Ата-эненин колдоосу

      Адам баласынын өсүп, өнүгүп жетилишине анын ата-энесинин ролу аябай жогору экендиги эч талашсыз. Баласынын ар бир кылган ишине баа берип , колдоо көрсөтүп турушса баланын дүйнөнү багындырышы орустар айтмакчы : “Это лишь вопрос времени!”. Менин акырындык менен багындырып келе жаткан ийгиликтеримдин себепчиси менин эн асыл адамдарым – ата-энем. Анда эмесе кеп башынан…
Мен 1998- жылы ак төөнүн карды жарылган кезде Өзгөндө мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм . Апам кыргыз тили жана адабияты мугалими .Кээ бир тааныштарым журналисттердей жазасын деп калышат буга бирден бир себепчи апам . Анткени апам кыргыз адабиятына болгон кызыгуумду ойготуп Чынгыз Айтматов , Төлөгөн Касымбеков , Мукай Элебаев сыяктуу кыргыз адабиятынын дөө-шааларынын чыгармаларын окуганга түрткү болгон . Кыямат , Сынган Кылыч романдарын окуп апам менен көпкө чейин каармандар жөнүндө сүйлөшкөн күндөр мен үчүн ар дайым бактылуу көз ирмемдер. Ал эми атам эл агартуунун отличниги , орус тили жана адабияты мугалими. Атам экөөбүз кичинемде чогу олтуруп сыналгыдан кино көрчүбүз , орусча түшүнбөгөн жаным ар бир айтылган сөздү атама которуп беришин суранчумун , атам дагы эч камырабай кино бүткөнчө синхронно которуп берчү, ал эми электр жарыгы өчүп калган күндөрү (бизде айылда бул көрүнүш күн алыс эле кайталанып турчу) шамдын жарыгында Крыловдун “Козу менен Карышкыр “ Пушкиндин “ Балыкчы менен алтын балык” жана башка толтура жомокторду которуп окуп берчү . Ошентип орус адабияты менен жаш кезимден эле тааныштым. Ал эми мектепке барып өз алдымча окуп калган кезде атам “Кытай-Корей эл жомоктору “ апам “Кыргыз эл жомоктору” сыяктуу көптөгөн китептерди алып келип дүйнө таанымымдын кеңейишине башка элдердин маданиятына кызыгуум артышына түрткү болушуптур. 4/5 класстарда атам интелектти өнүктүрчү шахмат оюнун үйрөттү иним экөөбүз тен жакшы үйрөнүп райондук денгээлдеги мелдештерде ийгиликтерди багындырып жүрдүк. Кыргыз болуп жаралган сон жети атасын билүү парз деп кыргыз элинин Санжырасын (гениалогия) анын ичинде жети атабызды үйрөттү.7-класста класс жетекчилерибиз алмашып апам биздин паралел классыбызга класс жетекчи болуп калды. Мени өз классына албагандыгы үчүн апама көпкө чейин таарынып жүрдүм . Мени эркелеп окуусун таштап койбосун жана өз алдынчалуулукка үйрөнсүн деп албаганын кийин гана түшүнүп жеттим. Атам ишке жарап калган кезден баштап :”Шаардын ишин кийин өзүңөр оңой эле үйрөнүп аласыңар , айылдын ишин билип алганыңар өзүңөргө гана жакшы “- деп отун кылганды , чөп чапканды , дыйканчылык , багбанчылык , мал чарбачылыкты негизги айыл тиричилигин , эмгекчил болгонду үйрөттү 10 жылдан бери шаарда жашасам да айылга барып айылдын жумушун камырабай кылып кеткендин мааниси ушунда. Атам жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген адамдардан ошондуктан кандай өнөр үйрөнбөйүн ар дайым колдоп турат. Эң эле жөнөкөй мисал тигүүчү машинеде кээ бир кыздардан жакшы тигем 🤣. Бул дегени атам бизди турмуштун бардык сюрприздерине даярдаганы экен. Менин ар бир демилгеме колдоо көрсөтүп , баалуу кеңештерин берип бирок мен чыгарган чечимдерди колдоп турушканы мага күч кубат берген булак болуп турат.
Мен ушул алтындай болгон адамдардын перзенти болом жана ушул үй-бүлөөдө төрөлүп өскөнүмө кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк келтирем! 

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x