Кеп айтылуу Өтмөк ашуусу жана ал жердеги жаратылыштын «тамашасы» тууралуу болмокчу.
Өтмөк ашуусу анча бийик көрүнбөгөнү менен өзгөчө аба ырайы бар. Март айы, жаз келип, күн жылып, бак-дарактар бүр алганы менен, ашууда кыш кырааны өз күчүн көрсөтүп турганы анык.
Жаан жаайт, тоолуу аймакка кар түшөт, көчкү жүрөт деген алдын ала берилген прогноздорду көрүп-билип, кандай болор экен деген күдүк ой менен ашууга да келип жеттик. Алдын ала жол сурап, айдоочубуз да, калаадан келе жаткан айдоочулардан суроо салып сураганы, алардын «Жол таза эле» экени деле көңүлдү анчейин жылытпаган өңдүү. Биз түшкөн жеңил машина да ашууга келгенде, жер өйдөлүгүнө өрөпкүп, күрүлдөй онтоп, ийри-буйру айланма жолдо чимирик жасап, адымдайт. Аз өтпөй, кары кеткен, ар жерде көк кылтыйып, кыйыры карайган өң-дөңү аяктап, кары кете элек агала чек башталды. Андан ары улам кары калыңдап, муз тоңгон таш жол, бизди улам айланып көтөрүлгөн сайын, кадимки кышкы аппак пейзажга алып барып, куюлуштура аралаштырды.
Аппак кар. Биздин жетишибиз менен ала булут орой курчап, бороондоп, күндүн көзү көрүнбөй, ак карга айланды. Айланада кадим кышкы күн. Тизеден өйдө жааган ак кар, жол жээгинде үйө берип, тоодой күрткү, киши бою. Ак кардан өйдө-ылдый, ой-чуңкуру, аска-ташы аралашып, жол жээги дегеле билинбейт. Ары-бери жүрүп, жол тазалган чоң грейдерлердин сүрүп тазалаганы болбогондо, биз келген жолуң көмүлүп эле калмак окшойт, жолу кайсы,өзү кайсы болуп. Жол жээгиндеги таш тосмолор да андан-мындан бир көрүнбөсө, дегеле баары чогуу карга көмүлгөн.
Акыркы айланмадан чыга бере жолдогу тыгылган унаа-көлүктөрдүн узай тизилген кербенине учурадык. Алдыга кетер жолдун жабык турганынан улам, биз да четтей токтоп, эшикке чыктык. Чыкканың го жакшы. Жылуу жерден келгенге, эшик кага чыга калып эле, катуу учурган шамал, бороондогон ак карга аралаштык. Учуруп кетчүдөй этек-жеңди делбектетип, кыш күчүндө. Жол көгөрүп, эбак көк музга жылтырай тоңгон. Ары басып, тыгылган машинага жеттик. Байкуш жүк тарткан авто поезд, узунан сүйрөлүп өйдөлөй албай тыгылып турган экен, акселаторду айдоочу канча басканы менен көгөрүп тоңгон, жылтыр музга тайгаланып, дөңгөлөктөрүнө чымырата орологон чынжырлары да жардам бербей, чимирилип жер казып, ачыла түшкөн асфальттын бир аз бөлүгүнө тийип, артка карай шыркырата учкун чачып, бир ордунда бултактайт. Өз алдынча кете албаган кайранга, жол күрөгөн грейдерлер жардам кыла, бири артынан түртсө, экинчиси алдынан жогору сүйрөй, болгон дөңгөлөктөрү тегерене жер тытып, ысыктан карайып күйгөн ичке кара трубаларынан капкара түтүн буркурата көккө айдап, алдыга жүткүнө тегиз жөнөштү. Бирок көк муз, көктүгүн кылды бейм, же чет өлкөнүн унаалары, кыргыз Ала-Тоосунда өйдө-ылдыйга ылайыкташа элегин сездиби, айтор канча бир аракеттер натыйжа бербей, чиркелген кургурлар өйдө жылбай жөткүрүп, жер тыта буркурашты. Мындайда кол куушуруп турмак белең. Аз да болсо жардам, түртмүш болуп, тегерене биз жүрөбүз, ай-айлап баш чайкап. Оо, бир топ булкунуп, ар айла жасашып жатып, өз оордугунан титирей жылып,араң дегенде, көк муздун жылмакай чеңгелинен бошонуп чыгып, алдыга жылды. Жол улап кете албаса да, ары өткөн, бери өткөнгө жол бошото жээкке чыгып токтоду. Азганактай ачыла калган боштуктан тизиле чубай, алгач ылдыйдан жогору карай кеткени, биринен сала экинчиси ээрчий, тизилген машиналар кыймылга келди. Биз келген машина да, ордунан араң жылып бизге жетип, бирок кээ бир жеңил машиналар сыяктуу жылгаякка урунуп, ордунан жылбай калбаспы. Ага кол кабыш кыла, түртмөктөп жүргүзүп жибердик. Ошентип, токтосо кайра эле жыла албай тыгыларын билип, айдоочу оо бир топ жогору кетип калды. Артынан ээрчий чогуу басып, өргө карай, карда аптыгып, биз машинага келдик артынан. Жетип түшсөк, кайра тыгылып, бу жапондун төрт дөңгөлөгү жакшы эле кыйнады. Ошенте берген соң, аны ордунан түртүп, жүргүзүп жиберип, экөөбүз тең жарыша чуркап, ордунан эми жыла берген темир көлүккө, кубалай түшүүгө туура келди. Ошентип кылдырай өйдөлөп, жаздын күнү карга чөмүлгөн Өтмөктү аштык.
Адам. Бу инсан баласы баарына көнөт. Ашууда бири-бирине жардам берип, сүрөп, жол көрсөтүп, сүйөп-таяп, өз билген акылын айтып, жүргүнчүлөрдүн тилектештик кылганы сүйүндүрбөй койбойт. Айрыкча, суукка кайыккан айдоочулар, кол түрүп, суукка карабай бири-бирине кол кабыш кылып, суук музга тизе бүгүп, бири жата калып астына кирип, дөңгөлөккө чынжыр оройм менен убара болуп. Бири чырмалышкан, куймалашкан чынжырдын чатышын жазып. Кээ бири күрөк алып, кар күрөп, алдын тазалап. Бири алдыдан, бири өйдөдөн түшкөнүн токтотуп, жол тосуп. «Ой-үйй, ары айда, бери айда, оңго бур, газды жайырак, бир калыпта бер, ай» – деген үндөр, коштоо, бири-бирине дем берүү, жол көрсөтүүлөр. Сонун, тилектештик. Ынтымак болбосо, мындай катаал жаратылыштын оордугуна жалгыз-жарым чыдаш кыйындыр.
Өтмөк, Өтмөк. Кылда чокуңду ашып кеткиче, эчендеген эр азаматтар, далай азап тартышкандыр э.
Өтмөк ашуусу. 10-март. 2022 – жыл.