Таштанды менен качан күрөшүп баштайбыз?

Таштанды – сырьёнун, ар кандай материалдардын жана башкалардын бөлүгү, калдыгы же баштапкы сапатын жоготкон продукция. Алар атайын бөлүнүп берилген жерлерге төгүлүп, коюлган шарттарга жооп бериши талап кылынат. Таштанды кээде сырьё катары кайрадан иштетилет же жок кылынып, көмүлөт. Таштанды айлана-чөйрөнү булгоочу заттардын негизгилеринен. Ал адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Алар энергетикадан, өнөр жайдан, айыл чарбадан, транспорттон, турак жайдан жана башкалардан түрдүү жолдор (газ, суюк, катуу абалында) менен чөйрөгө бөлүнөт да, экологиялык проблемалардын өзөгүн түзөт. Мисалы, автотранспорттон ж. б. тармактан бөлүнгөн түтүндүн жана башка заттардын кесепетинен атмосферада смог пайда болот. Ал өз кезегинде адамдын дем алуу органдарын ооруга чалдыктырып, объекттердин бузулушуна алып келет. 1980-жылы дүйнөдө эсептелген таштандылар 100 млрд тоннага жеткен. Акыркы маалыматтарга таянсак ал 300-350 млрд тонна болгон. Таштанды пайда болушу боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт: – өндүрүштүк (өнөр жай), турмуш-тиричилик калдыктары; агрегаттык абалы боюнча – катуу, суюк, газ абалындагы (түтүн ж. б.); кооптуулугу боюнча – өтө кооптуу, жогорку деңгээлде кооптуу, кооптуу, аз деңгээлде кооптуу, кооптуу эмес ж. б. Алардын ичинен көп учураганы химиялык, термиялык, механикалык ж. б. жолдор менен өндүрүштөн (табигый жана антропогендик таасирден ж. б. жол менен) пайда болгон катуу, суюк, газ абалындагы таштандылар эсептелет. Ошондой эле турак-жайдан бөлүнгөн таштандылар да маанилүү.

Влад Ушаков
Влад Ушаков

Жыл сайын Кыргызстандагы таштандынын көлөмү көбөйүп, адамдардын ден соолугуна жана өлкөнүн экологиясына  терс таасирин тийгизүүдө[i]. Бишкектеги санитардык полигондо пластикалык таштандылардын, целлофан пакеттердин өрттөлүүсү уулуу түтүндү пайда кылып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратууда. Бул туурасында жарандык активисттер бир канча жолу эскерткени менен иш чаралар жүргүзүлө элек. Таштандыны бөлүү жана кайра иштеп чыгуу боюнча долбоорлор каралып, бирок комплекстүү иш чаранын жоктугунан көзгө көрүнөөрлүк жыйынтык болбой келет.

2019-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан таштанды бөлүүчү урналар орнотулган. Бирок таштандыны бөлгөндөн кийин андан ары кайра иштеп чыгуу же таштандыны жок кылуу (утилизациялоо) пландалбагандыктан бөлүнгөн таштандылар кайра эле бир машина менен чогултулуп, бир полигонго ыргытылган[ii].

Ошол учурдагы вице-мэр Мирлан Амантуровдун айтуусунда таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу үчүн тендер жарыяланган. Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан  22 миллион евро өлчөмүндө каражат бөлүнөөрү айтылган. Анын 11 миллиону грант болуп, калганы 20 жылга 2 %дык кредит болуп эсептелинмек. Атүгүл таштанды полигону да, таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод да 2020-жылдын аягында даяр болот деп билдирген. Бирок тилекке каршы, пандемиянын айынан бул жылы ишке киришкен жок. Курулуш иштери 2021-жылы башталат деп пландалууда.

2019-жылы 7-майда Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-кызматы Кабар агенттигине билдиргендей таштанды полигонунун курулуш иштери мурдагы таштанды талаасын рекультивациялоо иштери менен чогуу башталган. Бишкек бийлиги Европа Биримдиги жана Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан берилген 11миллион евро өлчөмүндөгү кредитти 2013-жылы эле алган. Таштанды талаасында эч өзгөрүү болбогонун эске алсак, алынган каражат ошондон бери курулуш иштери башталгыча сакталып турабы же «короп» кеттиби, бул жагы бүдөмүк[iii].

Бишкекти эң кир шаарлардын катарына түрткөн шаар четиндеги таштандылардын кесепети. Сорттолбой, ирээттелбей ыргытылган таштандылар өрттөлгөндө уулуу ис газы чыгып, шамал менен шаарды каптап тургундардын айласын кетирүүдө. Полиэтилен пакеттеринен, пластмассадан, резиналардан, турмуш-тиричилик жабдыктарынан, өзгөчө компьютер, телефон жана ушул сыяктуу техникалык жабдыктардан, батарейкалардын чыккан түтүн коркунучтуу жыйынтыктарды алып келет. Анын курамында күкүрт оксиди, азот, көмүртек оксиди, хлор жана фтор камтыган суутек, ис, ыш жана оор металлдардын майда бөлүкчөлөрү бар. Мунун органикалык таштандылар менен аралаштырылып полигондорго ыргытылуусу чоң көгөй. Анткени алар өрттөлсө абаны кирдетип, өрттөлбөсө жерди кирдетишет.

Жер кыртышында жүздөгөн жылдар бою чирибей, топуракты, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жабыркатып ошол аймакты кыйратууда.  Таштанды чукулаган ит-куштар, каргалар жана башка курт-кумурскалар менен майда жаныбарлар ар кандай ооруларды адамдарга жугузууда. Экология бүтүн бир организм болгондуктан бир аянттагы топурактын бузулуусу, таштанды, акыр-чикирге толуусу бүтүндөй эко системаны жабыркаткан рак оорусуна айланууда[iv].

