Подкасттагы жарнама

Эң алгачкы подкаст 90-жылдардын башында, интернеттин өркүндөшү менен бирге чыга баштаган. Ал убакта “асинхрондук интернет радио” деп аталчу.

Подкастинг көпкө чейин саналуу гана адамдын көңүлун бурдуруп келген (“подкаст” термини 2004-жылы гана колдонулуп баштаган). Кийин iTunes бул форматты жандандырып, подкасттардын аудиториясы акырындан өсө баштаган. Радио-берүүлөрдүн жана ток-шоулардын онлайн чыгарылыштары билимдүү жана колунда бар угармандар менен катар жарнама берүүчүлөрдүн да кызыгын арттырган.

Жарнама берүүчүлөр эмне себептен подкастты тандайт?  Nielsen аналитикалык компаниясынын жүргүзгөн иликтөөсүнө таянсак, подкасттагы жарнама башка санариптик медияга караганда жакшы жыйынтык берет. Анын негизги себеби – угуучулардын эмоционалдык тартылуусу. Стандарттуу радиодон айырмаланып, жаңы формат угуучуга чыгарылыштарды тандоо, кааласа токтотуп коюп же артка жылдырып угуу мүмкүнчүлүктөрүн берген. Радио жана телевидениеге караганда подкаст активдүү кабыл алынат. Угуучулар өздөрүн кызыктырган берүүлөрдү издеп, автор жөнүндө маалымат чогултуп, атайын убакыт бөлүп угушат. Натыйжада аудиториянын подкаст менен тыгыз байланышы жаралат. Бул угуучу берүүлөрдү кунт коюп угат дегенди түшундүрөт. Edison Research статистикасы боюнча подкаст угармандарынын 80% берүүнү, анын ичинде жарнаманы да өткөрүп жибербестен акырына чейин угат экен. Алардын арасынан активдүү угуучулар 18 жаштан 34 жашка чейинкилер экендиги аныкталган. Ал эми эң көп уккандар İT тармагында эмгектенери белгилүү болгон. Респонденттердин 62% телевидениенин ордуна, 11% музыканын ордуна,  26% кино, сериалдардан көп подкаст угам деп жооп беришкен. Ал эми көпчүлук жактырган жанр шоу (76% ) жана интервью (62%) экенин аныкталган. Аудиториянын 50% монолог жактырса, 39% документалдык аудиону тандаган. Угуучуларды кызыктырган темалар – илим (54%), искусство (47%) жана кино (39%).

Көбүнчө маектешүү жана монолог форматындагы подкасттарга реклама беришет. Ал эми ал жакта козголгон темалардын сап башында билим берүү, бизнес, ден соолук жана фитнес турат.

Активдүү подкаст угуучулар жумасына алты жарым саат убактысын коротот. Бул да  болсо жарнамалык контент менен болгон “байланыш аймагын” көбөйтөт. Мындан сырткары, алып баруучуга болгон ишеним ал сунуштап жаткан продуктуга да артылат. 72% угарман жок дегенде бир жолу жактырган подкастында жарнамаланган товарды сатып алган. Алар сатып албаган күндө дагы, ал бренд же товар угуучунун эсинде калары бышык.

Негизги артыкчылыктары:

Толук камтуу

Подкасттарды бардык популярдуу аянтчалардан угушат: apple podcast, google podcast, spotify ж.б. автордук сайттар жана тиркемелер

Жарнамалык көп түрдүүлүк жок

Подкастта жарнама дайыма бир гана бренд жөнүндө болгондуктан ашыкча маалыматка алаксыбай угуучу менен болосуз

Угуучунун көңүлү бурулат

Подкастты кунт коюп угушат. Бул сиздин сунуш, товар жөнүндө жакшылап ийне-жибине чейин айтып берүүгө мүмкүнчүлук түзөт

Контентке жараша таргет

Максаттуу аудиторияны подкасттардын категориясына жараша тандасаңыз болот. Ал мотивациялык, бизнес, көңүл ачуучу ж.б. болушу мүмкүн. Эгерде көп аудиторияны камтыгыңыз келсе, кросс-автордук жайгаштырууну карап көрсөңүз болот

Жергиликтүү интеграциялар

Угуучу менен автордун ортосундагы ишенимдүү мамиле жарнамаланып жаткан брендге өзгөчө көңүл бурдурат

Жаңы аудитория

Подкастинг телевидение жана радионун ордуна альтернативдүү технологияларды тандаган орто жаштагы жана жаш муундарды  өзүнө тартат

Подкасттагы жарнама кандай иштейт?

