Сары автобус

Окуучулук кезимди, балалыгымды эске салган сары автобус…🚃💛

4- классты аяктаган соң окуумду андан ары улантыш үчүн Кара-балта шаарындагы А.С.Макаренко лицей мектебинде окуп калдым. Ал жактын жатаканасында (корпуста🤗) жашап окучумун. Жуманын 5 күнү ал жакта болуп, алтынчы күнү алтынчы сабактан кийин айылга жөнөчүмүн. Анан ошол мен сагынган айылыма, ата-энеме, бир-туугандарыма ушул автобус менен барар элем.
“Ой бууй” кадимкидей эле Кудайдан өзүмө ден- соолук сурагандай, автобустун дагы бузулбай төрт дөңгөлөгү айланып туруусун суранат элем. Анткени бузулуп калып далай жолу машинеден машинеге отуруп, кээде жакынкы айыл Кировко чейин келип андан ары 4-5 км жөө кеткен учурлар көп болгон. Ошон үчүн алыстан эле айылга кетчү автобустар токтоп турган аялдамадан биздин “Күрпүлдөк” айылына кете турчу Сары автобусту көргөндө кадимкидей толкунданып, калып калчуудай шашкалактап жүгүрүп кирээр элем. Киргенде эле дароо акча чогулткан кондукторду карайм.Бакыт деген жеңем болсо тим эле сүйүнөм. Анткени, ал туугандык кылып менден акча алчу эмес. Демек, 16 сом чөнтөктө калат 😃. Ал эми башка болуп калса бир аз кабагым бүркөлө түшөт.Демек бүгүн жолум жок…🤔
Бирок эч нерсе эмес, негизкиси жетиштим.

Эң кызыгы автобустун ичи дайыма элге толуп турат. Өзгөчө ишемби күндөрү студенттер, базарга келип товар алган соодагерлер, айтор киши көп. Кээде байкуш Сары автобусту аяп кетчүмүн. Тили болсо “аааай”- деп кыйкырып жибермек же сөкмөк😁…
Ушунчалык элдин көбүнөн бир буттап, бир жарым сааттык жолго чейин балерина болуп барган күндөр болгон. Бирок анысына деле кайылбыз “эң башкысы айылга жетсек”- деген чоң үмүттө барчубуз… Тилегибиз бир, шартыбыз окшош айылдаштар Сары автобусту мине берип жоруп кеткен аттай эле пайдаландык 😁.

Жолдун чаңы ичине буруксуп кирген, арткы эшигинен дайыма кыйчылдап үн чыгып турган, саздак жерге жеткенде (Кайыңды менен Понфиловканын ортосу) терезесинен сасык жыт киргенде бирибизден шектентип караткан ” Сары автобус” автобазада керексиз буюмга айланды.. ☹️
Эми биздин жол ак маршрутканы чанып, жеке машинелерди тандап отурабыз….
Биздин жол, биздин тилек.
Турмуштук автобекет.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • One Comment

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован.

    Контентчи

    © 2022 Контентчи