Учурдагы акониттин (уу коргошундун) айланасында болуп жаткан ызы-чуудан улам, бул заттын фармакологиялык жана токсикологиялык касиеттерине көңүл бургубуз келди. Маалыматтарды интернет айдыңынан жана илимий-изилдөө борборлорунун тыянактарын англис жана орус тилдүү булактардан топтодук.
Уу коргошун (лат. Aconitum, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун (орусча лютик) уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры жоон, түймөк сымал, жалбырагы татаал, манжадай тилик, гүлү сары, көк, кызгылт көк, кээде ак, чачыдай топ гүлгө чогулган. Уу коргошундун Тундүк жарым шарда 300, Кыргызстанда 9 түрү (ак кодол, бурма кара, кара барпы, кулунчак ж. б.) кезигет. Бизде ал «Ысык-көл тамыры» деген ат менен дагы белгилүү. Уу коргошун Кыргызстандан тегерегинде Кашмирде, Кытайда, Казакстанда 2500-3000 метр бийикте өсөт. Ал – уулуу өсүмдүктөрдүн эң күчтүүлөрүнөн. Уу зат айрыкча тамырында көп. Уу коргошун байыртан дары катары белгилүү. Тамырын кайнатып, сүт кошуп, ысык ичишкен. Мунун кытайдын элдик медицинасында дагы колдонулаары айтылып жүрөт.
Аконит жөнүндө негизги фактыларга токтолсок, бул өсүмдүк уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирип, курамында 8-10 го жакын ар түрдүү алколоидди камтыйт. Алколоиддердин негизгилеринин бири бул – аконитин. Акониттин уулуулугу анын түрүнө, өскөн жерине, топурагына, жашына жана климаттык шарттарына жараша болот. Бул кошулма өтө уулуу келип, нейротоксиндерге кирет. Мындан сырткары өсүмдүктүн жалбырактарында жана тамырында коргошун бар экендиги аныкталган. Коргошун оор металлдардын катарында турат.
Уулуу алколоиддерди камтыган өсүмдүктөрдү медициналык практикада колдонууга бир катар тыюу салынып, чектөөлөр киргизилген. Уу коргошун аталган чөптүн тамыры (аконит) Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уулуу өсүмдүктөр боюнча тизмесинин сап башында көрсөтүлгөн. Аконитин менен уулануу анын көп багыттуу кыйратуучулук касиети менен аныкталат. Уунун соккусунан бардык маанилүү системалар, мисалы: нерв системасы, жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана бөлүп чыгаруу системалары жабыркайт. Көңүл алчу нерсе: Аконит уусу тери аркылуу оңой жана тез эле кирет!
Маалымат издеп жатып, профессор Алдашев Абдулхай Алдашевичтин 1974-жылы аконит тууралуу китебин таптык. Китепте аконитти медицинада колдонуунун тарыхы, СССРде, анын ичинде бизде (Кыргызстанда) жасалган изилдөөлөр, тажрыйбалар жазылган. Эң негизгиси, автор төмөнкүдөй жыйынтык чыгарган: «Илим жана техниканын учурдагы деңгээлине караганда элдик эмпириканы киргизүүгө, медициналык жана ветеринардык практикада кылдаттык менен текшерилбеген эксперименттерди жасоого уруксат берилбейт. Ушул себептен улам айтылган өсүмдүктөрдүн фармакологиялык жана токсикологиялык касиеттерин ар тараптуу, тереңдетилген негизде изилдөө муктаждыгы келип чыгат».
Эми акониттин касиеттерин изилдеген түрдүү макалаларга, публикацияларга таянып, анын фармакологиялык мүнөздөмөсүн жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен сүрөттөп бергенге аракет кылалы:
Акониттин эң башкы алколоиди болуп эсептелген аконитин биздин организмге кандай таасир берет?
