Тоо булбулу Токтогул Сатылгановдун киндик каны тамган Кетмен-Төбө өрөөнүнө саякат.

“Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны “- деген кыргыз элимде макал бар эмеспи . Бул деген мүмкүнчүлүк барда көп жерлерди көрүп , эли , маданияты менен өз жеринен таанышуу деп түшүнөм. Улгайып калган адамдардан бул жашоодо эмнеге өкүнөсүз десе көпчүлүгү “Саякат кылып , жер көрбөгөнүмө !”- деп жооп беришет экен. Кичинемден ата-энем жетелеп ,ээрчитип ар жактарга алып барып жүрүшкөн үчүнбү айтор саякаттап ,жер таануу мен үчүн эң жагымдуу нерсе десем жаңылбайм. “Ак төөнүн карды жарылган ” -берекелүү күз айынын экинчи чейрегинде Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан чөлкөмгө аттандык. Биз бара турчу айыл Кызыл-Ураан Токтогул шаарынан 50 чакырым алыста жайгашкандыктан ошол жакка чейин баруучу таксиге олтуруу керек болчу . Бул жерге Кызыл-Ураан ,Өзгөрүш айылдарына бара турган таксилер барат экен. Биз Токтогулга биринчи жолу кетип жаткандыгыбызды билгени үчүнбү балким, таксист байке бизден 500 сомго барчу жерден 600 сом алгандыгын кийин барган соң жергиликтүүлөрдөн билип, күлүп калдык.Бул 3 күндүк сапарыбызда Кызыл-Ураан айылындагы эки мектепте жана Телман айылындагы мектепте болдук. Мектепте болуп гана тим болбостон ал жакта жашоо мүмкүнчүлүгү да буйруптур . Бул жерде “Ойлор материалдуу” деген сөзгө дагы бир жолу толук ынандым, анткени кичинемде мектепте жатып калса кандай болот экен деп ойлоно берчүмүн .Чуркап жарышып ойноп жүргөн башталгыч класстын окуучуларын көрүп өзүмдүн кечээ эле өтүп кеткен мектеп курагымды көз алдымда элестеттим. Эсептеп келсем менин мектеп босогосун аттаганыма 14 жыл болуптур, көз ирмемдей гана убакыттын ичинде билинбей көп эле жыл өтүптүр.14 жыл мурда мектеп менен таанышсам бул жолкусунда окутуучу болуп ,дагы бир жолу билим уясына бардым.Тоолу аймакта жайгашкандыгына карабай заманбап компьютердик класс , жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган мектептерде, балдардын замандын талабы болуп жаткан илимдерди алып жатышкандыктарын , элинин меймандостугун көрүп , жана ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүшүнө бир аз да болсо салым кошконубузга сүйүнүп , мугалимдер , окуучулар кыска убакытта тапкан достор менен коштошуп борборго сапар тарттык…

09.10.2019 Токтогул

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x