Таласка саякат

Баатыр Манас жердеген Талас өрөөнү жөнүндө азыноолак кеп . Кыргызстандын 7 облусун кыдырып чыгам деген балалык кыялдарымдын бири орундалып , кыш мезгилинин алгачкы айында Талас шаарына баруу мүмкүнчүлүгү буйруду. Бишкек шаарынан Таласка чейин 360 чакырым жолду басып өтүү керек . Бирок 660 чакырым болгон Ош-Бишкек жолунда каттап жүргөнүм үчүн мен үчүн анчалык деле кыйынчылык туудурган жок. Анын үстүнө мага узак жол жүргөн жагат . Бул бийик тоолордо өзүмдү коопсуз жана эркин сезем , чет жакта жүрүп калсам бир нерсе жетпегендей болуп тоолорубузду сагынып куса болом. Эң алгач эле “Дели” айылы көңүлүмдү бурду . Айдоочу байкенин айтымында бул жерде уйлар 🐄 Индиядагыдай эле өзүн эркин сезет экен. Кыш болсо да асфальт жолдо топ-топ болуп жургон уйларды айдоочулар акырындап өткөрүп анан жолун улап жатышты. Уйларды ээлери байлабаганы , байлабаса да үйүнүн жанынан кетпей турганы мени тан калтырбай койгон жок … Талас аянты 13км2 33 000 ге жакын жашоочусу бар анча чоң эмес шаар. Шаар кичине болгондуктан шайтан араба (велосипед) менен жүргөн адамдарды көп учураттым бул жагынан алганда Европанын шаарларынын бириндей элес калтырат экен. Транспорт жеткиликтүү жана арзан экен , көздөгөн жерибизге 15 сом менен (таксиде) жетип жыргап эле калдык . Күндөн күнгө күйүүчү май кымбаттаганын эске алганда, бул жердин берекелүү , элинин кең пейил экендигине ынанып ,аз болсо да мандай тери менен тапкан пайдасына шүгүр кылып, жашап жатышкандарына ыраазы болдум. Тамак аш арзан , а бирок даамдуу тамак жегиниз келсе популярдуу болгон “Каныкей” сыяктуу кафелерге барууну сунуштамакмын ал жактарда деле Бишкекке салыштырмалуу тамактар арзан . Таласка барганда сөзсүз түрдө Гүлчөтай тамагын даамдап көрүү керек . Мен ал тамакты жеп жатып мындай даамдуу Гүлчөтайды Таласка дагы келгенде же болбосо Таластык кызга үйлөнүп калып эле жебесем башка эч жерден жебесем керек деген ой келди. Эли жөнүндө айта кетсем , тамашаларда айтылып жүргөн мактанчаактык куру эле сөз экен . Бир жумада жашап 1 мактанчаак адамды жолуктура алган жокмун. Аябай меймандос , сылык сыпаа , жөнөкөй адамдарды көрүп ичим жылыды . Айта берсе сөз учугу түгөнбөйт .
Таласка кош келиңиздер…

08.12.2018 Талас

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    4 комментариев
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии
    Айбек Шергазы
    Айбек Шергазы
    1 год назад

    “Эли жөнүндө айта кетсем , тамашаларда айтылып жүргөн мактанчаактык куру эле сөз экен . Бир жумада жашап 1 мактанчаак адамды жолуктура алган жокмун.”

    Ушул сөзүңүз жакты. Ой, Таластын балдар-кыздары мактанбайт деле анчалык десең, коййчеей деп эч ким ишене бербейт. (жылмаю)

    Сиз алгач ирет ачык жазып менин оюмду жеткиздиңиз!

    Айбек Шергазы
    1 год назад

    Ооба, элди бөлгөн эмес, элди бириктирген сөздөрдү жайылтуу зарыл. Биз СӨЗдүн кесепетин баамдабай жүрөбүз. Мен жеке өзүм, андай сөздөрдү тамаша иретинде да айтпайм. Демек, бул ар бирибиздин колубуздан келет жана элди бириктирүү үчүн ар бир уул, ар бир кыз өз салымын кошуубуз зарыл деп ойлойм. Аракет кылып, билим алууну көбөйтө берсек, бир күн келет, сен-мен дешпей ынтымактуу жашаган. Аз өмүрдө эмнеге кер-мур айтыша беребиз?! Кызык эле адам өзү.

    Sagyndyk Abdirasulov
    Sagyndyk Abdirasulov
    1 год назад
    Ответить на  Айбек Шергазы

    Сөзүңүзгө толугу менен кошулам)

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    4
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x