Аконитин биздин иш-аракетибиздин механизми боюнча жоопкерчиликтүү парасимпатикалык нерв системасына таасир берет, бул – холинди тосуучу препараттардын механизмине окшош, тактап айтканда, биздин организмибизде ацетилхолин деген медиатордун иштелип чыгуусун токтотот. Муну менен бирге жүрөгүбүздө, кан тамырларда, өпкөдө, аш казанда, ичегиде, көздө, булчуңдарда жана борбордук нерв системасында кездешкен бардык холина-рецепторлорубузга (М жана Н ) терс таасир берет. Аконитин клеткаларга натрийдин иондорунун кирүүсүн күчөтөт. Бул эмнени түшүндүрөт? Дээрлик бардык органдар натрий, кальций жана калийдин иондорунун алмашуусу менен иштейт. Натрий менен кальций дайыма чогуу иштейт, ал эми калий оппозиционер сыяктуу фунцияга ээ. Жүрөктүн согуусу үчүн ушул ион алмашуу процесси өтө маанилүү. Биздин жүрөгүбүз натрий жана кальцийдин иондору клеткага киргенде кичирейет, жыйрылат (систола). Жүрөк кичирейгенден кийин кайра кеңейип эс алышы керек, ошондуктан клетканын ичиндеги натрий менен кальцийдин иондору түгөнүп, жүрөктүн клеткаларына калийдин иону киргенде жүрөк бошонуп, эс алат (диастола). Ушул процесстин жардамы менен жүрөк тынбай согуп турат.
Аконит кабыл алганда жүрөк эмне болот?
Акониттин алколоиди болгон аконитин жүрөктүн клеткаларына натрийдин иондорунун кирүүсүн көбөйтөт. Анда жүрөк күчөтүлгөн режимде иштей баштайт да, эс алганга жетишпей калат. Жүрөк чарчап эс алгысы келет, бирок болбойт, клеткада натрий көбөйгөн сайын, калийдин иондору кире албай калат. Бул учурда жүрөк катуу жабыркап, ритми бузулуп, бара-бара токтоого аргасыз болот. Буга окшогон процесстер башка органдарда да жүп баштайт. Мисалы, көздүн каректери жайылып, нерселер экөө болуп көрүнүп, көздүн көрүүсү начарлайт. Мындай симптомдор кураре жана кураре сыяктуу уу менен ууланганга окшош.
Алколоиддер өтө тар терапевттик индекске ээ. Бул эмнени түшүндүрөт?
Дарылык өлчөм (доза) менен токсикалык өлчөмдүн (доза) ортосундагы айырма өтө кичинекей. Кичине эле жаңылыштык кетсе дарынын ордуна уу даяр!
Аконит май эриткич заттарга киргендиктен, биздин организмибиз аны (аконитинди) өтө тез сиңирип алат. Натыйжада ал тездик менен каныбызга аралашат дагы бардык органдарга тарайт. Аконитиндин таралышынын көлөмү 690 литрге жетет, бул ар бир органга жана тканга тереңдеп кирип, организмибизден чыгуусу көп убакытты талап кылат дегенди билдирет. Мындан сырткары аконитиндин мүнөздөмөсүндө ал кан протеиндери менен тыгыз байланышарын көрсөтүүдө. Дайыма белок менен аконитинди ажыратып, белокту тазалоо үчүн боор өтө катуу иштеп баштайт. Боордо бир затты башка бир затка айландыруу үчүн түрдүү ферменттер бар. Аконитин бул ферменттерди блоктоп, иштетпей, же тескерисинче күчөтүп салуусу мүмкүн. Мындан улам аконитинди башка препараттар менен бирге колдонсо, ал препараттардын таасирин өзгөртүп салат. (препараттын эффективдүүлүк деңгээли күчөшү мүмкүн же тескерисинче токсикалык таасири пайда болушу мүмкүн). Аконитинди боордон жана бөйрөктөн чыгаруу мүмкүн, бирок бул органдардын функционалдык жабыркоосунда аконитин чыкпай да калат.
Аконит менен ууланып каза болгондорду ачып органдарын изилдегенде кандай маалыматтар алынган?
