КЫРГЫЗ ЭЛИ КОЛДОНГОН ТАШ БУЮМ-ТАЙЫМДАР.

27 фев 2021

Эң алгач адамдын куралы таш болгон, жер бетинин үстүнкү катмары таш болгондуктан (литосфера) бут алдыбызтан тарта курчап турган айлана чөйрөбүз ташка толо. Адам баласы жер бетине эң эле кеңири таралган ташты ар түрдүү буюмдарды, куралдарды жасоодан  тарта курулушка чейин алмустактан бери колдонуп келет. Эми биз ошол эл арасында өткөн убактарда күндөлүк турмушта колдонулуп  келген таш буюм-тайым, курал-жарак жана башка сыйкырдуу күчкө ээ делген таштар жөнүндө кененирээк маалымат бере кетели.

1. Оттук таш

Оттук таш -  от чыгаруу үчүн колдонулган кремнийлүү таш. Оттук ташты чакмак темир менен сыдыра какканда (чагып) учкун чыккан. От тамызуу үчүн оттук таштын  бетине кургатылган кууну беттей кармап, оттуктун кырлуу тарабына теңдеп, чакмак темир менен сүрө чаап от тамызышкан. Оттук ташты кисеге салып дайыма жандарына ала жүрүшкөн.

2. Кайрак таш

Кайрак таш – темирден жасалган бычак, канжар, маки, чалгы жана башка ушул сыяктуу буюмдарды курчутуу үчүн колдонулган кумдук таш. Кайрактын бети одуракай келип темир куралдарды курчутууга ылайык келген. Кайрак менен кайрап алган соң Кайрактан бир аз жылмакай келген Бүлөө таш менен бүлөп курчутулган нерсенин курчтугун артырып жылмалашкан.

3. Чарык таш

Чарык таш - чарыкка тартып бычак, балта, кески, керки жана башка буюмдарды курчутууга ылайыкталган тегерек кумдук таш. Илгери усталар чарык ташка ылайыктуу кумдук ташты жылмалап ортосуна оюук салып, аны тепкилүү чыгырыкка бекитип же кырманын ок жыгачына кийгизе сала керектүү нерселерин курчутушкан. Кайракка улам жанып кайрап олтурууга караганда чимирилип турган чарыкка тартып курчутуу бир топ найтыйжалуу жана ылдам болгон.

4. Жаргылчак

Жаргылчак тартуу. (сүрөт: Анарбек уулу Атай 28.05.2014)

Жаргылчак - дан өсүмдүктөрүнөн ун, талкан, шак, угут тартуу үчүн колдонулган таш. Жаргылчак астыңкы жана үстүңкү болуп эки таштан турат. Астыңкы ташы тегенренбейт, анын дал ортосуна шимек бекитилет. Үстүнкү таш ортосундагы көзөнөгү аркылуу шимекке киргизилип астыңкы ташка беттелет. Үстүңкү таштын чекесиндеги оюукчага жыгач тутка бекитилип анын жардамы менен жаргылчак кол менен айландырылат. Дан шимек чыгып турган көзөнөк аркылуу  салынып тартылат. Жаргылчак негизинен тегерентме болгону менен анын  сүрмө-тартма түрлөрү да кеңири колдонулган. Элибиз көчмөн турмушунда жаргылчакты кайда барбасын өздөрү менен ала жүрүшкөн. Дан азыктары, айрыкча талкан көчмөн турмушта негизги азыктардын бири болуп, элибиз алкыш бата бергенде да «Таш-талканың чачылбасын»  деп алкашкан, жоо тийип чабылганда «Таш –талканыныбызды чыгарып кетти» деген.

5. Тегирмен таш

Суу тегирменинин түзүлүшү

Тегирмен таш – тегирмендин ташы жаргылчактан бир кыйла чоң. Тегирмендин ташын тегирменге жакын жерлердеги көлөмү ылайык келген сай таштардан чегишкен. Тегирмен ташты чегип, суу боюнда тегирмен чуркаткан кишини Тегирменчи деген. Тегирменчи тегирменге ылайыктуу ташты чегип, астыңкы жана үстүңкү чуркаар таштын беттерин метилеп жол-жол кылып сай түшүргөн. Бул тегирмендин таштары данды жанчуусуна өбөлгө түзгөн. Тегирменчи тегирмендин иштөө ыраатына карай аптасына жаки айына бир жолу таштарды метилеп миздеп турган. Тегирмен жүргүзгөн тегирменчи эл арасында кадыр-барктуу болгон.

