Теңдеши жок гений же боорукер жазуучу

Аалам Айтматовсуз калганына быйыл 10-июнда туура 12 жыл толду. 12 жыл ичинде дүйнөдө өтө көп өзгөрүүлөр болуп өттү. Бирок бир нерсе өзгөрүүсүз бойдон келе жатат. Ал – дүйнөнүн Ч.Айтматовго болгон сүйүүсү, урматы.

Залкар инсандын өмүр жолуна жана чыгармачылыгына бөтөнчө ынтызарлык менен кызыккан мен үчүн бул күндүн өзгөчө мааниси бар. Андыктан, дал ушул күнү Ч.Айтматов тууралуу кеп кылып, аны дагы бир жолу эскерүүнү милдетим деп билем. Мына ушул ой төмөндөгү чакан маектин жаралышына себеп болду.

Маектешим – Рахима Абдувалиева, профессор, филология илимдеринин доктору, салыштырмалуу-тарыхий индоевропалык тил билүү тармагында лингвист, хинди, санскрит сыяктуу Индия тилдери боюнча бир катар окуу куралдарынын автору. Ч.Айтматовдун чыгармаларын англис, немис тилдерине которуу  жана жайылтуу менен 20 жылдан ашуун убакыттан бери алектенет. Ч.Айтматовдун чыгармаларын Европада жана Улуу Британияда жайылтуудагы эмгеги үчүн 2011-жылы Франц Кафка медалы менен сыйланган. Лондондогу Ч. Айтматов Академиясын негиздеген.

P.S. Маектешүү орус тилинде жүргүзүлгөн. Мындан улам, бул маекте башка маек, макалалардан, чыгармалардан келтирилген үзүндүлөрдүн кыргызчага котормолору мага таандык. Андыктан, буга чейин жарыяланган белгилүү котормолордон айырмаланышы мүмкүн. Сүрөттөр интернеттен жана Р.Абдувалиеванын Фейсбук баракчасынан алынды.

– Рахима эже, макалаларыңыздын биринде “Жазуучулардын эки тобу болот: улуттук жана эл аралык. Улуттук жазуучулар өз элине таандык көйгөйлөрдү көтөрсө, эл аралык жазуучулар жалпы адамзаттын көйгөйлөрү жөнүндө көбүрөөк айтышат” деп жазган жайыңыз бар. Ч.Төрөкуловичтин идеяларын карап отуруп, аны эки топко тең киргизсе болчудай сезилди. Себеби, ал улут, улут аркылуу жалпы адамзат тууралуу ой калчап жатпайбы?

1957-жылы Кыргызстанда Ч.Айтматовдун алгачкы повести “Бетме-бет” кыргыз тилинде жарык көрөт. Балким, сиздин муун үчүн кызыктуу маалымат болуп калар, бул чыгарманы жарыялоо ошол кез үчүн өтө кооптуу иш эле. Себеби, ал согуштан качкан дезертир жөнүндө чыгарма да. Ошондуктан, бул чыгарма Ч.Айтматовдун адабий карьерасын толугу менен талкалап салышы мүмкүн болчу. Чындап эле, Ч.Айтматовго карата СССР Жазуучулар союзу тарабынан экзекуция даярдалып жаткан. Мындан жазуучуну ошол кездеги “Знамя” журналынын редактору Александр Твардовский менен Мухтар Ауэзов сактап калган. Өкүнүчтүүсү, “эл душманынын уулу ушундай эле чыгарма жазмак да” деген пикир калыптана баштаган. Бирок ошол эле жылы, бир канча айдан соң, француз жазуучусу Луи Арагон “Жамилянын” француз тилиндеги котормосун жарыялайт. Ошентип, Ч.Айтматов дароо эле эл аралык деңгээлде атак күтөт. Мындан улам, Ч.Айтматов бир гана совет адабиятына эмес, дүйнөлүк адабиятка комета сыяктуу кирип келет. Луи Арагондун “Жамиля” чыгармасына берген “Сүйүү жөнүндөгү эң сонун баян” деген баасын көп айтып жүрбөйбүзбү. Бирок анын бул чыгармага карата пикири андан да кенен жана бийик болгон. Луи Арагон кыргызстандык жазуучунун сүйүү жөнүндө мындай керемет чыгарма жаратып салганына таң калып турганын жашырган эмес. А Луи Арагон ошол кезде адабияттын эң бир кадырлуу өкүлү эле да.