Күнүмдүк тиричиликте колдонулган жабдыктардын чирүү мөөнөтү:

А) Органикалык таштандылар

Тамак-аш калдыктары2-4 жума
 Жаныбарлардын тезеги10-30 күн
Сөөк калдыктары5-8 жыл
Жүндөн жасалган буюмдар1 жыл
Тери буюмдар4 жыл
Лакталган, боелгон жыгачтар, ДВП, ДСП ж.б.13 жыл
Кагаздар2 жыл

Б) Турмуш-тиричилик жабдыктары

Синтетика кийимдер30-40 жыл
Темир банкалар10-90 жыл
Тамекинин калдыгы3 жыл
Сагыз30 жыл
Үй тиричилигиндеги губкалар200 жыл
Памперстер500 жыл
Батарейка, аккумуляторлор100 жыл
Резина, пластиктер100 жыл
Автомобилдин дөңгөлөктөрү120-140 жыл
Полиэтилен пакеттер100-200 жыл
Айнек1000 жылдан ашык

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкектен жылына 320 миң тонна таштанды алып чыгат. Бишкек шаарында 1миллион 200миң адам жашайт деп эсептесек, жылына бир киши 266 кг таштанды чагарат. Тезинен керектүү иш чараларды кылбаса жүздөгөн жылдар бою  чирибеген таштандылар көбөйүп отуруп экологиялык катастрофаны пайда кылаары шексиз. Бул маалыматтар Бишкек шаары үчүн гана. Ал эми айыл жергесинде, региондордо канча таштанды чыгып, кайсы жакка төгүлүп жаткандыгы боюнча так маалымат өтө аз[v]. Көпчүлүк айылдарда официалдуу таштанды талаалары деле болбойт. Айылдын четине, огород, бакчалардын этегине төгүлө берет. Ал жакта жердин көпчүлүк бөлүгү айдоо жана жайыт жерлери болгондуктан жер кыртышынын бузулуусу чарба иштерине чоң зыян алып келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 406 таштанды талаасы катталган, ал 616 гектар жерди ээлейт.

Мамлекетибиз алсыз болуп жергиликтүү аймак эмес, борбор шаардагы көйгөйдү чече албай жатканда коомдун жардамына муктаж. Атуулдук аң сезимди ойготуп, эч болбосо таштандыны ирээттеп, азайтуу да пайда[vi]. Мисалга магазинде полиэтилен пакетин албоого, азык-түлүк үчүн эко-пакеттерди колдонууга, пластиканы аз колдонууга мүмкүн.

Бул тажрыйба Европа өлкөлөрүндө көп колдонулат. Азык-түлүк дүкөндөрүнөн соода кылганда магазиндин логотиби тартылган полиэтилен пакеттерин бербейт. Үйдөн көтөрүп келген сумкасына салып кетишет же кагаздан эко пакеттер колдонулат. Суусундук ичилгенден кийин бөтөлкөсү кайра өткөрүлөт, каалаган магазинге өткөрүп акчасын алса болот.

Швеция, Австрия, Германия сыяктуу батыш өлкөлөрүндө таштандыны бөлүү үйдө башталат. Үйдүн ичинде 3-4 башка урна турат жана таштандылар макулатура, айнек, пластик болуп дароо бөлүнүп, ыргытылат. Ал эми майда кагаздар жана тамак-аш калдыктары компостко кетет. Таштандылар кайрадан иштетилип чыгат, кээ бири утилизация кылынат. Пластикалык таштандыны пресстеп, атайын станцияларда 1,3 миң градуста өрттөйт. Бул процесстен электр энергиясын алууга болот. Ошентип казылып алынуучу энергия булактарын да кыскартат. Венада эле 4 таштандыны кайра иштетүүчү завод бар. Айнекти өтө майдалап айнек иштетүүчү заводдорго жиберет. Ошентип бир бөтөлкө болжол менен 30 жолу кайра колдонулат.

Ал эми Францияда ар бир таштанды урнасында чип орнотулган. Ал аркылуу урнанын толуп, толо электигин, таштандыны качан алып кетиш керектигин билсе болот. Мындай чиптер таштанды ташуучу унаалардын маршрутун, күн тартибин түзүүгө өтө ыңгайлуу.

Азия өлкөлөрүндө таштандыны кайра иштетүү боюнча Япония эң алдыдагы мамлекет. Бул жакта таштандыны көмүүгө же чогултууга жер жок, ар бир метр квадраттын эсеби бар. Ошондуктан дээрлик бардыгы кайра иштетилет. Бөлүнүп чыккан энергияны теплицада гүлдөрдү өстүрүүгө жылуулук катары колдонушат. Ал эми таштандыны бөлүү 1970-жылдарда башталган. Учурда таштандынын түрлөрү белгилүү бир күнгө жараша чыгарылат. Мисалы дүйшөмбүдө айнектерди чогултса, шаршембиде макулатураны. Таштандыны ыргытуу боюнча атайын эрежелерди, брошюраларды көрүүгө болот.

Коңшу өлкө Казакстанда таштандынын 15 %ы кайра иштетилет. Бул көрсөткүч өтө төмөн болгондуктан учурда 2025-жылга чейин алты таштандыны кайра иштетүү заводдорун куруу пландалууда. Ошондой эле 5 жылдын ичинде 500 миң гектар жерге 2 миллиондон ашык бак-дарак отургузулуусу милдеттендирилди.

Макала Жанара Кайыпбекова менен биргеликте даярдалды.


  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x