6. Мала таш.

Мала таш –  (темин таш, бастыргы) темин бастырууда орулган эгиндин данын саманынан ажыратып алуу үчүн пайдаланылган таш. Мала таш тегерек түспөлдө, тишчелүү чегилип ортосуна оюк салынып ат менен сүйрөтүүгө ыңгайлаштырылып жасалган.

7. Салмоор таш

Байыркынын салмоор куралы.

Салмоор таш – бүгүнкү күндө салмоор таш дегенде көбүнэсе кайырмактын учуна байланып салмак берүүчү куюлган кытты түшүнөбүз.  Жеринде салмоор булгарыдан же кайыштан жасалган орто жеринде таш салып ыргытууга ылайыкталган жазы алаканы бар курал болгон. Салмоордун бир учу билекке илип алууга ылайыкталып туюк иймек кылып жасалып экинчи учу түз калтырылган, салмоордун алаканына таш салып эки учун бириктире кармап чимирилтип, катуу күүгө келгенде бир учун кое берип бутааны көздөй ыргыткан. Кыргыздарда Боз Үйдү каттуу шамалга алдырып жибербеш үчүн түндүктүн желбоолорун бириктирип оюгу бар жаргылчактай чоң таштарды салмоор таш деп желбоого асып байлашкан. Боз-Үйдүн үстүнөн аркан жүргүзүп аны «бастырык» деп атап ал аркандын учтарын жерде жаткан казандай  чоң таштарга байлап коюшкан. Бул да болсо Боз Үйдү катуу шамал учурунда алып кетүүсүнөн сактануунун амалы болгон.

8. Төлгө таш

Төлгө таш.

Төлгө таш – Төлгө ташты төлгөчүлөр төлгө тартканда колдонушкан. Төлгө таш 41 таштан турган. Төлгөчүлөр төлгө ташты мазарлардан терип же башка төлгөчүлөрдөн мурастап алышкан, укумдан-тукумга өткөзүшкөн. Төлгө салган учурда төлгөчүлөр төлгө айтымын айтышкан, эл ичинде төлгөчүгө төлгө таштары сүйлөп өткөн-кеткенден, болочоктон кабар берет деген ишеним болгон. Төлгө таш Төлгөчүнүн касиет, күчүнө жараша сүйлөгөн, эң кыйын төлгөчүлөрдүн 41 ташы түгөл сүйлөп, төлгөсү төп түшкөн. Төлгө ташты кичинекей түйүнчөк баштыкчага салып же бет аарчыдай кездемеге ороп аздектеп алып жүрүшкөн, төлгө тартканда ак кийиздин үстүнө тарткан. Эл арасынан эл оозуна алынган, бир өрөөнгө даңкы чыккан, төлгөсү төп түшкөн касиет даарыган төлгөчүлөр чыккан. Манас эпосунда төлгөчү Кара Төлөк «Төлгөчү Кара Төлөгү төгүн эмес өнөрү» деп сыпатталса, далычы Агыдай  тууралуу:

«Агыдай далы көрүүчү

Ар кандай келер жумушун

Ашкере айтып берүүчү» - деп айтылат.

9. Жай таш

Жай таш. (иллюстрациялык сүрөт, Жай ташты эч ким көрбөгөн, сүрөт: Анарбек уулу Атай 20.01.2015)

Жай таш – Жай ташты табият кубулуштарын башкарып аба-ырайын өзгөртүп жиберүүчү Жайчылар колдонушкан. Жайчы адам жай таштын жардамы менен күн жайлаган, чайыттай ачык күндү жайлап жамгыр жаадырган, туман түшүргөн, зарыл болсо тынбай жааган жаанды токтоткон. «Жай» таш ар түстө (ак, кара, чаар, кызыл, жашыл) сейрек кездешүүчү, Кудай сүйгөн пендесине ыроологон касиеттүү таш. Алтайлыктардын ишениминде «жай» таш аска-зоонун арасында дайыма шамал согуп турган жерде же тоолордогу үңкүрлөрдө кездешет деп эсептешкен. Түрк элдери (кыргыз, казак ж.б) «жай» таш эчкинин, буканын, жылкынын, койдун жумурунда, илбирстин жүрөгүндө болот, жана «жай» ташты денесинде алып жүргөн жандык башкалардан айырмаланып турган. Мисалы «жай» таш эчкиде болсо ал жайылган койлордон ээндеп (бөлүнүп) өзүнчө оттоп, өзгөчөлөнүп турат дешкен ( Малов 1947:152-б). Моңголдор «жай» ташты тоолордон, бугунун башынан, турпан, өрдөктөн кездештирүүгө болот деп эсептешкен.

