Күн кызарып батып жатат, айлананы акырындык менен көлөкө жаап түн кирип бара жаткан кез эле. Баягы эки бала кыткылыктап ойноп жатып курсактары ачкандан улам, апасы эсине келе түшүп күндөгүдөн башкача абал болуп турду. Бою кичинекей, көздөрү тоголок, мурдун бырбыйтып “Асан апам качан келет?”деп агасынан сурады…. Асан дагы эсине келип, эмне деп жооп берерин билбестен жүр экөөбүз апамды айнектен карайбыз деп терезенин текчесине чыгып баягы ангыл-дангыл таш аралаш, капталына саз чөп чырмалышкан жолду карап көз салышты. Жолдо караан көрүнбөйт, баягы иниси жан дүйнөсү таза жана бираз жумшак болгонуна байланыштуу, ызаланып апам көрүнбөйт го деп байкесин кучактап көзүнө жаш алды. Экоо кучакташып алып жолду карап, олтурганда тыштан, темирдин чийип өткөнүнөн дабыш чыгып апасы колуна баштыгын көтөрүп алып үйгө кирип келди, апасын көргөн балдары кубанычтары койнуна батпай, чуркап апасына жугуруп барып кучакташты. Дене боюнан ал кеткен, көздөрүнүн асты көк басып, эртеден кечке колун сууга салып, бели какчыйып ооруп турса дагы, баягы балдарын көргөн апасы жүзүнөн жарык тамып турду. Балдары күтүп калганын көрүп, жан дүйнөсү бир четинен кабатыр болуп алар тынч жана чыдамсыздык менен күтүп отурганын көрүп ыраазы болду. Баштыгынан балдарына алып келген тамактарын чыгарып, курсактарын тойгузуп төшөк салып уктатып коюп өзү бир убакытка чөмүлүп ойго батты.
Подписаться
авторизуйтесь
0 комментариев