Убакыт деген чындыгында укмуштуудай нерсе экен. Кече эле келгендей сезилгени менен Европанын так ортосунда жергиликтүүлөр айтмакчы Дойчланд мамлекетинде жашап жатканыбызга 8 айдын жүзү болуптур. Буга чейин Германиянын жайын , күзүн көрсөк бул жолкусунда кышын , жазын көрүү буйруптур. Жогорку денгээлдеги инфраструктура , готика , барокко стилинде курулган шаарлардын көркү жаз келгенде чыгат экен.
Кун чайыттай тийип , аарылар – жыты анкып ,түркүн-түскө боёлгон гүлдөргө учуп конуп , жаздын жылуу , мелүүн шамалы беттен сылап турган кез. Адатыбызча сабактан чыгып Төмөнкү Саксония жергесинде жайгашкан Оснабрюк шаарынын борбордук темир жол автобекетине бет алдык. Сапарыбыз алыс деле эмес Оснабрюк шаарынан түндүк-батышты көздөй 50 км алыстыкта жайгашкан Дипхольц деген чакан шаар. Бир жумада эки жолу Дипхольцтон Оснабрюкка сабакка келип кетебиз.
Кырылган сайын кычаган Кыргыз!
Түгөнгөн сайын түтөгөн Кыргыз! – деп Манаста бекеринен айтылбаган чыгаар. Анткени дүйнөнү канча кыдырып , кайсыл жерге барбайын жок дегенде бир кыргызга учурайм . Бул жагынан алып караганда кыргыз элинин 6.5 млн экендигине бир жагынан ишенбей кетесин. Калкыбыздын басымдуу бөлүгү миграцияда жүргөнүн эске алганда кайрадан акылга сыярлык эле нерсе экендигин түшүнөсүн…
Поездин 4 адам отурчу кенен жеринен орундук алып, жазгы табятка суктанып, кулакчындан жанырып жаткан Нарындан жазган салам каттын коштоосунда бара жатканбыз. Бир кезде азиат түспөлүндөгү биз курактуу улан жаныбыздан өтүп кетти. Бир караганда кытай, корей, вьетнамдыктарга окшогонубуз менен. Журуш-турушубуз, кийингенибиз менен баары бир айырмаланып турабыз. Көздөрүбүздөн “Мен кыргызмын”- деген нур чачырап турат. Досум экөөбүз кобурашып кыргызбы же кыргыз эмеспи деп калдык . Акыры жанына барып учурашууну туура көрдүм.
Гутен Таг , Синд Зи аус Кыргызстан? деп немисче салам айтып кирдим. Чоочун адам күтүүсүздөн суроолорду жаадырарын күтпөгөн жигит таң кала “Я, их коме аус Кыргызстан ! “- деп жооп берди. Ээ жердеш мен дагы Кыргызстандан деп сөз уланып кетти. Ушундай учурларда бири-бирибизди таануу учун кандайдыр бир ымдама белги (жест) ойлоп табышыбыз керек экен деген ойлор келет анткени бардык эле адам мага окшоп барып таанышууга батына албайт чыгаар. Бул маселе копчулук эле мекендештерибизде кездешет экен. Ушул нерсе жөнүндө социалдык тармактарда маселе көтөрүлүп бирок бир консенсуска келе алган жокпуз. Мекендештер менен жолугушуу , сүйлөшүүнүн мааниси чет жакта аябай эле чон. Адамга- адам керек дегендей. Сени түшүнө алган, өтмүшү сеникине окшош адам менен чай үстүндө шашпай кобурашууга муктаж болосун.
Подписаться
авторизуйтесь
0 комментариев