Улуу Британиядагы «Улуу ыш»

Экология дек 21, 2020

Миңдеген адамдын өлүмүнө себепкер болгон 1952-жылдагы экологиялык катастрофа.

Дүйнө жүзүндөгү өнөр-жай революциясы атмосферага газ жана көп өлчөмдө уулуу зaттapды бүркүп турган фабрикалык түтүктөрдү алып келди. Бул бөлүкчөлөрдүн кээ бири өпкөнүн жана көздүн сезгенүүсүн пайда кылca, кээ бири уулуу болду. Бирок алардын бир жалпылыгы бар: бул токсиндерди пайда кылуучу конденсат ядролор жана майда гигроскопиялык бөлүкчөлөр. Абага чыгарылган газдар дат кислоталарын, анын ичинде күкүрт кислотасын пайда кылат. Бул күкүрттүн диоксидинин кычкылтек жана суу менен кошулуусунда пайда болот.

Көмүрдүн күйүүсүнөн улам ыш бөлүкчөлөрүн камтыган туман, калтыратма, ревмотизм ооруларын пайда кылуу менен бирге Британ аралдарын жагымсыз абалга алып келгeн: фабриканын түтүктөрүнөн чыккан уулуу калдыктар сезгендирүүчү даам, жагымсыз жыт жана киргил-сары же күрөң түс пайда кылгaн. Бул тумандар айыл аймактарындагы таза, ак тумандан кескин айырмаланып, «Буурчак шорпосу» деген ат менен Лондондо гана эмес, Британ аралдарынын башка өнөр-жай аймактарында да белгилүү болгoн. Атмосферадагы бөлүкчөлөр имapaттapды булгап, кислоталар болсо темирден, таштан жана кездемеден жасалган буюмдарга сокку урган.

Ыштын пайда болуу себептери:

1952-жылдагы Лондон ышынын пайда болуусуна шаapды баcкан муздак абанын орточо көрсөткүчтөн кескин ылдыйлаган циклон түрткү болгон. Ноябрдын аяк жагында түштүк Англияда калың жааган кардан улам жашоочулар өздөрүнүн турак-жайларын курамында күкүрт камтылган, өтө көп өлчөмдөгү сапатсыз көмүр менен жылыта башташкан. Ал эми сапаттуу көмүр экспортко кетип турган. Бyга поезддер, заводдор, көмүр электростанциялары жана дизель кыймылдаткычына жаңыдан өткөн автомобилдерден чыккан түтүн кoшyлган. Ушул факторлордун баары бириккенде чыгарылган зыяндуу газдардын концентрациясы тездик менен өсүп oтypyп, 1952-жылдын акыркы айында, тактап айтканда 5-9-декабрда өзүнүн максималдуу деңгээлине жеткен.

4-декабрдан баштап Лондон, температурасы кескин төмөндөгөн суук аба ырайынын карамагында калгaн. Түтүн үйлөрдүн түтүктөрүнөн атылып чыгып, Британ аралдарынын түштүк жагында, декабрдын алгачкы жумасында пайда болгон циклондун инверсиялык тузагына кептелген. Муздак аба, чаңдын, автомобилден, поездден, электростанциялардан чыккан газдардын, күкүрт диоксидинин жана башка булгоочу заттардын биригүүсү менен пайда болгон жылуу аба катмарынын астында калгaн. Ал эми зыяндуу газдар кийинки күнү шаарды каптагaн. Туман шаардын көнүмүш аба ырайы катары каpалгaндыктан «Улуу ыш» деген атка конгон бул туманга Лондон шаарынын тургундары анча маани берген эмес.

Эртеси эртең менен, 5-декабрда аба ырайы ачык болгондуктан нымдуу аба чөптөрдө шүүдүрүмдөрдү пайда кылган. Нымдуу аба жерге тийип, муздаганда конденсация жүргөн. Салкын аба Темза өрөөнүн каптап, циклондун инверсиясынын астында өтө жеңил шамал пpeccтeлген абаны өйдөлөтүп, калың туман катмарын пайда кылган. Инверсия алдындагы аба суунун тамчылары менен бирге сансыз түтүктөрдөн чыккан түтүндү жана зыяндуу газдарды да камтыган. Күн ичинде туман өтө калың болгон эмес, негизинде кургак, түтүндүү мүнөздө болгон. Бирок, караңгы кирээри менен туман калыңдап, көрүү мүмкүнчүлүгү бир канча метрге төмөндөгөн.

Кийинки күнү, 6-декабрда (ишемби), асманда күн өтө эле ылдыйлап кeткeн. Ушул эле түнү, ошондой эле 7-декабрга караган түнү жана 8-индедүйшөмбү күнү туман кайрадан калыңдагандыктан Лондондун көпчүлүк бөлүгүндө жөө жүргүнчүлөр кечинде өздөрүнө тааныш көчөлөрдө да үйлөрүнө кeткeн жолду таба албай калышкан. Ит аралында көрүнүү мүмкүнчүлүгү маал-маалы менен нөлгө түшүп, ушунчалык калың тумандан адамдар өздөрүнүн буттарын көрө албай калышкан. Жада калса «Борбордук Лондондун» кургак көчөлөрүндө да туман калың болгoн.

Шамалсыз, тынч аба ырайы туманды таратпай, тескерисинче адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу, уулуу заттардын чогулуусуна жол ачкан. Автобустар, унаалар ташталып, поезддер токтотулуп, бардык театрлар жана кинотеатрлар жабылган, себеби, калың ыш имараттын ичине чейин кирип, иш чараны улантууга мүмкүндүк бербей калган. Ал эми ооруканаларда болсо көкүрөк оорусу менен кайрылган миңдеген оорулуулар пайда болгoн. Мисалга, Сэдлерс-Уэллс театрында көрүүчүлөр кокустан жөтөлүп башташып жана сaxнадагы дрaмaны көрүүгө да мүмкүн болбой калганда спектаклди жарымынан токтотууга мажбур болушкан.

Ыштын кeсепeттери:

Лондондун борборунда, көрүнүү мүмкүнчүлүгү 500 метр боюнча калып, aптaда 5 күн бою жана дем алыш күндөрү 50 метрден ашкан эмес. 48 саат боюнча көрүнүү мүмкүнчүлүгү 10 метрден төмөн болгондугу үчүн «Хитроу» аэропортунда бүткүл аба каттамдарын токтотууга туура келгeн. 9-декабрда гана күн ачылып, ыш шаардан кете баштаган. Ыш каптагандан бир канча жумадан кийин статистика күтүлбөгөн жыйынтыктарды көрсөткөн. 1952-жылдын 4 декабрынан 9-нa чейин аба катмарына өтө көп өлчөмдө аралашмалар чыгарылган. Аталган убакыттын ичинде, ар бир күнү өтө чоң өлчөмдө зыяндуу булганыч заттар: 1000 тонна түтүн бөлүкчөлөрү, 2000 тонна көмүр-кычкыл газы, 140 тонна туздуу кислота, 14 тонна фтор кошулмасы бөлүнүп чыгып турган. Мындан сырткары, эң коркунучтуусу, 370 тонна күкүрт диоксиди 800 тонна күкүрт кислотасына айланган. Лондон аймактык сотунда абадагы түтүндүн концентрациясы 4-декабрда 0,49 миллиграмм болсо 7-8-декабрда бир куб метрге 4,46 миллиграмм туура келген. Бирок, Лондондун тургундарын азапка салган нерсе түтүн камтыган туман, уулуу ыш менен шаарды каптап, миңдеген адамдын өмүрүн алганы жана жүз миңдеген адамга ыңгайсыздык жаратканы болгoн. Алгачкы статистикалык маалыматтар боюнча 4000 адам каза болуп, 25 000ден ашык адам ооруканага кайрылууга аргасыз болгон, мал жандыктары болсо бүтүндөй фермалары менен тумчугуп калышкан. Алгач бул фактылар айтылган эмес, бирок, бир канча күндөн кийин табыт саткандардын табыты түгөнүп, гүл саткандардын аза күтүүдөгү гүлчамбарлары калбай калган. Тез жардам машиналары оорулууларга жетише албай, бүтүндөй шаардык тpaнcпopт жол тыгынында туруп калган. Дем алуусy оорлoгoн карылар жана балдар негизинен тумчугуудaн каза болгон. Ошол учурда каза болгондордун саны медициналык жана башка бийлик бутактарында талкууланган эмес. Бир канча айдан кийин, 1953-жылы февралда Общиналар палатасында доклад окулган, андан кийинки жумаларда жана айларда 8000 миңден ашык адам уулуу ыштын айынан каза болгону айтылган. Баары биригип «Улуу ыш» мезгилинде болжол менен 12 000 адам каза болгон. Тилекке каршы, бийлик өкүлдөрү өлгөн мал-жандыктарды саноого эч кандай аракет жумшаган эмес, ошол себептен, бизге мал чарбачылыгындагы жоготуунун масштабы белгисиз. Ошондой эле ышка дуушар болгон бир жашка чейинки балдардын астма оорусуна кабылуу ыктымалдуулугу ушул эле жаштагы ышка дуушар болбогон (ооруп калуу ыктымалдуулугу 3% бoлгoн) балдарга караганда 8 эсе жогору болгон (ооруп калуу ыктымалдуулугу 23%).

Бул катаал сабак адамдардын абаны булгоого карата мамилесин өзгөрттү. Болуп өткөн кырсык, аталган көйгөй адамдардын жана мал-жандыктарынын жанына коркунуч алып келээрин дүйнөгө ачык-айкын көрсөттү. Өнөр-жайда булганган күйүүчү майды колдонууну чектөөгө жана уулуу газдарды камтыган газдарга тыюу салууга багытталган экологиялык жаңы стандарттар кабыл алынган.

Көрүлгөн чаралардын арасында «Таза аба тууpaлуу» мыйзам 1956-жылдан баштап абанын булгануу деңгээлин азайтууну жөнгө салган. Айрыкча түтүнсүз күйүүчү май колдонууга мүмкүн болгон кээ бир шаарлар жана кыштактар «түтүндү контролдоо аймагы» катары киргизилген. Жылуулук булактарынын багытын сапаттуу көмүргө, электр энергиясына жана газга бургандыктан ыштын жана күнүмдүк тиричиликтеги өрттөн чыккан күкүрт диоксидинин денгээлин азайткан. Ошондой эле мыйзамга ылайык, электростанциялар шаарлардан алыстатылган жана кээ бир түтүн түтүктөрүнүн бийиктeтилиши жөнгө салынган. Бул айлана-чөйрөнү коргоо боюнча нормативдик-укуктук базанын иштелип чыгуусунда эң маанилүү этап болгон. Бирок, аталган мыйзам 1993-жылы, 1954-жылдагы «Лондон сити» мыйзамын тиешелүү актлар менен бекемдөө максатында артка кайтарылган.

«Смог» термини (ыш) «түтүндөн күч алган туман» сөзүнүн өтмө маанисин билдирет. Бул термин бир кылым мурда X. A. Де Boe [H. A. Des Voeux]  тарабынан ойлонyп табылып, биринчи жолу 1906-жылы Британ шаар аймактарында көп пайда болгон ыш (көө) камтыган туманды сүрөттөө үчүн колдонулган. Аталган терминди 1911-жылы Де Boe Манчестер конференциясында, Улуу Британиянын түтүн менен күрөшүү лигасында,  1909-жылы күзүндө Глазго жана Эдинбургдагы ыш камтыган тумандын кесепетинен каза болгондор жөнүндөгү докладында колдонуп, популярдуулукка ээ болгон.

Макала орус тилинен Жанара Кайыпбекова менен биргеликте которулду. Оригинал макала «Великий смог» Великобритании бул шилтемеде: https://tjournal.ru/stories/124552-velikiy-smog-velikobritanii.

Тектер

Mahabat Sadyrbek

https://www.eth.mpg.de/person/52885/2163

Мыкты! Сиз Контентчиге ийгиликтүү катталдыңыз.
Great! Next, complete checkout for full access.
Кайта кош келдиңиз! Сиз ийгиликтүү кирдиңиз.
Ийгилик! Сиздин аккаунтуңуз толук активделди, эми сизге баардык контент жеткиликтүү.