КЫРГЫЗ ДҮЙНӨ ТААНЫМЫ

Кудайга ишенүү үчүн дин тутуу шарт эмес, Кудайга динсиз ишен!

Осмон түрктөрүнөн чыккан тарыхчы Сейф ибн Мухаммед ал-Хереви 1582-жылы жазган эмгегинде кыргыздар жөнүндө минтип жазат:

«Кыргыздар «моңголдорго тектеш; алардын ханы жок, бектери гана бар, аларды кашка деп аташат. Алар каапыр да, мусулман да эмес; өткөөлдөрү бар бийик тоолордо жашашат. Эгерде кандайдыр бир падыша аларга каршы аскер жиберсе, алар үй-бүлөлөрүн тоолордун түпкүрүнө жөнөтүшөт, а өздөрү болсо эч ким өтпөсүн үчүн айтылган өткөөлдөрдү тосушат. Жай таш (камень яда) менен аракеттенишип, аларды көздөй келе жаткан аскерге кар жаадырышат жана ушунчалык суук түшүргөндүктөн, аскерлер колун да, бутун да кыймылдата албай калышат. Андан кийин чабуул коюшат жана душмандарын талкалашат» [1]


Жогорудагы тарыхый жазма булактагы «Кыргыздар каапыр да эмес, мусулман да эмес» деген мүнөздөмөгө токтоло турган болсок Кыргыздар алмустактан бери эле Жалгыз Жаратуучу Кудайдын бар экенине түздөн-түз ишенишкен, ошол себептен тарыхчы Кыргыздарды «алар каапыр да эмес, мусулман да эмес» деп жазган.

Кыргыздардын Жараткан Эгесин таануудагы бирден бир куралы бул курчап турган табийгат болгон. Кыргыз Дүйнө таанымы Табият менен ширелишкендиктен Жараткан Эгесин табият аркылуу тикелей тааныган. Себеби жаратылыштагы кубулуштар, табийгаттын миң сырдуулугунун сыр түйүнү барып -барып Жаратканга такалган. Ошондуктан Кыргыз эли Табийгат менен эриш-аркак жашоонун, Табияттын тартибин Сактоонун устаты болгон, Табияттын тартиби Жараткандын мыйзамына баш ийген. Ушундан улам Кыргыздарда «Убал» түшүнүгү келип чыгып Жаратылышка зыян келтирбей, жалпы жандуунун убалына калбай, көчүп-консо «Келген жериңден кеткен жериң таза болсун» деген Көчмөн наркы калыптанган! Табияттагы баардык кубулуштарды Кудайдын кудурети деп баалашкан. Мисалга  ак жайдын күнү чайыттай күн ачык туруп эле бир заматта нөшөрлөп өткүн өтүп, добул болуп кайра бир заматта мемиреп күн ачылып калган учурларда да «Кудайдын кудуретти, жайдын күнү жаш баладай деген ушу» – деп Кудайдын кудуреттиене таазим кылышкан. Кыргыздар тилек тиленсе дагы  – «Оо Кудай берекеңди жерге бер , жер үстүндө Элге бер, Эл ичинде бизге бер» – деп эң алгач берекени Жерге табийгатка сураган, анан Элге сураган Эл болсо ак эмгеги менен жерге берилген берекени эки эселентип алган, ошол ак эмгегинен баар тапкан эл ичинде өзү да болгон. Ушул эки ооз тилектин өзүндө эле – Жерге берилген ырыскынын адал эмгек маңдай териң менен эселентип ал деген эмгекчилдик, өзүңө каалаган жакшылыктардын баарын Элге-жерге да каалап, өзгөнүн камын ойлой жүргөн ак ниет, кең пейилдүүлүк катылган эмеспи.