Бардык органдардагы кан тамырлар канга толгон, майда кан тамырлар ичкерип кеткен, өпкө, жүрөк, боор жана бөйрөктөрдө кан уюп калган болгон. Доктурлар жана лабаранттар организмдеги кандын коюуланып кетүүсүнөн улам ушундай жыйынтыкка келген. Кандын коюуланып кетүүсүнө ар кандай түшүндүрмөлөр бар. Түрдүү булактарда жана профессор А.А. Алдашевдин китебинде сүрөттөлгөндөй, акониттен жасалган ичимдикти бейтап ысык ичет, андан кийин жакшылап тердөө үчүн жылууланып, оронот. Бул учурда адам бир аз «мас болуп», алы кетип шалдырап, тердеп баштайт. Башка булактарда көрсөтүлгөндөй адам бир ысып, бир муздап, чыйрыгышы дагы мүмкүн. Мындай тердөө биринчиден денедеги сууюктуктун чыгуусуна, суусуздануусунажол ачат. Адам тердегенде денеден суу гана эмес, тер менен кошо организмге керектүү элементтер да чыгып кетет. Тактап айтканда жүрөктүн согуусуна өтө керек болгон калий (калийдин жетишпөөсү жүрөктүн ритмин бузат) азайып, кандагы сахардын деңгээли дароо жогорулайт. Бул диабет менен ооругандар үчүн өтө коркунучтуу, себеби, диабеттик кетоацидоз өөрчүп, башында кан басымы төмөндөп, анан дароо жогорулап кетет. Мындай суюктукту жоготуу канды коюлтуп, тромбдордун пайда болуусуна жол ачат. Эң коркунучтуусу өпкө артерияларында тромбоэмболия болот (бул көз ирмемде өлүм дегенди билдирет).
Ковид-19 вирусунун кан тамырларды жабыркатып, канды коюултаарын эске алсак, анда аконит оорулууну ого бетер жабыркатып, ал Ковид-19 симптомдуу болсо да, симптомсуз болсо да эки эсе зыян алып келет. Өзгөчө ооруканага жүрөгү ооруган, сахар диабети бар, ашыкча салмак менен жабыркаган оорулуулар келсе өтө коркунучтуу. Мындай абалда аконитти ичүүгө таптакыр болбойт!!!
КАНДАЙ ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРСА БОЛОТ?
Бүгүнкү күндө акониттин өлчөмүн аныктай турган илимий маалыматтар жетишсиз. Табигый продукттар дайыма эле коопсуз болбойт экенин эске алыңыз, алардын өлчөмү чоң мааниге ээ. Токсикалык себептеринен улам уу коргошунду колдонууга сунушталбайт. Төмөнкү шилтемедеги булакта айтылгандай, акониттин эффективдүүлүгүн көрүү үчүн кошумча далилдер керек.
Касташкан же жаман көргөн адамын уу коргошун берип өлтүргөн ар кандай тарыхый булактарды же тарыхый романдарды көп эле окуп, угуп жүрсөңүздөр керек, мисалы «Сынган кылыч» романында Бекназар баатырды Абил бий уу коргошун ичирип өлтүргөн. Кыргызстанда буга чейин уу коргошунду ичип, ууланган учурлар көп эле болгон. 2007-жылы баш калаа Бишкекке жакын Новопавловка айылынын 11 тургуну «Ысык-Көлдүн тамырынан» жасалган тундурмадан ууланып, алардын үчөө каза тапкан. 2012-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери дагы уу коргошундан жабыркап, бирөөсү гана аман калган. Аконит менен уулануу медициналык практикада көп кездешкен учур. Бул туурасында NEJM 1892-жылы эле жазып чыккан.
Өнүккөн өлкөлөрдө аконит же аконитин препараттарын колдонбой калганына жарым кылымдан ашты. Анын микробко каршы же вируска каршы таасирин далилдеген эч кандай илимий маалыматтар жок. Америкалык клиникалык химия ассоциациясы бул өсүмдүк менен уулануу жөнүндө атайын публикацияларды жөн жерден жарыялаган эмес. Ошондой эле аконит универсалдуу уу экенин айтсак болот, ал жада калса үй жаныбарларына жана аарыларга да таасирин берет. Aконит экстрактын кокустан ичип алуу да өлүмгө алып келет, анткени алколоиддер боордо, өпкөдө мээде чогулуп калат. Аконит менен уулануу боюнча макалалар жыл сайын байма-бай жарыяланып турат. АКШнын Токсикология боюнча Улуттук борбору акониттин зыяндуулугунун алдын алууга үндөгөн өзгөчө материал жарыялаган. Европа Биримдигинин официалдуу реестринде аконитин косметикалык продукттарда да колдонулбай турган, коркунучтуу уулуу зат деп катталган.
Аконит менен массалык түрдө уулануу Кыргыз Республикасынын эл аралык репутациясына да доо кетирип, мамлекеттин, президенттин кадыр-баркын төмөндөтүп, Кыргызстанды үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнө кошоорун эске салабыз.
Эл аралык чөйрөдөгү кесиптештерибизге мындай негизсиз колдонуунун олуттуулугун түшүнгөндүгү жана колдоосу үчүн рахмат айтабыз!
Макала Жанара Кайыпбекова менен биргеликте даярдалды.