Чыңгыз Айтматов жана Луи Арагон

Ошентип, Чыңгыз Айтматовдун ийгиликке карай жолу тескерисинче өнүккөн. Тактап айтканда, адатта жазуучу алгач өз өлкөсүндө атак күтүп, анан Жазуучулар союзунун уруксаты менен башка тилдерге которулуп баштаса, Ч.Айтматов “чү” дегенде эле башка тилге которулуп (“Жамилия” кийин 137 тилге которулат), дароо эле дүйнө окурмандарын багындыра баштайт. Ал канчалык деңгээлде улуттук же эл аралык жазуучу боло алгандыгын ар ким ар кандай чечмелеши мүмкүн. Бирок менимче,  жогоруда айтылган нерсе анын канчалык деңгээлде эл аралык жазуучу боло алганын далилдеп турса керек.

“Сүйүү жөнүндөгү эң сонун баян” дүйнөнүн 137 тилине которулган

– Ошол эле макалаңызда “Жазуучуга таандык өзгөчө мүнөз – бул чет өлкөлүктөр атамакчы, empathy – боорукерлик, бирөөнүн кайгы-кубанычын бөлүшө билүү. Дал ушул сапат аны СССРдеги жана дүйнөдөгү менин муунумдун сүйүктүү жазуучусуна айлантты” деп жазган элеңиз. Бул Ч. Айтматовдун жалгыз өзгөчөлүгүбү? Негизи эле, ал башка жазуучулардан эмнеси менен айырмаланып турат?

Ч. Айтматовдун б
ала чагына байланыштуу эскерүүлөрдө кичине Чыңгыз атасы Төрөкулду ээрчип киного барган баян эсиңиздеби? Тасмада өлүм алдында жаткан актриса бала Чыңгызга катуу таасир тийгизип, ал жол бою, үйгө келип да ыйлап, ошол бойдон уктап калат эмеспи. Ошондо Төрөкул: “Бул мынчалык боорукер болуп кимди тарткан?” – деп таң калат. Макаламда жазуучуну сыпаттап колдонгон “empathy” сөзү да мына ушундай “боорукерлик”, “бирөөнүн кайгысын тең бөлүшө алуу” дегенди туюнтат. Бул Ч.Айтматовду калган бардык жазуучулардан айырмалап турган негизги өзгөчөлүк. Ал өз чыгармаларында каармандардын ички сезимдерин кандай чеберчилик жана тактык менен сүрөттөгөнүн карасаңыз. Керек болсо, жаныбарлар да керемет сүрөттөлгөн. Менимче, адамдын сезимдерин мынчалык жеткилең жазган жазуучу болбосо керек. Мен бала кезимден эле Ч. Айтматовду теңдеши жок гений катары көрөр элем. Эми жашым өткөн сайын мен анын тилине суктанчу болдум. Айрыкча, мага котормолорду окууга, редакциялоого туура келет. Мына ошондо Ч.Айтматов жазган жана которулган эки тилди катар койгондо, анын канчалык сөзгө уста экендиги так таасын айгинеленет.

Чыңгыз Айтматов атасы Төрөкул Айтматов менен

– Мухтар Шаханов менен болгон баарлашуусунда ал кантип чыгарма жаратары жөнүндө сөз кылып, сыры менен бөлүшөт. “Жазуучу жазбай жүрсө да, жазып жүрөт” деген ойду цитата келтирет эмеспи. Өзүнүн айтып берүүлөрүнөн ал таң эрте 5те ойгонуп, күнүмдүк түйшүк башталар кезге дейре, саат 9га чейин чыгармаларынын үстүнөн иштерин биле алабыз. Бул анын чыгармачылыкка жасаган өзгөчө мамилесинен кабар берип турат. Анын чыгармаларына мүнөздүү кандай өзгөчөлүктү байкайсыз?

