бермек эле? Деги эле мага мындан кийин кимдир-бирөөнүн бир даана кызыл атыргүл бергени кызык иш болмок.
Жол, үшүү…
Стамбулга баратам. Автобустун отургучуна башымды жөлөп, терезени карап. Уктап кеткен экенмин. Бир маалда бирөө колуман түрткүлөп ойготту, полиция кызматкери экен. Паспортумду сурап жатыптыр.
Жамгыр жаап жаткан, көпкө күтүп калдык окшойт. Жолоочулардан бирөө ошол жерде калып калды, тагыраагы, полиция алып калыптыр. Баятан бери кечки Намаздын сааты канчада экенин телефонунан үнүн чыгарып сурап жаткан киши: “Ооба, күмөндүү киши эле, эң арт жакка өтүп отурбады беле, күмөндүү эмей…” – деди. Автобус жүрүп кетти. Карасам, көкүрөгүмө минген жүк кымындай жеңилдебептир. Жол бою жамгыр карга айланып кетти. Үшүп-тоңуп жолдо баратам.