Улуу ыш

Улуу ыш (англ. Great Smog) бул – 1952-жылы Лондондо абанын олуттуу булганышы.

Муздак жана шамалсыз аба ырайын пайда кылган циклон учурунда көмүрдүн түтүнү аралашкан уулуу заттар шаарды чулгап, ыштын калың катмарын пайда кылган. 1952-жылдын 5-декабрь жума күнүнөн баштап 9-декабрь шейшемби күнгө чейин уланган бул көрүнүштөн кийин аба ырайы өзгөрүп, туман тараган. Ыш көрүнүү мүмкүнчүлүгүн начарлатып, имараттардын ичине чейин кирип келсе да,  Лондондун тумандуу аба ырайына көнүп калган шаар тургундары аны бейкапар кабыл алышкан. Бирок кийинки жумаларда медицина кызматкерлери тарабынан чогултулган статистикалык маалыматтарга караганда кырсык өлүмгө алып келүүчү мүнөздө болгон: ымыркайлар арасындагы өлүм саны, кары-картаңдардын жана дем алуу (респиратордук) оорулары менен жабыркагандардын саны 8-декабрда 4000 адамга жеткен; жалпысынан 100 миңден ашык адам ооруган. Кийинки изилдөөлөрдө каза болгондордун саны кыйла көп болгондугу көрсөтүлгөн, алардын саны 12000 адамга жеткен[i].

Улуу Британияда болгон “улуу ыш” абанын булганышына байланыштуу эң жаман окуя болуп саналган.[ii]Ошондой эле экологиялык изилдөөлөргө, абанын тазалыгы менен адамдын ден соолугунун ортосундагы байланыш жөнүндө коомчулукка маалымат берүүгө жана өкмөттүн бул көйгөйлөр боюнча иш-аракеттерди кылуусуна маанилүү таасир тийгизген. 1956-жылдагы «Таза аба тууралуу мыйзам» менен биргеликте бир топ мыйзамдардын өзгөрүтүлүүсүнө түрткү болду.

Булгануунун себептери

1952-жылы декабрь айынын башында муздак туман Лондонду каптаган. Сууктун кесепетинен шаар тургундары турак-жайларын жылытуу үчүн көмүрдү адаттан тыш өтө көп өлчөмдө колдонушкан. Согуштан кийинки Британияда курамында күкүрт камтылган сапатсыз көмүр абада күкүрт диоксидин көбөйткөн (экономикалык себептерден улам сапаттуу көмүр экспорттолуп турган). Лондондо Фулхэме, Баттерси, Бэнксайде жана Кингстон-апон-Темз сыяктуу көптөгөн көмүр электростанциялары булганууну арттырган. Андан сырткары автомобилдерден чыккан уулуу газдар, өзгөчө трамвайлардын ордуна дизель кыймылдаткычы менен автобустардын иштеши жана башка өнөр жай жана соода булактары[iii]абаны булгашкан. Ошондой эле континенттик Европанын өнөр-жай областтарынан шамал булганган абаны Ла-Манш аркылуу алып келип турган.

Аба ырайы

1952-жылы 4-декабрда Лондон антициклон зонасына кабылган муздак аба жылуу аба катмарынын астында калып, температуралык инверсияга туш болгон. Жыйынтыгында камин түтүнү, чаң, унаалардан чыккан зыяндуу газдар жана күкүрт диоксиди сыяктуу бир катар зыяндуу заттардын аралашмасы катылган туман кийинки күнү борбор шаарын каптап калган. Көөнүн (ыш) бөлүкчөлөрү менен аралашкан туман сары-кара, (киргил) түстө болгондуктан «буурчак шорпосу»[iv] деген лакап атка ээ болгон. Шамал болбогондуктан туман тарабай, зыяндуу заттардын чогулуусуна жол ачкан.

Лондондогу абал

Лондондо калың туман баскан учурлар мурда да болгон, бирок бул жолкусунда ыш өтө коюу болуп, көпкө созулган. Туман ушунчалык коюу болуп, жол кыймылына тоскоол болгон, метродон башка коомдук транспорттун кыймылы токтогон.[v]Бара-бара тез жардам унаалары да иштен чыгып, тургундар ооруканага өздөрү келүүгө мажбур болушкан. Калың ыш имараттардын ичин каптап, көрүүчүлөр сценаны, экранды көрбөй калгандыктан, концерттер, кинотеатрлар жабылган.[vi]

Ден соолукка тийгизген таасири

Шаар тургундары ыш каптоо учурунда анча дүрбөлөңгө түшкөн эмес. Бирок, кийинки жумаларда чогултулган статистикалык маалыматтарга караганда туман 4000 адамдын өмүрүн алган.[vii] Каза болгондордун көпчүлүгү жаш балдар, кары-картаңдар жана респиратордук оорулар менен жабыркагандар болгон. 1953-жылы февраль айында общиналар Палатасында подполковник Липтон өзүнүн маалыматтары боюнча ыштын айынан 6000 адам каза болуп, 25000 адам ооруп, өргүүгө чыккандыгын билдирген.[viii]

Адамдардын көпчүлүгү ыштан пайда болгон өпкөдөгү жана респиратордук тракттагы инфекцияларынын айынан дем алуу жолдорунда ириң уюп, механикалык тоскоолдуктар жаралгандыктан каза болушкан. Организмдеги мындай абал гипоксияга алып келет. Өпкөнүн негизги инфекциялары-бронхалардын өтүшүп кетүүсү жана өнөкөт бронхит[ix]менен ириңдүү курч бронхит болгон.

Жаңы иликтөөлөрдө курмандыктардын саны көп болгон, эсеп боюнча 12000 адам каза болгон. 2016-жылдагы иликтөө боюнча “Улуу ыш” лондондуктардын ден-соолугуна көп жылдар бою кесепетин тийгизген.[x] Ышка дуушар болгон бир жашка чейинки балдардын астма оорусуна кабылуу ыктымалдуулугу ушул эле жаштагы ышка дуушар болбогон балдарга караганда 8 эсе жогору болгон (23%ке 3%).[xi]

Жаңы мыйзамдар

Каза болгондордун саны адамдардын абаны жана айлана-чөйрөнү булгоого карата мамилесин өзгөрттү. Аталган көйгөй адамдардын жанына коркунуч алып келээрин көрсөттү. Өнөр-жайда булганган күйүүчү майды колдонууну чектөөгө жана уулуу газдарды камтыган газдарга тыюу салууга багытталган экологиялык жаңы стандарттар кабыл алынган. 1952-жылы  экологиялык мыйзамдар кабыл алынып баштаган. Лондон Сити Мыйзамы (1954-ж) жана «Таза аба тууралуу» (1956-1968-ж) мыйзамдар абанын булгануусун азайткан. Турак-жайдын ээлерин көмүр жагылган ачык очокторду альтернативдүү багыттарга (газ плиталарын орнотуу) алмаштырууга үндөгөн.

Макала орус тилинен которулду: https://ru.wikipedia.org/wiki/Великий_смог


[i] Michelle L. Bell, Devra L. Davis, Tony Fletcher. A Retrospective Assessment of Mortality from the London Smog Episode of 1952: The Role of Influenza and Pollution // Environmental Health Perspective. — 2004. — Т. 112, вып. 1. — С. 6—8.

[ii] Historic smog death toll rises — BBC

[iii] McKie, Robin & Townsend, Mark. Great Smog is history, but foul air still kills (англ.). The Observer (4 November 2002). Дата обращения: 28 ноября 2013.

[iv] Mason, Nigel; Hughes, Peter; McMllan, Randall. Introduction to environmental physics. — CRC, 2001. — P. 112-113.

[v] Greater London Authority. 50 Years On: The struggle for air quality in London since the great smog of December 1952. — London, UK: Greater London Authority, 2002. — ISBN 1852614285 .

[vi] How the Guardian reported on London’s Great Smog of 1952 (англ.). Дата обращения: 1 декабря 2013.

[vii] The Great Smog of 1952 (англ.) (недоступная ссылка). Metoffice.gov.uk. Дата обращения: 1 декабря 2013. Архивировано 3 сентября 2014 года.

[viii] Commons Sitting of 16 February 1953 (англ.). hansard.millbanksystems.com. Дата обращения: 2 декабря 2013.

[ix] Camps, Francis E. Gradwohl’s Legal Medicine. — 3rd ed.. — Bristol: John Wright & Sons Ltd, 1976. — P. 236. — ISBN 0-7236-0310-3 .

[x] Prashant Bharadwaj et al. Early Life Exposure to the Great Smog of 1952 and the Development of Asthma (англ.) // American Journal of Respiratory and Critical Care Medicine. — 2016. — 8 July. — doi:10.1164/rccm.201603-0451OC .

[xi] Prashant Bharadwaj et al. Early Life Exposure to the Great Smog of 1952 and the Development of Asthma (англ.) // American Journal of Respiratory and Critical Care Medicine. — 2016. — 8 July. — doi:10.1164/rccm.201603-0451OC.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x