Сиз Ч. Айтматовду анын өзү жазган ар бир чыгармасында кезиктире аласыз. Учурда “Деңиз бойлой жоорткон Ала-Дөбөт” повестин басмага даярдап жатабыз. Мына ушул чыгармадагы бала Кириск – өспүрүм Айтматов. Ошол эле Султанмурат – өспүрүм Айтматов. “Ак кемедеги” Баланын, Авалбектин ички сезимдери – булар атасынан эрте калган кичине Айтматовдун сезимдери. Мындан улам, Ч. Айтматовду терең анализдеп окуган учурда ал ар бир каарман менен кошо жашаганын байкай алабыз. Бардык санааларын, бала чактан калган тактарды, бардык жашоо тажрыйбасын Ч. Айтматов калеми аркылуу туюндурган. Андыктан, чыгармадан эмнени көрүп, баамдай алар экенсиз, бул сиздин окурмандык дараметиңизге жараша болот. Анын чыгармаларынын мааниси да ушунда жатат.

Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жоорткон Ала-Дөбөт” повести 10-июнга карата англис тилинде жарык көрдү. Сүрөттө китептин мукабасы

– Ч. Төрөкулович козгогон дагы бир тема – ааламдашуу. Жазуучу С.Раевдин бүткүл дүйнөлүк ааламдашуу процесси жөнүндө суроосуна жооп берип жатып, ал: “Качан гана биз руханий баалуулуктарыбызды, адамдагы адамдыкты сактоону үйрөнгөнүбүздө, ааламдашуу адамзаттын келечек жашоосуна өзүнүн сырдуу чакырыктарын таштабайт да, маселе жаратпайт”, – деп айтат. Сиздин оюңузча, сүйүктүү жазуучубуз айткан нерсени үйрөнө алабызбы? Болсо, кантип?

“Кассандра тамгасы” романында дал ушул тема кенен чагылдырылган. Чыгарма алгач немис тилинде жарыяланып, аны окурмандар чөйрөсү өзгөчө таң калуу менен кабыл алган. Себеби, жазуучунун бир катар этнографикалык, кыргыз жыттанган чыгармаларынан кийин дароо эле профессор Роберт Борктун тагдыры жөнүндө окууга туура келген. Ошентсе да, Борктун ойлорун жазуучунун ааламдашуу, адамзаттын көйгөйү жана курчап турган чөйрө боюнча жеке ой толгоолору катары кабыл алууга толук негиз бар.

Сүйүктүү жазуучубуз кыялданып насаат кылган нерсени албетте, үйрөнө алабыз. Жөнөкөй эле мисал. Карантин учурунда үйдөн чыга албай калганыбызда, “баарыбыз бир кемеде” экенибизди жакшы түшүндүк. Жаралган көйгөйдү бирге чечишибиз керектигин аңдадык. Үйдө отуруу, беткап тагынып жүрүү сыяктуу эрежелерге баш ийип, абалды олутту кабыл алган сыяктуу эле, эми адамдар өзүн-өзү талкалап, өзү бараткан кемени өзү чөктүрүп жаткандыгы жөнүндө акыл калчап, моюндап, ушунун үстүнөн да иштеши керек. Аң-сезимибиз эми түшүнө баштаган бул нерсени кийинки муун сөзсүз ишке ашырышы зарыл.

– Ч. Айтматов жапан ойчулу Дайсаку Икеда менен болгон маегинде: “өткөн доорлордун эч бири сөзгө биздин социалисттик тоталитаризмчелик терсаяктык менен мамиле жасаган эмес. Менин муунум өз өмүрүнүн басымдуу
бөлүгүн сөзгө карата болуп көрбөгөндөй субординацияда жана иерархияда өткөрдү”, – деп эскерет. Мына ушундай коомдон чыккан жазуучу болуп туруп, мындай бийиктиктерди кантип багындыра алды?

Ооба, Ч.Айтматов өзү ошондой социалисттик системанын курмандыгы болуп туруп, атасын экзекуциялаган ошол системанын катаалдыгын кечирген айкөлдүгү жана ошол чөйрөдө чыгармаларын жаратууну уланта бергендиги менен дүйнө коомчулугун таң калтырган. Мындай айкөлдүк, түшүнүү жана кечирим баарынын эле колунан келе бербейт. Бул ойдун Дайсаку Икеда менен болгон баарлашууда айтылганы тегин эместир. Себеби, жапан ойчулу Дайсаку Икеда дүйнөгө биринчи кезекте будда философу катары белгилүү. Андыктан, анын айткан пикирлерине будда философиясынын көз карашы менен кароо керек. Албетте, буддисттердин толеранттуулугу кыйла жогору. Андыктан, Дайсаку Икеда дагы Ч.Айтматовдун так ушул мүнөзүн – айкөлдүгүн баалаган чыгар.

