Бир күнү үйүмө келем. Көптөн бери босогосун эч ким аттай элек бөлмөмө кирип, чоң терезелерди ачам. Күндүн нурун аздектей чакырып, текчедеги гүлдөргө муздак суудан чорголото куюп чыгам. Күндүн батканын тамаша кылам, чымчыктарды кубалап жабыгуулардан качкан болом.
Чакандык
Муздаткычта жарты помидор турат, идиштин түбүндө азыраак томат калыптыр. Шкафта качандан калганы белгисиз макарон, столдун үстүндө сынган жумуртка бар. Келиштирип туруп даамдуу тамак жасадым. Даамы оозумда калыптыр. Ченеми жок баалуу татымал, замзамдан суу кошкон эмесмин. Чакандыкты сүйөм.
Иттин жашоосу
Анда да күн ушул күн, мезгил ушул мезгил эле. Барган дарегибиз бир боз талаа, маңдайынан поезд гана узап өтөт. Башка эч бир көзгө урунар көркү жок, үптөн дем жетпей кетет.
— Жашоо деген ушундай. Сен да мага боор ооруба, мен да сага боор оорутпайын жөн жерден, – дедим ысыктан калкаланып жолдон өтүп бараткан байкуш итке.
Көңүлүмө көктөм болуп бер
Каяктан келгенин деги эле билбейм. Айтор, турган бөлмөнүн бир четинде. Карасам, мени ого бетер таңыркап тиктейт. Эмне жеп, эмне ичип, бир чатырдын астында кантип күн көрүп жатканыбызды деле капарга албаптырмын. Бир билгеним эшикте жаз келген болчу. Бир мезгил узады. Кожоюнуң өз өлкөсүнө жөнөп кетти. Ал эми сен ашканадан орун алып калыптырсың. Өңүң бозоруп, кунарсыз тартасың тим эле. Бирде оттой кызарып ачылганың деле куудурап, кечээги күндүн жомогундай болуп турасың. Ашканага кирип баратканда эле көзгө урундуң. «Ии, мурда эмне ойлонбодум экен?» дедим өзүмө. Сени жууп-тарап, күн тим эле жаркырап тийген бөлмөмдүн терезесинин кенен текчесине алып келип койдум. Эми кайра бажыраясыңбы? Көңүлүмө көктөм болуп бер деп шыбырайынбы.
Кышкы таң
Будильник ойготту. Эшик караңгы. Кышкы таңдын өзгөчө тону бар. Көпкөк десемби, жок, фреш менен жуурулушкан таптаза тон. Жылуу свитшотумду кийип алып, ашканага кирип жумурткаларды бышырып, бадыраң менен помидорлорду туурап, таңкы тамакты даярдаганга чейин асман буурул тартып, мен сүйгөн кыштын нагыз тону терезеде пайда болуп калды. Студенттик күндөрдүн унутулгус элестери: баарыбыз шаша-буша тамактанганыбыз, ал эми биринчи сабагы жоктор шашпай, коюу чайынан уурттап, бирөөнүн жанын койбой мыскылдап, ага баарыбыз шаңкылдап күлгөнүбүз… Баарынан да эшикте кычыроон кыш болгону менен үйүбүздүн ичи жылуу жана жарык болгону жагат. А мунун баары көңүлдүн жылуулуганан өтөрү шексиз.
Сүткө күйгөндөн кийин…
Жаның ачыбай, ичиң буулугуп көк түтүн болбой калган күндөр келет турбайбы. Убакыттын ишиби же кадыресе мээнин алагды болгонубу… айтор, негизгиси жаның сыздабай калган учур келет экен. Эми оңбой калдым го деген сезимиң артта калып, кээ бир нерселер анчейин деле олуттуу көрүнбөйт калат тура. Бирок оозуңдун “күйүгү” менен каларың ырас. Ишенимиң алсырап, жаңы (к)адамдардан кооптонуп, өзүңдү ыраак кармоого аракеттенип…
Эркиндигиңдин чектелген жери
Эркиндигимдин чектелген жери. Ушул жер. Алыс да, жакын да эмес. Так ушул мен турган жер. Жашоодо өз алыңа жараша канча ашууну багындырып, кандай күндөрдү башыңдан өткөрүп, кайсыл ийгиликтериң менен маашырланба – эркиндигиңдин тушалып калган чеги, чекити болот. А мен азыр так ошол чекитте турам.
Үйүмө келем
Бир күнү үйүмө келем. Көптөн бери босогосун эч ким аттай элек бөлмөмө кирип, чоң терезелерди ачам. Күндүн нурун аздектей чакырып, текчедеги гүлдөргө муздак суудан чорголото куюп чыгам. Күндүн батканын тамаша кылам, чымчыктарды кубалап жабыгуулардан качкан болом. Анан түн киргенде Ай менен жылдыздарды көрбөсөм да алардын бар экенин сезип, калың жуурканымды кымтылана жамынып уктайм. Чамасы, түшүмдө күндөрдүн биринде кайра эле үйүмө кетип баратканымды көрсөм керек.
Отурган киши жана башкалар
— “Биз менен чогуу жылмай” деген агымыбызды колдоп, биз менен сүрөткө түшүп коё аласызбы? – дешти жанатан бери деңиз жакка көз салып отурган кишиге. Эч нерседен капарсыз тээ тияктан басып келген бирөөлөр. Отурган киши кара көз айнекчен, жүзү бирде жыйрылып, онтогондой добуш чыгарат дагы көпкө барып үшкүрүнөт, эриндеринин титирегенин билдиргиси келбегенсип чымыркана тиштейт. Кез-кезде колун шаша-буша жүзүнө алып барып, уурдана бир жүгүртүп сыйпалап алат. Минтип тээ тияктан бери басып келаткан немелер жылмайып сүрөткө түшүүнү сунуштап жатышканына караганда, жолдон өткөндөрдүн отурган киши менен иши деле жок.
– Кечиресиз, ыракмат, – деди отурган киши айтылган сунуштан сыпайы баш тартып. Жылмайып сүрөткө түшүүнү сунушташ үчүн тээ тияктан бери басып келген немелер отурган кишинин кара көз айнегинен болбосо дагы, кыргыл үнүнөн бирдемени байкай калышкансып, оңтойсуз боло түшүштү окшойт. Андан ары басып кетишти.
Маңдайыбызда Босфор, Кыз мунарасы, ак чардактар. Таксимде тириликтин ызы-чуусу эбак башталган. Отурган киши эриндеринин калчылдаганын билдиргиси келбей улам тиштегилеп коюп отурат. Капкара көз айнегинен деңиздин аппак көбүктөрү чагылышкансыйт.
Көңүлүм кирдеди
Кеч кирди. Жумуштан кайттым. Кар – борошо, кар – жерден көккө чейин… Жуунуп-таранып эми гана эс алайын десем, бөлмөмдө жагымсыз бир жыт пайда болду. Терезени ачып желдеттим, колума колоньядан тамчылатып жыпар жыт чачтым. Бөлмө таш болуп муздаганына карабай белгисиз жыт дагы эле кетпей турат. Көчөдөн тез жардамдын сиренасы угулат, жол тыгындын ызы-чуусу кечти коштойт, издер акка көмүлөт. Ал эми менин бөлмөмдө белгисиз жана жагымсыз бир жыт бар. Кирдеген көңүлүмдүн жыты. Көңүлүм кирдеди.