Бул сапар узак болду, өтө узак. Түнкү он экиден өтүп чыккан элек, эртеси ондо Кара-Кулжага араң жеттик. Ооба, ал жолдо каттап жүргөндөргө таң каларлык узактыр, бирок Төө-Ашуунун бороондуу түнү, кар уюган тайгалак жолу, Суусамырдын аппапак кар баскан өрөөн ичи, андан мындан салынган үйлөрдүн чатырларын бир метр ашык ийилте кычыратып кар баскан чатырлары, көк жылтыр тайгак жолу, Ала-белдин уюлгута соккон катуу шамалы, бурганактап лапылдап жааган суук кары, жолдун оңой болбогонун айгинелейт. Нагыз кыш чилдеси, жаз айына орун бербей, кычырап кышкы жанвар өкүм сурүп турганы. Бул жаз келди деп жеңил кийим которуп, айлананын гүлдөп, көгөрүп-көктөп жатканына суктанган тегиздеги калаа тургундарына айтсаң, жомок сымал угулар.
Кара-Кулжа, эбаккы эски тууганын күтүп алгандай аябай жылуу тосуп алды. Тынбай рулда отурган айдоочу менен жанында кошо жүргөн, жол белде ага жардам берип, ашуунун суугуна кайыгып, карга бирде тизелей, бирде жата калып дөңгөлөккө чынжыр ороп, чечип, айтор жол азабын тең артышкан бизге ысык чайын камдап мындай кучак жая тосуп алганы, баардык чарчоону бир демден күбүп түшкөндөй болду. Ал-жай сурашып, ахвал менен таанышып бүтүп, үчөөбүз жатканга ашыктык. Бул түнкү уйку ушунчалык бейкапар болду го барыбызга, сыягы. Таңда эс алган абалда ойгондук.
Кара-Кулжа, кең капчыгайдын оозун ээлеп, тоо этегиндеги тегизге узатасынан жайгашкан. Көчөлөрү тегизди түптүзүнөн, шырыктай тиле, кесилише төрт чарчы болуп жайгашкан. Жолдору асфальт, түз, айыл ичи таптаза. Короо-жайлары иреттүү , ичине мээнеткеч жергиликтүүлөр ар түркүн бак-шактын бир нечесин тигип коюшкан.
Түнкүсүн көчө боюндагы, үйлөрдүн айланасындагы, терезелеринен чыккан жарыктар, жыбырап көзгө сонун көрүнөт. Айыл четиндеги айланып дөңсөөгө чыгып, Алайкууга кеткен белге чыкканда, айыл алаканга салгандай баш-аягы тегиз көрүнөт. Биз таңда чыгып жөнөгөндө айылды узата карап жол уладык. Кайтканда иңир кирип, көз байланып калган эле, ошентип Кара-Кулжанын таңы узатып, жылдыздай жымындаган түнү тосуп алып, андан ары Өзгөнгө жол көрсөтүп кала берди.
27-март, 2022-жыл. Кара-Кулжа, Алайкуу.