Шоро компаниясы кантип эң ири, ийгиликтүү кыргыз компаниясына айлана алды.

Азыркы убакта ШОРО компаниясы эң ири кыргыз компанияларынын бири. Шоро өз продукциясын өлкө ичинде гана эмес чет өлкөлөргө дагы кеңири экспорттоп турат. Мындай ири компаниянын жаралуу тарыхын изилдеп көргөн адам өтө чоң сабак алат.

Компания 1992-жылы Табылды жана Жумадыл Эгембердиевдер тарабынан негизделген. Ал убак азыркыдай кененчилик мезгил эмес эле. Мамлекет жаңы гана реформаларын баштап өз алдынчалык жолуна аттанып турган. Мамлекет ал кезде, жада калса улуттук валютасын дагы кабыл ала элек болчу.

Мындай кыйын кырдаалда ШОРО компаниясы кантип ийгиликке жете алды жана ийгилигинин сырлары эмнеде? Бул компаниянын тарыхын барактап көрүп, бизнесмен болууну каалагандар кандай сабак алса болот, анализдеп көрөлү.

Биринчи сабак: Шоро кардарлар үчүн бейтааныш эмес, тескерисинче, оо атам-замандан бери кыргыздын турмушунда байма-бай колдонулуп келген улуттук суусундуктун түрлөрүн жаңы технологиянын негизинде сунуштады. 1992-жылы 25-майда 80 литр максымды үй шартында, кол менен жасашып кардарлардын назарына сунушкан. Кийинчерээк 80 литрди түзгөн күнүмдүк өлчөм 1,5 тоннага жетип, жумушчулардын саны 25ти түзгөн.

Кардарларга тааныш эмес продукция чыгарган шартта аны элдин калың катмарына таанытыш үчүн кошумча күч, акча, убакыт ж.б. керектелет. Бул жагынан – Шоро эч бир күч жумшабастан, биринчи күндөн тартып эле, кардарларына тааныш, жети атасы ичип жүргөн суусундукту сунуштай алды.

Экинчи сабак: татаал технологияны, атайын жасалчу техниканы талап кылбаган продукцияны тандоосу.
Илгертен бери эч бир кыйынчылыксыз жасалып келинген максымды массалык түрдө чыгаруу чечими – компанияны ийгиликке жетелеген себептердин бири. Анткени, продукцияны чыгаруу үчүн Кытайдан же Европадан кымбат баалуу техниканы сатып алуу муктаждыгы жаралмак эмес.

Үчүнчү сабак: Бизнести баштоого олчойгон акчаны талап кылбастыгы.
Компания өз ишин – ижарага алган имараты жок, продукциясын идиши жок, өндүрүмүн татаал технологиясы жок баштаган себептүү башка бизнестер сыяктуу көп чыгымга дуушар болгон эмес. Эмгек акысын – күнүмдүк тапкан акчасынан алган жумушчу, ачык асман алдында отуруп, арзан идишке куюп берип соодасын кыла берген.

Ошентип, жөнөкөй идеянын, жөнөкөй кадамдын негизинде баарыбыз тааныган компания келип чыккан.

Кардарларга тааныш болгон продукцияны сунуштаган, татаал технологияны, башталышында чоң акчаны талап кылбаган бизнес ийиликке жетээрин Шоро компаниясы далилдей алды.

Андыктан, мындай бизнес-планды колдонуп, кыргыздын дагы да башка улуттук тамагын, ичимдигин калың журттун назарына алып чыкса болот.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    1 Комментарий
    Старые
    Новые Популярные
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии
    Контентчи
    Администратор
    1 год назад

    😍

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    1
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x