Тирүүлүк

 

Эртеңки күн менен жашайм. Бүгүнкү күнүм менен эмес…

Пландарым баарысы эртеңкиге ылайыкталган, бүгүнкүгө эмес…

Бүгүнкү менен ишим жок да, негизи, эртең тирүү болсом болду дейм ичимден. 

Эртеңкимде бармын, бүгүнкүдө жок.

Бул күнүм маанисиз, эртеним маанилүү сыяктанат… Кандай сандырак, маанисиз сөздөр ээ?

 

Кантип болсун мындай?. Бирок чын! Эртеңимдин күндөрүнө, мухитине сиңип, сая түшүп алган жанмын.

 

Эртеңки тагдырым мен ойлогондой болбой калуусунан…

Таптакыр мен күтпөгөн, ойлобогон нерселер менин жашоодо болуп кетүүсүнөн коркомун… Али келбеген нерселер коркутат…

 

Бирок, эртеңки күн бүгүнкүдөн эсен-соо өткөндөн кийин башталаарын билбеген адамдаймын…

Баарына баам- парасатым жетип турса да ушундаймын. 

 

Ар бир тарткан сүрөттөр, бул- кооздук бүгүн бар, эртең жок экенин далилдеп, мени бүгүнкү күнгө маани берүүнү, бул күн менен жашоону, күндө Жараткан аркылуу берилген нематтардан ырахат алууну үйрөтүп жатат. 

Эртеңки тирүүлүктү эчким билбейт,бирок, бүгүн тирүүсүн деп көп кайталайт…

 

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • 4

    Бөлүш

    Лента Кененирээк

    Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи