Мумие тууралуу эмне билебиз?

Зооканын коңулундагы мумие. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2015.09.25)

Кыргызстанда адамдын эс алуусу, ден соолугун жакшыртуусу, саякатка чыгуу үчүн жагымдуу тоо климаты, минералдуу суулары, дары баткактары, түркүн өсүмдүктөрү, жаныбарлары, табигый мөмө-жемиш токойлору, мөңгүлөрү, тоо арасында жайгашкан кооз жаратылышы, тарыхый эстеликтери бар. Ушунун баарын көздүн карегиндей сактоо биздин милдетибиз. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан табигаты кызыктарга өтө бай. Өлкөбүздүн аймагынан 6,5 миңден ашуун өсүмдүктөрдүн түрү табылган, булардын 51% жер жүзүнүн башка булуң-бурчунда кездеше бербейт. Эми биз сөз кыла турган мумие көпчүлүккө тааныш эмес. Дегеле мумие деген эмне? Мумие – бул бийик тоолордо сейрек кездешүүчү кара-күрөң түстөгү катуу масса, “Архар-Таш” деп да аталат. Айрым учурларда “тоонун ыйы”, “Аска бальзамы”, “таш желими” деген аттар менен кездешет. Мумие жайгашкан жеринин шарттарына ылайыкташат, ар башка жердин мумиесунун курамы да ар башка болот. Мумие курамына негизинен 36,07% – 46,6% көмүртекти, 4,41%-5,1% суутекти, жез, марганец, цикорий, никель, титан, кобальт, хром, стронций, барийдин микро өлчөмдөрүн камтыры далилденген.

Мумие көбүнэсе киши оңой менен жете албаган аска-зоонун коңулдарында кездешет, сүрөттө Күнгөй Ала-Тоо, Кочкор району, Ак-Жар айылы Ичке жайлоосу. (сүрөт: Анарбек уулу Атай, 2015.09.23)

Мумиену ата-бабаларыбыз байыртадан бери колдонуп келген, таап алынган мумиену муундан-муунга өткөрүп сакташкан. Ар кандай зарылчылыктарда кеңири колдонушкан. Көпчүлүк учурда мумие сыныкка, ичеги-карын ооруларында, жаракат (травма) алганда, талмага, гинекологияда колдонулган. Мумие тууралуу “Жаныш-Байыш” дастанында мындай деп айтылат:
Жаралуу киши ичет деп,
Сыныгы болсо бүтөт деп,
Аты жакшы мумие.
Дары берген болчу,
Арча менен аластап.
Ар балаадан каластап,
Адырашман түтөтүп,
Алдына келди камданып,
Алейине тамыр ак чөптү
Абдан алып жеди эми,
Тинтүүр салып тинткилеп,
Ойногон окту табышты.
Далынын башы каркайып,
Тетир бүтүп калыптыр,
Сындырып оңдоп таңышты.
Ал гана эмес Абу Ибн Синанын “Дарыгерлик илимдин канону” деген эмгегинде эскерилет. Анда ортоңку кулактын ириң чыгуусунда, сөөк сынганда, тарамыш чоюлганда колдонсо болору жазылган.
Мумие көбүнчө Кыргызстандын ичиндеги бийик тоолордо, анын ичинен Сандалаш, Чаткал, Фергана, Суусамыр, Молдо-Тоо, Ат-Башы, Тескей Ала-Тоо, Сары-Жаз, Күнгөй Ала-Тоо, Тянь-Шань тоо кыркаларында кеңири кездешет.
Мумие жыттуу келет. Көпчү­лүктүн айтымында, мумие чычкандын богу имиш. Айрым көргөндөрдүн айтуусунда, чычкан жалаң гана дары чөптөр менен азыктанат экен.

Анарбек уулу Атай, 2012-жыл.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x