Жоокерчилик заманда жайчылар «жай» ташты душманга каршы колдонушуп алардын жолуна кар, мөндүр жаадырышып жеңилүүгө дуушар кылышкан. Тарыхчы Белек Солтонкелди уулу өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхы» деген эмгегинде кыргыздардын согуш жөнү туурасында жазып келип, жайчылык жөнүндө минтип кыстара кеткен: «Жоо өтө коркунучтуу болсо күндү жайлап жаадырып туруп, изин билгизбей качып кеткен. Жоо менен дайым атчан согушкан. Айбалта, союл чапканга, найза сайганга, мылтык атканга, жаа тартканга өтө уста болгон.» (Кыргыздар 1991: 228-б)

10. Жоо таш, моло таш.

Уйбат талаасындагы Жоо таштар, Хакасия.

Жоо таш –  моло таш (таш мамы), Эне-Сай кыргыздарынан калган таш мамылар тургузулган көрүстөндөр. Илгери баатырлар, алптар, балбандар таш көтөрүп күч сынашмак адат болгон. Айрым маалыматтарда айгышкан салгылаш болоор алдында алп баатырлар узун жоо таштарды көтөрүп келип жерге житире уруп – Өлүп калсам ушу жерге коюп кеткиле- деп өз жайын, өз жоо ташын белгилеп, керээз кылган деп айтылат. "Сөөктү суу кечирбейт" деген жөрөлгөсү болуп киши кай жерден кайтыш болсо ошол жерге жашырып кете беришкен. Негизинен жоо таштар көрүстөндү тегерете же төрт бурчуна орнотулган. Курман болгон баатырлардын уруулук эн тамгасы чегилген.

11. Балбал таш

Балбал таш.

Балбал таш – балбал таштар дагы көрүстөнгө коюлчу таш. Жоо таштардан айырмаланып балбал ташка кишинин кебете-кешпири бедизделип чегилген. Аны чебер таш усталар чегишкен. Кыргыздарда кандайдыр бир шашылыш же шарты туура келбеген учурларда сөөктү жер казып көөмп олтурбастан жөн гана таш менен корумдап кеткен жөрөлгөсү болгон. Балбал таштарды көзү өткөн кишинин урматына анын жакын тууган-туушкандары койдурушкан. Күлтегинге арналган жазуунун аягында «Мынча жазууну битикчи, Күлтегиндин жээни Жолутегин жаздым. Жыйырма күн олтуруп бул ташка бул белгинин барын (мен) Жолутегин жаздым. Балдары, туугандары аза күтүүсү үчүн. Кош болуңуз. Учуп кеттиңиз. Теңир жалгасын» - деп ага арналган таш жазууну Билге кагандын буйруусу менен Жолутегин чеккени баяндалат. Балбал таштардын арналышы боюнча эки пикир айтылып келет, бири Балбал ташка көзү өткөн кишинин келбети түшүрүлүп өзүнө арналган десе, экинчиси тирүүсүндө өлтүргөн душмандарынын келбети түшүрүлүп жасаган эрдиктери даңазаланган делинет. Мисалга Күлтегинге арналган эстеликте Билге каган атасы Элтериш кагандын эрдиктери жөнүндө эскерип келип – « Атам бийлигин орнотуп Теңирге кайтты. Атама арналган балбалдарды Баш кагандын балбалынан баштадык. Соң менин агам каган болду. Менин агам Түрк элин кубаттуу кылды, кедейди бай кылды, аз калкты көп кылды» - деп жазылат, жазмадагы Баш Каган тогуз-огуздардын башчысы, ал Элтериш каган тогуз-огуздарга кол салганда салгылашта курман болгон.

Анарбек уулу Атай.

Мыкты! Сиз Контентчиге ийгиликтүү катталдыңыз.
Great! Next, complete checkout for full access.
Кайта кош келдиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.
Ийгилик! Сиздин аккаунтуңуз толук активделди, эми сизге баардык контент жеткиликтүү.