Подкасттагы жарнама – продуктуну сүрөттөгөн 15 секундадан 1 мүнөткө чейинки кыска аудио жазуу. Кээде алып баруучу ага кошумчалап колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн же жеке тажрыйбасын айтып берет. Акырында продуктунун сайтын  жана атайын подкаст угуучулар үчүн уникалдуу промокод менен бөлүшүшөт. Промокод эпизодду уккандан кийин компанияга кайрылган угармандардын санын аныктоого жардам берет.

Интеграция форматтары:

Партнердук чыгарылыш – клиент менен бирге түзүлгөн подкасттын эпизоду. Башкы спикер катары бренддин өкүлү же подкастер сунуштаган конок болушу мүмкүн. Чыгарылыш толугу менен клиенттин тематикасына арналат.

Рубрика – бренд менен чогу даярдалып, 5-10 мүнөткө созулган маалыматтык бөлүк. Негизинен чыгарылыштын ортосунда коюлат жана бренддин эксперти катыша алат.

Pre-roll – чыгарылыштын алгачкы мүнөттөрүндө бренд жөнүндө маалымат берүү. Реклама  бир мүнөттөн ашык болбойт

Mid-roll – чыгарылыштын ортосунда бренд жөнүндө маалымат берүү. Реклама  бир мүнөттөн ашык болбойт

Post-roll – чыгарылыштын акырында бренд жөнүндө маалымат берүү. Реклама  бир мүнөттөн ашык болбойт

Подкастты же сезонду бренддөө – бир сезондук интеграция. Чыгарылыштардын темасын жана концептин автор жана бренд чогу аныктайт. Ар бир эпизоддун башында алып баруучу сезондун демөөрчүсүн атап турат. Жана ошондой эле подкастер бренддин логосун обложкага жайгаштыра алат.

Реклама берүүчүлөр көбүнчө патрнердук чыгарылышты (28%) жана pre-рrollду (55%) тандашат, ал эми аутсайдер катары post-roll (7%) жана “рубрика” аныкталган (1%).

Подкасттардагы  жарнамалардын рейтингинде финансылык, билим берүү жана ишке орноштуруу тармактары жогоруда турат. Эң акыркы тепкичте китеп, оюн, аудио- жана видео продукт, үй техникалары, дары жана БАДдар орун алган.

Реклама берүүчүгө шилтеме берүү да жогорку көрсөткүчтөргө ээ.

Жыйынтык

Подкаст жарнама берүүчүлөр үчүн дагы деле эксперименталдуу формат болуп эсептелинет. Ошентсе да анын салмактуу артыкчылыгы бар:

  • Подкасттардын популярдуулугу өсүүдө. Бул тренд мындай форматтын аудторияга болгон кызыгуусун арттырууда.
  • Колдонуучулар подкасттагы рекламаны активдүү угуп жатышат. Подкастты башка иш аткаруу учурунда угушканы үчүн колдонуучулар жарнаманы акырына чейин угушат.
  • Подкасттагы жарнама жергиликтүү жана ар тармактуу болушу мүмкүн. Көптөгөн универсалдуу форматтар бар, бирок эреже катары ар бир брендге подкастерлер индивидуалдуу мамиле кылышат. Бул подкастагы рекламанын эффективдүүлүгү жогору экенин аныктайт.
  • Жаңы подкасттар көбүрөөк коммерцияланат. Анткени алар партнердук чыгарылыштарга дайым ачык.
  • Подкасттагы жарнама жаңы аудиторияны тартууга жардам берет.
  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x