Бишкек шаары акыркы 3-5 жылдан бери абасы булганган шаарлардын арасынан Мумбай, Пекин, Ханой жана Тегерандан ашып, швейцариялык аба тазартуу системасын чыгаруучу IQAirдин көрсөткүчүндө биринчи орунда туруп калды. Айрыкча кыш мезгилинде шаарды көөлүү, кара, оор туман басып калат. Шаардын ышталуусунун башкы себептери катализатору жок автоунаалар, борбордук ТЭЦте сапатсыз көмүрдүн жагылуусу жана түтүн чыгуучу трубаларында атайын түтүндү тазалоочу фильтрлердин жоктугу. Аларга жеке турак-жайларды, ишканаларды, сауна-баняларды жана цехтерди жылытуу үчүн жагылган көмүрлөр, эски-уску таштандылар жана арасында каучук, резина камтылган калдыктар кошулат.
Кышында ТЭЦтен, автоунаалардан ж.б жеке сектордон бөлүнүп чыккан түтүн асманга көтөрүлүп, бирок төмөнкү температурадагы абадан бат эле муздап, андан ары жогорулай албай шаардын үстүндө уюп калат. Мындай көрүнүш жылдар бою кайталана берсе, акыры барып озон катмарынын бузулушуна себепкер болот. Жыртылган озон катмары бир катар ооруларды пайда кылып, жердин глобалдык жылуусун тездетет.
Жер жүзүндө шаарды ыш басып, жашоочулардын ден-соолугуна зыян келген учурлар көп эле болгон. Улуу Британиядагы 1952-жылкы «Улуу ыш» жергиликтүү калк менен жан-жаныбарларды өлүмгө жана ар түркүн илдеттерге кириптер кылган (https://kontentchi.com/uluu-britaniiadaghy-uluu-ysh/). Бишкектеги ыштын ден-соолукка болгон зыяны азырынча билинбес, бирок келе жаткан жылдары бара-бара сезиле баштайт. Буга каршы масшатбдуу түрдө бир нече кыска жана узак мөөнөттөгү олуттуу чараларды көрүү абзел.
Биринчилерден болуп ТЭЦтерде жагылган көмүрдүн сапатын жана көлөмүн азайтып, ыш чыгуучу трубаларга чыпкалоо (фильтирлөө) системасын туташтыруу керек. Убактылуу премьер-министр Артем Новиков сунуштагандай ТЕЦти көмүрдөн газга которуу зарыл. Бул бир топ көлөмдөгү ыштын кескин азайуусуна өбөлгө түзөт. Албетте газды Орусиядан жана Өзбекстандан чоң көлөмдө экспорттоо бул экономикасы чабал өлкөнү көз-карандылыкка жана карызга кириптер кылат. Ошондуктан бул убактылуу иш-чара.
Айрыкча жаңы конуштардагы турак-жайларга борбордук жылуулук системасын жеткирүү керек. Газ жылыткычы жеткен аймактарда көмүр колдонууга тыйуу салынышы керек. Жеке ишканаларды, цехтерди жана баньяларды көзөмөлгө алып, аларга жалпы көрсөтмөлөрдү жана милдеттемелерди берүү керек. Курулуш үчүн да учурда регенеративдүү жылуулукту пайда кылуу жана жылуулукту сактоо (изоляция) үчүн ойлонуп чыгарылган бир топ мүмкүнчүлүктөр бар.
Борбордогу автоунаалардын жыштыгы акыркы он жылдагы чоң көйгөйлөрдүн бири. Транспорттук системаны жаңылоо жана жакшыртуу зарылчылыгы баарыбызга белгилүү. Ансыз автоунаалардын санын азайтуу мүмкүн эмес. Бирок өтө эле эскилиги жеткен унааларга чек койуу башкы чаралардын бири. Сырттан кирген унаалар жана андагы катализаторлор үчүн атайын эрежелерди кабыл алуу керек. Мындай иш-чара өлкөгө алып кирилген күйүүчү май жана дизельге да тиешелүү. Өнүккөн өлкөлөрдө электр жана солярдык (күндүн) энергиясы менен жүргөн унаалар көбөйүүдө. Шаар ичинде жана жакын аралыкта жүрүүчү унааларды мындай жолго салуу дагы бир мүмкүнчүлүк.
Жакынкы долбоорлорго шаарды жана анын тегерегин жашылдандырууну дагы киргизиш баарына түшүнүктүү демилге. Ал эми узак убакытта ишке ашчу максат – бул альтернативдик энергия жаратуу. Кыргызстанда жаратылыштын ресурстары күн, суу жана шамал абдан жакшы берилген. Гидроэлектр станциялардын жаңыланышы менен суунун потенциялын кененирээк колдонуу ишке ашат. Шамалдуу өрөөндөрдө жел-тегирмендер орнотулушу керек. Күнөстүү өлкө катары күндүн энергиясын колдонуу – альтернативдик энергиянын эң натыйжалуу жолу. Андан тышкары органикалык таштандыдан, жыгачтан жана айыл-чарба өсүмдүктөрүнөн дагы энергия алуу жолдору каралышы керек.