Кыргыздар Асман – Жердин ортосунда Киши баласын жоопкер санаган. Табийгатта береке-ырыскынын, молчулук-токчулуктун болмогу, төрт мезгилдин алмашуу ыраатынын  өз ыргагында болушу, мезгилдердин жаанчыл- кургакчыл, түшүмдүү-түшүмсүз, жылуу-суук болмогун Киши баласынын пейилинен деп билген. Киши пейили тарыса, элден пейил кетсе анда Жердин-Табийгаттын куту качкан, кунары кеткен, мезгил алмашуу ырааты бузулган, береке качкан, малды ылаң каптаган. Бул учурда эл ичиндеги Эски көздөр, сакалдуу билгилер –«Пейилибизден таап атабыз» -дешип жалпы эл чогулуп Түлөө кылган, Ай туяка тай айткан, Ай мүйүзгө уй айткан, Коросонго кой айткан, ошондон «Жакшы мал жанга аралжы» делинип, мал жандыгынан курмандык чалып – «Жаның Жаратканга, сообуң Ата-баба арбагына» – деп атап жамандык кырсыктын алдын алган, сактанган. Түлөө өткөзкөндө өткөн кеткен күнөөлөрүн туура эмес кылган иштеринин кечирүүсүн Кудайдан тиленип, Жакшылык, береке-ырыскыны, молчулукту, жаз-жайдын жаанчыл, күздүн түшүмдүү болушун, кыштын катаал болбошун Жараткандан жалпылап сурап тиленишкен. Наркту аксакал карыялар бата берген ошондон «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен  жер көгөрөт» -делген.

Кыргыз турмушундагы жакшылык-жамандыктарда да Түлөө өткөрүп Элдин батасын алып ниет пейилин тууралап турган. Жамандыкты жакшылыкка айландырып жиберүүнү энергетикалык деңгээлде билген, турмушунда кандайдыр бир кыйын күнгө кабылса кызыл чокко май куюп, казанда кызыган майга Тогуз Токоч Баабединин жасап жыт чыгарып Акка өткөн,  караан күн балээден сакта деп Аксарбашыл айтып кан чыгарып Акка өткөн. «Жакшы тилек жарым- ырыс» – деп жамандыкты жакшы тилек, бата менен кууган. Бул ырасым жөрөлгөлөрдү жасоодо Ислам дини келе элеке чийин «Алкыш» айтымдарын айтып тиленишкен, исламдын келиши менен Куран сүрөөлөрүн, аяттарды колдоно башташкан, Алкыш, Куран баары сөз болгондуктан Сөз күчүн кадырлаган, Сөз баккан элибиз Алкыш айтымдарын Куран менен айкалыштыра колдоно берген. Себеби изги тилек, жашы сөздүн, тунук ойдун энергетикасы кайсы тилде болбосун, ал кайсы тилде айтылбасын бирдей болгон! Мисалга учурда Жин оорулуу кишини молдолор Куран сүрөөлөрүн, аяттарды окуу менен айыктырса, Кыргыз Бакшылары «Соолдий», «Кайт» , «Суулдий кет» деген Алкыштарды жана башка өздөрү билген айтымдарды айтуу менен айыктырышкан. Бакшынын  «Кайт» алкыш айтымы:

«Ээ Жаа раппим жаа султан
Жаратканым бир Кудай э-эй
Жалгыз өзүң жалгай көр!
Жардам келсе Кайыптан
Ээ дартуу кишиң айыккан!
Мөөсүлдөр жүргөн Ак Мазар,
Медер тутуп турамын,
Мөөсүлдөр өзүң колдоп ал!
Кайыптан келген Кер Тайган
Ээ-э мынакей түндүктөн түштү секирип,
Калдар канат, боз мурут
Кайыпчы бүркүт Кызыл Көз
Бу да кондуу тууруна,
Аалам кезген олуям,
Азыр келди жыйынга!
Оролмо тоону орогон,
Оорунун жолун торогон,
Алты кулач Ак Жылан ,
А дагы келди жыйынга!
 –  деп колдоочу пирлерин, Кайыптан келген колдоочуларынан медет тилеп, айтымын жай баштап, улам-улам күчөнүп буркан-шаркан түшө буркулдап, «Кайт» айтымын айткан:

Мөөсүлдөрүм  келдиңби?
Макүлдөрүм келдиңби?
Кара баскан түгөнгүр,
Колго тийсе куурагыр,
Сууруп алсам соолугур,
Колумда камчым очогор
Батыраак чык ант ургур!
Жолуңду бууйм жойлогур,
Отко салам өрттөнгүр,
Азыр чыккын оңбогур!
Кара суудан келсең кайт!
Адам барбас зоого кайт!
Кара чыбыр того кайт!
Какыраган чөлгө кайт!
Соолуп калган көлгө кайт!
Какшып калган сайга кайт!
Кайрымы жок байга кайт!
Жан билбеген жайга кайт!
 – деп улам күчөнүп олтурган, бакшы эң эле күчөнгөндө кыпкызыл чок кечкен, кызарган бычакты шыркырата жалаган, өзүн-өзү бычак менен сайгылап, жин оорулуу адамды тебелеген. Жел боону кармап чамгаракка чыгып кеткен, жел боону кармап алып керегенин башын басып чуркаган. Мындай кыйын Бакшыларды Кара жиндүү Бакшы, Дөөкөр Бакшы деп атаган, «Бак-дарак көркү гүлүндө, Бакшынын көркү жининде» – деген кеби болгон. Бакшы окуган учурларга катышкан кишилердин айтуусунда, Бакшынын баштапкы айткан сөздөрү гана түшүнүктүү болуп, ал эми күчөгөн кезинде булдуруктап кай мааниде, кай тилде айтым айтып атканын айрый албай калышкан. Ошондуктан бакшы окуганда катышкан, көрүп билген кишилерден Бакшынын айтымдарын сураганымда алар Бакшы оюунун жаңы баштап колдоочу-пирлерин чакыргандагы, жана жаңыдан кызып жин кууй баштагандагы айтымдарын гана даана угушкандыгын, ал эми күчөнгөн маалында айткан Айтымдарын эмне деп жатканын, эмне сөз айтканын эстемек тургай түшүнчү да эмесбиз деп айтып беришти. Бул жагдайды Бакшынын транс абалында болгондугу менен байланыштырсак туура болот, Бакшы транс абалына кирген учурда ал Кайыптын же Перилердин тилинде Айтым айтып калуусу мүмкүн.