Ч. Айтматов менен жакындан иштешкен адам катары сизге анын ички санаалары белгилүү болсо керек. Аны эмне тынчсыздандырчу эле? А эмне кубандырар эле? Ал бактылуу беле?

Ч. Айтматов менен болгон менин сүйлөшүүлөрүмдүн 99%ы ишке байланыштуу эле. Көбүн эсе котормолорго байланыштуу пикир алышар элек. Анын айтайын деген оюн кантип туура которууга мүмкүн экендигин талкуулачубуз. Ал эми, ал сөздү адатта: “Атаң кандай, Рахима?” – деп баштачу. Ал үчүн ушул маанилүү эле. Атам ден соолугуна байланыштуу арабада отуруп калган. Мени Ч.Айтматов менен тааныштырган да атам болгон. Мындан улам, жолуккан кезде мен котормо үчүн айрым тактоолорду жасап алууга ашыксам, Ч. Төрөкулович атамдын абалын сурап койчу.

Ч. Айтматов жазуучу катары өтө бактылуу! Адамга мындан артык бакытты тилөөгө мүмкүн эмес болсо керек. Аны баары жакшы көрдү, жазгысы келген бардык темаларда жазды. Анын жеке адабий атагы советтик атактан ашып түштү. Бирок мындай баш айланткан атакты ал татыктуу көтөрө алды. Бул атак аны көп нерсеге жоопкерчиликтүү кылып турарын сезимтал жана акылман адам катары жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, чыгармаларынын үстүнөн кылдат иштөөнү уланта берген. А жашоодо эр жүрөк адам эле.

Чыңгыз Айтматов жана Рахима Абдувалиева 

– Ар кайсы доордо жана Жердин ар башка бөлүгүндө жашаган ар кыл катмардагы адамдардын аң-сезиминде, баалуулуктарында, дүйнөгө болгон көз карашында жана аны кабыл алуусунда, адабиятка, искусствого болгон мамилелеринде айырмалар байкалат. Дүйнө, Кыргызстан, советтик жана постсоветтик чөлкөм Ч. Айтматовду кандай түшүнүп, кандай кабыл алды жана бул процесс мындан ары кандай өңүттө өнүгүп отурушу керек?

– Ч. Төрөкулович СССРдин аймагын 1990-жылы СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп дайындалган мезгилде таштап чыгып кеткен. Бул кызматта ал 1992-жылга чейин иш алып барган. Ошол эле жылы Россия Федерациясынын Люксембургдагы элчиси болуп 1994-жылга чейин иштеп калат. 1994-жылы Кыргызстандын Бенилюкстагы жана Европа уюмундагы элчиси болуп эмгектенет. Мен Ч. Айтматов СССР ураган убакта анын аймагында болгон деп айта албайм. Себеби, анын дипломатиялык жана адабий ишмердүүлүгү Европа өлкөлөрүндө өткөн. Ал бир гана адабиятка эмес, эл аралык мамилелерге да да барандуу салымын кошкон. Аны бардык падышалык үй-бүлөлөр өзгөчө сый менен кабыл алышар эле. Бул анын Европадагы кадыр-баркын көрсөтүп турат. Фридрих Хитцер өз эскерүүлөрүндө “Постсоветтик аймактагы бир дагы жазуучу Европада Айтматовдой сый-урматка арзыган эмес” деп жазат. Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөндөн кийин белгилүү бир убакытка тунжуроо жаралды. Бирок анын чыгармачылыгын чет өлкөлөрдө жайылтуу иши уланып жатты. Венгрияда, Францияда жаңы котормолор жарыяланып турду. Бул мезгилдеги Кыргызстандагы абал мен үчүн түшүнүксүз эле. Кайсы бир деңгээлде ал унутулуп калган сыяктуу сезилди. Ошентсе да, эл аралык деңгээлде Ч. Айтматовду даңазалоо иши тутанганда, Ч. Айтматовдун мекенинде да анын экинчи өмүрү башталды. Мындан ары кандай болору бул эми сиздерден, кийинки муундан көз каранды эмеспи…

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x