Таштанды…

Ыз-з-з-з деп ызылдап, башаламан учкан чымындардын үнүнөн улам, уктап жаткан жеринен көзүн ачып, бир саамга аларга тигиле карап, үнсүз жата берди…колун узатып, сөөмөйүн чымындардын багытын көздөй жылдырып отуруп, өзүнчө бир геометриялык фигураны чийип койгонун деле баамдабады. Аңгыча, өзү да чоң, үнү да бийик чыккан аарыны көргөндө коркуп кетип, колун шарт эле тартып алды да, жанындагы чөптөн бир үзүм жулуп алып, аарыны кубалап кирди. Аары менен кошо чымындар да бир саамда ар жактарга учуп, тарап кетишти. “Баары кетти, сенин айыбын менен” деп аарыны күнөөлөп турду. 

Бирдей ылдамдыкта акырын соккон шамал, узун чөптөрдүн учтарын кыймылдатып, мөмөсүн көтөрө албай араң турган буудайлар, шамал бурган жакка бурулуп, кайра өз калыбына келе албай жыгылып жатты…

Шамалдын бул кылганына ыраазы болгондой, эволюциядан кийин  формасын өзгөрткөн жалбырактар бири бирине урунуп, үн чыгарып жатышты. Жаткан жеринен алыс эмес, ичке арыктан таштан-ташка урулуп, тээ, тоо этектеринен агып келе жаткан суунун үнүчү…мени да тыңша дегенсийт.

Узундан узун кеткен ичке арыктын жээгине отургузулган, балпайган тал да, жаш бутактарын шамалдын эркине коё берип, “ойногула” дегендей ишаарат берет. Шамал да жаш бутактар менен ойноп, жалбырактарын үзүп, жерге жөн түшүрбөй чимирилте ойнотуп, акырын эле суунун үстүнө коё берип жатты…

Ары жакта узун чөптөрдү кыйшайтыра үстүнө жаткан бул – кичинекей бала, бул көрүнүштөрдү көздөн качырбай сезип,туюп ырахат алып жатты… Ырахаты көпкө узабады окшойт… Шамалдын ылдамы тездеп, багыты өзгөрүлүп баштады…асманда, кыймылын тездеткен чымчыктарды, карайып келе жаткан сур булутту көруп, ордунан турду. Сур булутту карап, “Өткүн” деди өзүнө өзү… Аңгыча, жүзүнө бир- эки тамчы түштү, күндүн ысыгынан тажап турган жанына бул майдай жагып, тамчыга колун тосуп, ары бери чуркап ойноп да алды.

Сур булуттар тарагандан кийин чыккан күн, ого бетер нурун чачып, чар тарапка чачыраган нурлары акыркы жамгыр тамчыларына урунуп, экөөсү жуурулушуп отуруп, асманда түркүн түстөрдү пайда кылышты. Аны көрүп көзүндөгү кубанычы жүзүнө чыгып, жылмаюу менен асманды көпкө карап турду.

Бутунун астында калган чөптөрдүн үстүндө мончоктой тизилген тамчыларды, бири- бири менен бириктирип жерге коё берди…түшкөн жерине кичинекей оюкту пайда кылган тамчыларды, суусуздуктан какшаган жер, түшөр- түшпөс сиңирип атканын күзөтүп отурду да, чөптүн үстүндө калган топусун алып, башына кийип, алдыга карай бир, эки кадам таштап, бир нерсе болгондой, жаткан жерин карады. Тик турган чөптөр баары белинен сынып, жерге ийилип жатат. Артка кайтты да, чөптөрдү тургуза баштады…

Сынган эмнени кайра баштапкы абалынан келтирсе болот…?

Мурунку абалына келбесе да турганы туруп атты. Сынып калган узун ичке жалбырактарын абайлап көтөрүп жатып, “ай” деп кыйкырып, дароо колун тартып алды. Жалбырактын чекеси, колунун бармактарынын арасына тийип, шыр эле кесип өтүптүр. Жаны көзүнө көрүнө түштү, кесилген жери бир заматта кызыл канга толуп, тоголонуп, чөптүн үстүнө түшөөрү менен жайылып кетти. “алдыңбы өчүндү?!….. сенин да денең ушинтип ачышкан тура…кечирип кой!” деп өзү менен өзү кобуранып, жылмайып, ордунан туруп жөнөдү.

Кудум жакшы бир иш кылып койгонсуп, өзүнө өзү ыраазы болуп, топусун көккө атып ойноп кирди. Жаш тентектин бул кылыгы тилсиз табияттын ажырагыс бөлүгүнө жагып кетти окшойт,  шамал да аны менен ойноп, асманга аткан топусун ары-бери чайпап, колуна сунуп жатты.

Тээ алыста жай баракат бара жаткан эки кишинин, баланын кубанып ойноп жатканы, көзүдөрүнө түштү, “күн батканы калды, бул жаш баланын ээн талаада кароосуз калганы жакшы эмес, кимдин баласы болду экен” деп бириси эми кыйкырганы атканда, экинчиси “бул тээ Таштанды да, биздин айылдын этегиндеги” деди..бир саамга ойлоно кетип, эсине түшүрдү окшойт, унчукпай тим болду.

-“Айылга дейре ала кетелиби?                      -эмне кыласың аны.? Таштандыга таш тийбейт! жүрү!, бул Таштанды ээн талаалап жүргөнгө көнүп калган” деп экөөсү жолун улантышты. 

Эч нерседен бейкапар ойноп жаткан Таштанды атка конгон бул жаш бала, күндүн батып бара жатканын көрүп, оюнун бүтүрүп, чуркап бир дөңсөнүн үстүнө чыгып, кырынан ылдый бутун узатып, күндүн батканын күзөтүп отурду…

Бүгүн күн башкача… болгон жамалын көрсөтүп жатат…жанында бирөө бардай айтып жатты…

Мен уяма кирсем буга эмне болот дебестен, күн да нурларын жыйып, өзү менен кошуп алып кирип кетти.     

Күүгүм кирип, чегирткелердин үндөрү катуу чыгып, суудагы бакалар да сайрап, уй -койлордун мөөрөгөн үндөрү айыл тараптан келип жатты…Шам убактысын капарга албай бир нерсени күтүп жаткандай үнсүз отура берди, Таштанды.

“Чыкты!…чыкты!” деп кыйкырып ордунан ыргып туруп, асмандагы жол көрсөткүч жылдызын көрдү, жылдызына колун узатып, сүйүүнү менен карап, ал жакты көздөй басты. Жылдызын улам карап, айылды карай кетип баратты. Жүзүндө бактылуулук бар эле, белгисиз күч аны жандап бара жатканын жүрөгү менен сезди.

“Таштанды эмесмин!…сен ар дайым мени менен эмессиңби?”…деп колун жүрөгүнө коюп “Коркунуч болсо шыбырап кой” деп жылмая кайра колун түшүрүп, караңгылыкка сиңип кетти кетти…

  • 3

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x