Башта айтылган Берекени жерге тилөө менен Кыргыздар Жер-сууну, талаа-түздү, тоо-ташты Жараткандын берген белеги деп карап Жер-сууну, Тоо-ташты аздектеп аяр мамиле кылган. Мындан улам – Чөптү жулба, Сууга түкүрбө, Сууну булгаба, Шамалды сөкпө сыяктуу көптөгөн табиятка байланышкан тыйуулар келип чыккан. Жаратылыш-табият кыргыздар үчүн Теңирин таануудагы тикелей курал болгондуктан Жер-Суу, Мазар тайуу маданияты калыптанган. Мазар саналган жерлер көбүнэсе тоо арасында же тоо этегинде жайгашып башка жерлерден өзгөчөнүп турган, Мазарлар жайгашкан жерде оргуган булактар орун алган, бак-дарак, арча өскөн же ал жерлерге өз өмүрүн татыктуу жашап өткөн, кылган иши менен урпакка үлгү болуучу Олуялардын, эл-жерин коргогон батырлардын, касиеттүү кишилердин сөөгү коюлган. Андан сырткары Мазар эсептелген жерлердин өзүнчө сырдуу кубулуштары болуп, аномалиялуу келген. Мына ушундай өзгөчөлүктөрдү байкашкандыктан ал жерлердин Жараткандын касиеттүү жерлери катары санап, Кудайдын кудуретине ынанышкан. Нарк билген карыялар андай жерлерди – «Кудайдын куту түшкөн жер» , «Жараткандын нуру жааган жер», «Кудайдын Периштелери курчаган жер» , «Кайыптын салкыны түшкөн жер» – деп Касиеттүү жерлерди бакабай булгап алуудан, акаарат келтирип алуудан этият болууга чакырышкан. Кудайдын касиеттүү жерлерине зыярат кылуу, мазар басуу, жер-суу тайуудагы башкы максат Кудайдын керемет, кудуретине, киши акылы жетпеген кубулуш сыр түйүндөрү Кудайга гана маалым экендигине ынанып, ишенип Кудайдын кудуреттин даңктоо менен Жараткандан жакшылыктарды, ой-мүдөө тилектерин суроо, тиленүү, Кудайдын куттуу жерине келип өзүнүн өткөнүн таразалап, келечегин болжоп Кудайдан эл-жерине, урук-тууганына, өзүнө кең келечек, бакубатчылык, ырыскы-береке сурап тиленүү болуп саналат. Көчмөн турмуш кечирген Кыргыз элибиз олтурукташкан элдер сыяктуу чиркөө, мечит, тоопкана салышкан эмес. Көчмөн элдин сыйынуу жери дагы Кудайдын өз кудурети менен жасап койгон касиеттүү жерлери болгон. Мазар басуу,  жер-суу тайуунун  тарбиялык мааниси ошол жерлерди жасаган Жаратуучу жалгыз Кудай экенин, Кудайдын кудурети чексиз, Кудайдын кереметин киши баласы  биле алгыс экенин сезип, Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, Кудайдын жалгыз экенине болгон ынанууну жүрөгүнө уютуп, Кудайдын мээрин, кереметин сезинип аны ошол Мазар, Табияттагы касиеттүү жерлер аркылуу туюнуп бүткөн дене боюна сиңирүү болуп эсептелген. Табият аркылуу Кыргыздар Кудай-Тааланын жерде жана көктө Кайыптары, Периштелери  болоорун, жана алар Жараткандын каалоосу менен киши баласына жардам беришээин, колдоорун илгертен эле билишкен, бардык керемет иштерди Кайыпка баланыштырып Ыйык санашкан. Ушундан улам Жер ээси, Суу ээси, Мазар ээси жана Пир-колдоочу сыяктуу түшүнүктөр келип чыккан. Көбүнесе Пирлер Кудайдын сүйгөн пенделеринен олуялардан, касиет даарыган кай доорлордо жашап өткөн кишилер болушкан. Ойсул-Ата, Камбар-Ата, Чолпон-Ата, Зеңги-Баба, Чычаң-Баба, Умай-Эне, Дөөтү, Коросон,  Баян-Жабыр, Кайберен, Шаймерден, Шаамаран, Асан-Шайыр жана башка Пирлердин көпчүлүгү кай доор, кай мезгилдерде жашап өткөн Теңирдин сүйгөн, назары түшкөн пенделери болушуп, аларда олуялык, пайгамбарлык касиеттер болгон. Кыргыз эли Пирлердин көзү өтсө да Арбагы тирүү болуп , же кайып абалында Жараткандын улуксааты менен эки дүйнөнү аралап жердеги кишилерге колдоо көрсөтөт деп ишенишкен. Чындыгында Кудайдын сүйгөн пенделеринин эки дүйнөдө Руханий даражалары бийик болгон, буга мисал катары Кайыбынан кабылчу, кишилерди даарычу Кыдыр-Атаны, Кырк Чилтенди айтсак болот. Бул жерде баса белгилеп айта кетчү нерсе Пир-колдоочулар Кудайдын улуксаат каалоосу менен гана Кайыптан колдоо бере алаарын, баардык иш Кудайдын гана кудурет каалоосу менен болорун эсибизден чыгарбай, Пир-колдоочу, кайыптарды Жараткан Кудайдан өйдө коюп алуудан өтө сак болуубуз, чаташтырып албообуз шарт. Кыргыз Элибиздин Пир-Колдоочуларды жатка билип, айта жүргөн себеби урпактарды ошол Пир-колдоочу, олуялардай Жаратканын таанып татыктуу жашап өтүүгө, өнөр үйрөнүүгө, илим алууга,  артында из калтырууга, руханий даражасын бийиктетүүгө, табияттын тартибин бузбоого, көрпендилик кургуюна түшүп кетип, көкүрөгү сокур, көөдөнү көр болуп Кудай-Теңирин, Кайып дүйнөнү тануудан оолактап кетпөөгө тарбиялоо, үндөө болгон. Чоң Ата – Чоң Энем жаки Тай-Ата-Тай-Энем же кары кишилер Пир-колдоочулар, Кайыптар, Олуялар, Эмчи-домчулар, Манасчылар, Бүбү-Бакшылар, Төлгөчүлөр, Жомокчулар, Куудулдар, Жайчылар тууралуу уккан билгендерин айтышканда дагы – Баланча Олуя Атабызга Кудайым өз кудурети менен туулгандан олуялык касиет бериптир, түкүнчө төлгөчүнү Кудайдын кудурети менен касиет даарыптыр, баланча Бакшыны бакшы болоордон мурун Кудайдын кудурети менен Кайыптан салкын салган экен – деген касиеттүү өнөр билген кишилерди айтууда дагы эң ириде Кудайдын кудуретин оозанышчу, муну менен алар киши баласы канчалык касиеттүү болбосун Кудайдын буйругусуз  чымын өлбөсүн далилдеп турушчу, бул нерсени Манасчылардын «Аян болмоюн баян болбойт» – деген, эң ириде Кудайдын буйругу болоорун анан Кайыптан кабар келээрин билдирген сөзү менен бекемдесек жаңылышпайбыз.

