Илгертеден кыргыз табыптары ооруну аныктоодо тамыр кармоо ыкмасын колдонушкан. Тамыр кармап ооруну аныктап адмдын ысык-суук же чарбысын экенин, мүнөзүн аныктай алган жана ошону менен бирге бейтаптын мүнөзүнө ылайык келеген даарылоо ыкмасын колдонгон чыгаан кыл тамырчы табыптар болгон.
Тамыр кармап ооруну аныктоо ыкмасынын тамыры тереңде. Тамырчылыктын өзөгү барып барып Индо-Тибет-Кытай медицинасына барып такалат. Айрыкча кытай, тибет дарыгерлери өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги кыл тамырчылыгы менен айырмаланышкан. Алар тамырчылыктын сырларын тереңдеп өздөштүрүшүп тамыр кармоонун маалы, тамыр кагышынын түрлөрү, ар түрдүү оорулардын тамыр кагыш өзгөчөлүктөрү ж.б.у.с тармактарга бөлүп кароо менен тамырчылыктын көөнөргүс системасын түзүп чыгышкан.
Тибет медицинасында тамыр кармап диагнос коюуда төмөнкү талаптарга көңүл бурулат:
1. Бейтаптын жана табыптын даядыгы
2. Тамыр кармоо убактысы
3. Тубаса тамыр кагыш
4. «Ысык», «Суук» мүнөздөрүнүн тамыр кагыш өзгөчөлүктөрү.
1. Бейтаптын жана табыптын даярдыгы
Тамыр кармоо аркылуу текшерилүүдөн мурда эт азыктарын, күчтүү тамак-аш, спирт ичимдиктерин ичүүгө тыю салынат. Ошондой эле суукка, ысыкка чыкпоо, оор жумуш кылбоо сунуш кылынат. Бул талаптардын баардыгы адамдын тубаса тамыр кагышын аныктоо үчүн эң зарыл болуп саналат. Шашылыш жана зарыл учурларда эч болбоду дегенде адамдын дем алуусу жана тамыр кагышы бир калыпка келген соң тамыр кармап оору аныкталат. Тамырчы дагы ооруну туура так аныкташы үчүн билими жетиштүү, тажрыйбасы мол болуусу шарт.
2. Тамыр кармоо убактысы.
Тибет дарыгерлери тамыр кармоо үчүн эң ыңгайлуу убакыт деп эртең менен күн чыгып келе жаткан маалды эсептешкен. Себеби бул учурда адамдын ички ысыгы сыртка чыга элек, кан айлануусу, дем алуусу бир калыпта болуп, адам тура элек, оозуна наар ала элек маал болгондуктан адамдын баардык абалы тең самактуулукта болот.
Тамыр кармаганда билектеги тамыр сөөмөй, ортон, аты жок манжаларынын учу менен басылып текшерилет. Тамыр кармаганда аты жок сөөккө жете, ортон этке чейин, сөөмөй тери үстүн басып тургудай басым жасоо керек.
Эркек кишинин тамыры алгач сол колунан текшерилет аялдардыкы оң колунан кармалат. Оң колдун тамырын кармаганда сөөмөй менен өпкөнүн, жоон ичегинин тамыр кагышын, ортон менен боор жана өттүн, аты жок менен оң бөйрөк менен табарсыктын тамыр кагышынын абалын билет. Сол колдун тамырын кармап сөөмөй менен жүрөктүн жана ичке ичегинин, ортон менен ашказан жана көк боордун, аты жок менен сол бөйрөктүн абалы аныкталат. Аялдарда жүрөк менен ичке ичегинин тамыр кагышы оң колунан ал эми өпкө менен жоон ичегинин тамыр кагышы сол колунан аныкталат.
3. Тубаса тамыр кагыш
Дени таза адамдарда негизги аялга жана эркекке мүнөздүү ошондой эле нейтралдуу тамыр кагуусу кездешет. Тамырдын кагышынын бул үч түрү – тубаса тамыр кагыштар деп аталат. Эркектердин тамыр кагышы – жоон жана салмактуу болсо аялдардыкы – ичке жана бат-баттан согот. Нейтралдуу тамыр кагыш – бир калыпта, жай жана жумшак согот. Тубаса тамыр кагыш дегенде эле сөзсүз аялдарда аялдарга мүнөздүү ал эми эркектерде эркектерге мүнөздүү тубаса тамыр кагыш болуусу шарт дегенди билдирбейт. Себеп дегенде тажрыйбада тубаса тамыр кагышы эркектердикиндей аялдар же тубаса тамыр кагышы аялдардыкындай эркектер болот. Бул көрүнүш кайрылып келип эле адамдын ысыкчан же суукчан экендиги же адамдагы өт, зил, жел сыяктуу башкы мүзөстөрдүн өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт. Эгерде тамырчы адамдын тубаса тамыр кагышын аныктай албаса ал оорунун диагносун дагы аныктай албайт.
4. «Ысык», «Суук», мүнөздөрүнүн тамыр кагыш өзгөчөлүктөрү.
Тамырдын согуусунун өзгөчөлүктөрү | |
Ысык: | Суук: |
-күчтүү,-үстүртөн жана жоон-бат-бат, үзгүлтүксүз-чыңалыңкы, жигердүү-түйүндүү-толук жана катуу | -алсыз-тереңден, үзүлүңкү-тегиз жана басыңкы-жай жана созулуңку-бош жана жумшак |
Адам организми өзүнчө татаал система болгондугу менен бир катар табийгат менен дагы тыгыз байланышта. Жыл ичиндеги мезгил алмашуулар дагы адамдын организмине таасир этип, адамдын тамыр согуусу дагы жыл мезгилине жараша өзгөчөлүктөргө ээ болот.
· Жаз мезгилинде бүт айланада көктөө, өсүп-өнүү башталгандыктан жаз айларында боордун тамыр согушу күчүнө киргендиктен бул учурда тамырдын согуусу ичке, бат-баттан жана жигердүү болот. Жаз айына мүнөздүү тамырдын согуусун табыптар «торгойдун сайрашындай» деп сыпатташкан
· Жай мезгилинде жүрөктүн тамыр согуусу күчүнө киргендиктен бул учурда тамырдын согуусу толук жана созулуңку келет. Жай айына мүнөздүү тамырддын кагышын табыптар «күкүктүн сайрашындай» деп сыпатташкан
· Күз мезгилинде өпкөнүн тамыр согуусу күчүнө киргендиктен бул учурда тамырдын согуусу кыска жана туруктуу болот. Күз мезгилине таандык тамыр кагышын табыптар «бөдөнөнүн сайрашындай» дешип бөдөнөнүн сайрашына салыштырышкан.
· Кыш мезгилинде бөйрөктүн тамыр согуусу күчүнө киргендиктен кыш айларында тамырдын кагуусу жумшак ,тегиз жана созулуңку болот. Кыш мезгилине таандык тамыр кагышын табыптар «кытандын кыйкуулаганындай» деп сыпатташкан. Бул салыштыруулар табийгат менен адамдын тыгыз байланышын, адам табиятка көз каранды экенин далилдесе, экинчи тарабынан табыптар тамыр кагуу ритмин канаттуулардын сайрашына салыштыруу менен кайсы мезгилге таандык тамыр кагыш экенин жаземдебей аныкташкан.
Анарбек уулу Атай.