..Эртең кайра чыга турчу Күндүн ырахатын сезип, буркан-шаркан түшкөн турмуштун ызы-чуусуна көңүл бөлүүгө убактым болбой – ага кажет деле жок абалда – ар бир өткөн көз ирмем, майда-барат көрүнүштөрдөн ырахат алып, телегейим тегиз бактылуу жашап жатам.
Жамгыр жаады. Мышыктар суу болду. Жанатан бери жаны тынбай көпөлөк кубалап ойноп жүрүшкөн немелер веранданы көздөй чуркап келишип, мага ыктай чалкалап алышып, капыстан төгүп ийген жамгыр кайсыл көрдөн чыга калды экен деп таңыркап, суу болгон чачтарын тили менен жалап-жуктап жаны тынып отуруп калышты.
Түш оогондон берки ысыкта верандадагы төшөктөрүндө үргүлөп жаткан иттер ордунан козголуп койбой, алыстарга көз жүгүртүшкөн болуп, алар да жамгырдын күүсүн тыңшап жатышат. Тооктор түнөгүнө чыгышты, жаңы ачып чыккан жөжөлөр күрпү тарай элек энесинин көчүгүн ээн калтырбай муштумдай жандарын салкын желден корголошот. Чакан аянтка катар-катар тыкандык менен эгилген эки жөөк помидор, бадыраң, баклажан, калемпир, болгар калемпири, окралар жыргап жуунуп алышты.
Дарбазадан кире бергенде тосуп ала турчу анча чоң эмес бакчадагы апельсиндер, лимондор, шабдалылар, оливка дарактары улам бир койгулап жааган тамчыларга бой бербей чымырканышып, тик турушат. Бакчаны аралай үйгө алып кирген жолдо тизилген аппак жалпак таштар өз ыраңына чыга келишти. Бапестелип каралган көк майсаң табийгаттан энчисин алып, жашыл шибер жыты көңүлдү сергитип турат.
Эмелеки ысыктан куйкаланып турган топурак жол дыбырап жааган жамгырдан тоборсуп, жыпар жыты менен кишини мас кылууда. Алиги жаңы эле тигилип, көргөндүн көзүн кубандырган чакан бакчадан жалпак таштарды абай басып кирип келгенде атайын суу өткөрбөгөн чатыр жабылып, бою полдон шыпка жеткен көлөмдүү терезелер орнотулуп татынакай жасалгаланган ичи-тышы жапжарык үй оро-параңа чыга келет.
Ага уланып жасалган аппак кафелдери мраморду элестеткен верандада чакан стол, жайлуу селкинчек-диван, көргөн көздү кубанткан миң түмөн өңдөгү гүлдөр жана дагы анын маңдайында майлуу боёк менен тартып койгон полотнодой кериле жыш токой орун алат. Андан ары назар сала бергенде учунан кибиреп чалкыган деңиз көрүнүп, Күн кызарып батып бараткан болот.
Төбөдө жайгашкан ушул жалгыз үйүмдөгү селкинчегимде жай-баракат желбиреп, токойдон терип келип, күнгө кактап кургаткан чөптөр менен жасап алган чайымды уурттап олтуруп, бүт өрөөндү кучагына алган алакандай уямда токойдо сайраган куштардын, эртең кайра чыга турчу Күндүн ырахатын сезип, буркан-шаркан түшкөн турмуштун ызы-чуусуна көңүл бөлүүгө убактым болбой – ага кажет деле жок абалда – ар бир өткөн көз ирмем, майда-барат көрүнүштөрдөн ырахат алып, телегейим тегиз бактылуу жашап жатам.
Таң эрте туруп тоокторума жем чачып, ар дайым белен турчу уячасынан жумурткасын алып, бакчадан терип келген помидор, көк калемпирим менен таңкы нанүштөмө камыгам. Дал ошол кездери адамга мындан башка эч нерсе керек эместигин түшүнүп жеткен болом, минималист жашоонун канчалык баалуу, барктуу экендигин бүткүл аң-сезимим менен кабылдаган болом. Эң башкысы жашоого жана тагдырга каниет кылганды үйрөнгөн болом.
Ал эми баягы бирде дыбырап, бирде нөшөрлөп жааган эрке жамгыр болсо акыры токтойт. Жөжөлөрүм күндөрдүн биринде какылыктап жумурткасын сүйүнчүлөгөн мекиян болушат, бакчам кеңейип, мөмөлөр ээ-жаа бербей төгүлүп турушат. Эң башкысы ак эмгегимдин үзүрүн көрүп жаткан болом.