Бул Кыргыз Дүйнө таанымы кылымдар бою элибиздин кан-жанына сиңгендиктен Кыргыз эли түпкүлүгүнөн Жалгыз кудуреттүү Кудайга кулдук уруп, анын жалгыздыгын, улуктугун көкүрөк-көөдөнүнө уютуп жашап келген. Мезгил өтүп доор алмашып Бутпарас, Отпарас, Тарса жана башка диндер аларды жайылтуучулар келип кетип турушкан, бирок Кудайды динсиз тааныган кыргыздарга бир дагы дин толук сиңип үстөмдүк кыла алган эмес. Эң акыркы болуп келген Ислам динин таралышы да кыргыздар арасында өтө жай жүргөн, Исламды жайылтуу Кыргыз арасында бүгүнкү күнү да жүрүүдө.  Ислам дини келген кезде дагы кыргыздар – «Бир Кудайдын бар экени чын, башкаңды бибейм» – дегенчелик кылып Ислам дининин алгачкы шарты болгон Жараткандын жалгыздыгына күбөлүк берүүчү келмени айткан дагы калган шарттарын орундабастан туруп мусулманмын деп жүрө берген, себеби Ислам дининдеги Кудайдын жалгыз экенине күбөлүк берүү гана Кыргыздардын ислам жарала электен мурун,  түпкүлүгүнөн бери келе жаткан билимине, ишенимине дал келген, калган Ислам шарттарын карап да койбогон, карыган чагында кылаар иши жоктон мейли деп Намазга түшкөн, – «Намаз окуп көрдүм – жумушу жоктун иши экен, Орозоңду да кармап көргөнбүз – тамагы жоктун иши экен», «Эшегин болсо токудум, Намазын кантип окуймун» – деп лакап кылган, Куран окуса да Кыргыз обонунда кыргыз кыраатына салып окуган, сөздөрдүн айтылышынын туура-туура эместигине карабаган, өз тилинин ыңгайына келтирип окуй берген. Ошондон – «Бир Кудайга ишен дагы Билген намазыңды окуй бер» – деген лакап келип чыккан. Кыргыздардагы Пир-колдоочу түшүнүктөрү менен Исламдын Сопулук (суфизм) жолунда жүргөн Думана, дербиш, олуя түшүнүктөрү, Сопулардын Табийгат менен Жаратканды бир бүтүн катары санаган көз карштары, Сопулардын Кудайдын Жалгыздыгын жүрөктөрүнө уюутууну башкы максат кылышкандыктары, алардын талыкпаган мээнеттеринин аркасы менен бийик руханий даражаларга жетүүсү Кыргыздардын Пир-колдоочу түшүнүктөрү менен дал келгендиктен Кыргыз арасында Сопулуктун Ясавий багытын негиздеген Кожо Акматты (1103-1166- жж) урматташкан, Сопулуктун Накшбандия жолун негиздеген Баабедин Накшбандини (1327-1390- жж) Пир тутушкан, Сопу Баабединдин урматына Тогуз Токоч Баабедин өткөрү жөрөлгөсү калыптанган. Сопу Кожо Асан «Манас» эпосунда – «Колдогону Кожосан, Чын жолдошу- Кырк Чилтен» – деп айтылып Пир катары каралган. Түндүк Кыргыздырда Сопулук жолунда жүргөн өзүнүн олуялык мектебин түптөгөн айтылуу Калыгул Олуянын (1785 -1855-жж) марымчысы (устаты) Олуя Сопу Ата (болжолу 1751-1848-жж) болгон. Сопулук жолунда жүрүп бийик руханий даражаларга жеткен олуяларды Кудайдын сүйгөн пендеси дешип Пир тутушкан.

