Бир мезгилде дүйнөнүн эң бай адамы катары саналып келген Билл Гейтс жаштардын алдында сүйлөп жатып, мектепте үйрөтүлбөгөн, бирок, жашоодо зарыл болгон эң керектүү 11 эрежени айтып кеткен.
Анда эмесе Гейтстин бул алтын эрежелерин назарыңызга сунуш кылабыз.
🔹1. Жашоо өзү адилетсиз – бул фактыны эртерээк кабыл алуу керек.
🔹2. Сенин сезимдериң, өзүңдү урматтаганың менен дүйнөнүн кыпындай дагы иши жок. Сенин жеке кадырыңды кабыл алаардан мурда, дүйнө сенден кандайдыр бир жетишкендикти талап кылат.
🔹3. Окууну бүтөөрүң менен сени долларлап акы төлөгөн жумуш күтүп турбайт. Чоң бир компаниянын бир бөлүмүнө жетекчи боло калбайсың. Мунун баарысына сен өзүң жетишиң керек.
🔹4. Сенин мугалимиң катаал, талапты катуу койот деп ойлосоң, жетекчиң менен таанышып көр. Жетекчиден кийин мугалим майдай жумшак болуп калат, себеби, мугалимден айырмаланып жетекчинин карьерасы сенин аткарган жумушуңдун мыктылыгынан көз каранды.
🔹5. Базарда токоч жасап сатуу – сенин кадырыңдан төмөн эмес. Ата-бабаларың ушул сыяктуу жумуштарды «мыкты мүмкүнчүлүк» деп аташмак.
🔹6. Эгер ишиң оңунан чыкпай калса ата-энеңди күнөөлөөгө шашпа. Ар бир ийгиликсиз ишке ыйлактай бербестен алардан сабак ал.
🔹7. Сен төрөлгөнгө чейин ата-энең азыркыдай карыган, көп нерсеге жөндөмсүз болушкан эмес. Алар сенин келечегиң, жашооң үчүн кара терге түшүп жүруп чачын ак аралаган. Ошондуктан, аларга акыл айтып кыйынсынаардан мурун, өз бөлмөңдү, өз кийимиңди тартиптегенге аракет кыл.
🔹8. Сенин мектебиң сынакты канча жолу кайталап берсең дагы ала берет, ал эми жашоо болсо андай кылбайт. Мектепти окуганы деле окубаганы деле бүтүрүп, максатына жетет. Мунун баарысынын чыныгы жашоого эч кандай тиешеси жок.
🔹9. Жашоо – чейректерге же семестр дегендерге бөлүнгөн эмес, жана жайкы, кышкы эс алууларга дагы жөнөтпөйт. Өтө аз жумуш берүүчүлөр сенин жеке жашооңо жардам беришет. Жеке жашооңду өзүң, жеке убактыңда курушуң керек.
🔹10. Реалдуу жашоону сыналгыдагы жашоо менен чаташтырба. Жашоодо адамдар көп убактысын кофе ичип эмес жумуш ордуларында өткөрүшөт.
🔹11. «Очкарик-ботаниктер» менен жакшы мамиледе бол. Кийин алар сенин жетекчиң болуп калышы мүмкүн.
😍 аябай сонун которулуптур👏
Соонун статья 👍
Мыкты, жашообузга эң керектүү кеңештер экен. Рахмат.
жакшы кенеш