Кыргыздар арасында Ислам дининин таралышы туурасында тарыхчы Белек Солтонкелди уулу өзүнүн «Кызыл Кыргыз тарыхы» деген эмгегинде төмөндөгүдөй жазган:

«Орус оторчусу келбестен бурун түн жак Кыргызиада жазуу билген бир дагы кыргыз болбогон, намаз окуган миңден бир болгон; айт намаздарына түшпөй калса, кырк кара ташты оодарып койсо, намаз окуганча болот экен деп, кырк кара ташты оодарып жүрүп кеткен; орус оторчусуна караган соң Казандан татар молдосу, Кашкардан уйгур молдосу, Ташкен, Перганадан өзүбек молдосу келип, кыргызга дин жолун билдире баштаган. (орозо, намаз, үшүр, зекет, жаназа, дооран, нике). Орозону ач пайгамбар чыгарган экен күнгө көрүнбөй тамак ичсе шариат буйурат экен дешип, күндүз түндүгүн чылк чүмкөп алып, тамагын иче берген кыргыз көп болгон. Бир канчалык киши намаз окуса, имам болор кишиси болбостон жарыя окуй турган жеринде купуйа окуган, эмне үчүн жарыйа окубадыңыз десе, ачык окуган мактанчылык дейт, ошол себептен ичимден купуйа окуй бердим деген көп болгон.» [2]

Жараткандын жалгыздыгына гана баш урган Кыргыздар кандай гана дин болбосун салкын мамиле кылган, «Кийген тону көк темир, Сыйынганы бир Теңир» – деп Манаста айтылгандай, бир Теңирге сыйынып ээн-эркин көчүп конуп, табият менен камыр-жумур жашаган элге диндердеги сыйынуу, шарт милдеттер, парздар жат болгон, аларды кабылдабаган. Саякбай Карала уулунун айтуусундагы Манас эпосунда Манас Баатырдын Бээжиндеги согуштан кийин кол эсебин алганда Кырк чородон Чубак баатыр жок болуп, салгылашта курман болуп кеттиби деп арасат ойго келип, Баатыр Манас колду кайра топтотуп, кайра чабуул кылмакка, Чубак баатырдын кунун куумакка камынгыла деп буйрат, калың кол эртең кайра уруш болот экен деп камынып эртеси эртең менен таңкы намазга турушуп намаз окуп бүтө электе, Чубак баатыр кытайдын кыйындарын байлап алып келгенин көрө сала Манас баатыр намазды буза туруп кеткени төмөндөгүдөй баяндалат:

Чубакты Манас көргөн соң,
Амазды бузуп барбактап,
Тура калды эр Манас
Сүйүнгөндөн дардактап:
«Аппак кожо, Айкожо,
Кереленип каласың,
Кечке окуу саласың.
Бейишиңди өзүң ал,
Береним Чубак келатат!
Созолонуп окуйсуң,
Адамдын денин талытып,
Султаным Чубак келатат.
Сообуңду өзүң ал,
Солтонум Чубак келатат!
Амазыңды өзүң ал,
Артыгым Чубак келатат.
Азанды айтып аласың,
Азапка элди саласың,
Алаксытып коёсуң,
Султаным Чубак келатат!
Кырк чоронун арсланы
Кырааным Чубак келатат,
Баарысынын баасы
Баатырым Чубак келатат!»
 [3] – деп сүйүнгөн Манас баатыр намазды бузуп Чубак баатырды тосуп алат. Бул жерде дагы Кыргыздар дин тутунса дагы толук дитин салбастан ортосаар мамиле жасаганы көрүнүп турат, анткени Кыргыздын өз дүйнө таанымы, көкүрөк-көөдөнүнө сиңген канынан өтүп келген Кудай-Теңирин таануудагы өз чындыгы баардык диндик окуулардан жогору турган! Диндик окуу, ишенимдер өздөрүнүн нукуралыгын убакыттын өтүшү менен жоготуп, бирде кемип, бирде толуп, киши тарабынан бурмаланып, жасалмаланып, ич-ара бөлүнүп, жаатташып, жаңычаланып, өзгөртүлүп-толукталып оош-кыйыш, оомал-төкмөл жүрүп олтурган. Кудай-Теңирин табийгат-жаратылышка негиздеп тикелей тааныган кыргыздар мындай оош-кыйыш ич ара жаатташкан, эки ача пикир жараткан диндерди теңине албаган. Кудай-Теңирин динсиз-ортомчусуз тикелей тааныган элге дин жайылтуу «Кат тааныган кишиге кайра баштан тамга үйрөтүү» – дегендей эле кеп болгон.

Эне-Сайдакы, Орхондогу таш жазуулардын баардыгында Кыргыздардын жана түрктөрдүн жалгыз жаратуучу бир Теңирге ишенгендиги жазылат. Орхон жазууларында Теңир, Умай, Ыйык Жер-Суу атоолору кездешет. Кыргыз эли Кудайды – Жаратуучу, Жараткан, Жасаган, Эге, Теңир, Көкө Теңир, Үлкөн деп атап келишкен.  Ушундан улам Кыргыздар түпкүлүгүндө эч бир динсиз, пайгамбар ортомчусуз эле Жападан жалгыз Жаратуучу Кудай бар экенин билишкен деп тыянак чыгарууга болот. Демек тарыхый жазма маалыматтар жана эстеликтерди далил кылып кароо менен Байыркы Кыргыздар Жалгыз Жаратуучуга эч бир динсиз ишенишкен деген туура. Кыргыздарда дин болбостон үрп-адат, салт-санаа, нарк-насил деген айтылган жана айтылбаган өз мыйзам каадалары болуп ошонун негизинде жашашкан. Ошол үрп-адат, салт-санаа, нарк-насил миңдеген жылдарды камтыган руханий , турмуштук тажрыйбанын, көчмөн жашоонун өзөктүк негиздерине негизделип, табият-жаратылыш менен ширелишип иштелип чыккан жана үрп-адат улутттун кан-жанына сиңген. Кыргыз салт-санаа, үрп-адат, нарк-насили Кудай-Теңирин таанудан кийнки турмушундагы ар кыл кырдаал, ырасми жөрөлгөлөрдү жөнгө салуучу, жашоосуна жол көрсөтүүчү Ата-Бабадан калган аманат Мыйзамы болуп эсептелген. Үрп-адат, салт-санаа, нарк-насил – бул миңдеген жылдык руханий, турмуштук, чарбалык тажрыйбанын жашоо ыргагынын туундусунан жаралган баа жеткис Таберик! Үрп-адат, салт-санаа, нарк-насил – Ата-Бабабыз, Кыргыз Ата, Кыргыз Энеден  бери карай чыйыр салган байсалдуу Кыргыз Жолу!! Эмки урпактар ошол Таберикти сакташыбыз милдет!!

Анарбек уулу Атай
Бирдин айынын он биринчи күнү
11-февраль 2021 -жыл, 20:45

_______________________________________________
Шилтемелер:
1. Сейф ибн Мухаммед ал-Херевини,«Тарих-намэ-йи Херат»
2. Белек Солтоноев. 2003. КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ. Бишкек: АРХИ, 110-б.
3. Саякбай Каралаев. 2010. Манас. Бишкек «Турар», 1387-б.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x