3-PHPде өзгөрмөлөр (переменная)

Кыргызчада аты же мааниси дайыма  өзгөрүп турган нерcеге өзгөрмө же туруксуз десек болот. Мындай турукуз нерсени РНР де $turuksuz деп, алды жагына доллар белгиси койуп жазабыз, өзгөрүп турган жагына да “мааниси” деп жазсак жарашчудай, текст түрүндө болсо, анда сөзсүз тырнакчага алабыз.

$turuksuz =“мааниси”

Же болбосо, $a=1 дей турган болсок, анда $a нын мааниси дайыма 2 же 3 ж.б. Болуп өзгөрөт экенин билебиз. Муну жакшы түшүнуп алышыбыз керек. Анткени баардык программалоо тилдеринде өзгөрмөлөр ушул логика менен иштейт жана тез-тез эле өзгөрмөлөр менен иштөөгө туура келет.

Анда эмесе кеттик….

Өзгөрмөлөрдүн шартуу эрежеси.;

  • Тамгалар, сандар жана ылдыйкы сызык(_) тан башка белги колдонулбайт.
  • Өзгөрмөлөрдун атын сан менен баштатканга болбойт. (мисалы: $1turuksuz туура эмес, $turuksuz1 туура)
  • PHPде өзгөрмөлөрдүн аттары чоң жана кичине тамгаларга сезимтал болот. Мисалы $turuksuz менен $TuRuKsUz бирдей мааниде эмес.

Ушул үч эрежеге туура келгендин баары туруксуз боло алат.

Туура келеген мисалдар: $jemishter, $kishinin_aty, $uzak1jer, $x, $_php

Туруксуздарга ат берүү, өзгөртүү жана өчүрүү

Сөздун башында айтылгандай туруксуздардын атын өзгөртүүдө, биз биринчи эле класста үйрөнгөн «=» (барабар) белгисин колдонобуз. Бул баардык программалоо тилдеринде ушундай колдонулат. Барабар оператору десек да болот. Айалдамада автобус күтүп турган жолоочуну элестете турган болсок. Айалдама ордунда эле турат бирок жолоочу жаңыланып, алмашып турат.

$ostanovka туруксузуна жолоочу деп маани берели, же ат берели ;

<?php

`$ostanovka = "жолоочу";

echo $ostanovka;

?>

Экранга жолоочу деп чыгышы керек. (Эскертүү- echo коддорубуздун жыйынтыгын экранга чыгаруучу команда)

Атап жатканда туруксуз “тексттен” түзүлгөн болсо, анда тырнакчага алуу керек. Эгер туруксуз жалаң эле сандан куралган болсо анда тырнакчанын кереги жок.

Мисалы:

<?php

$turuksuz_san = 100;

$turuksuz_tekst = "//www.php.org";

$jyl = 2019;

$x = 10;

?>

Эгер туура эмес жазып алсак анда ката чыгаары анык. Анткени тырнакчага алынбаган нерсе, ал, же логикалык же математикалык баа берилген болуп эсептелет.

Коддор жогорудан ылдый карап иштеген үчүн, туруксузду эң акыркы жолу эмне деп өзгөрткөн болсок ошол ат менен иштейт жана ошол атты алып жүрөт.

Мисалы;

<?php

`$ostanovka = "жолоочу";

// учурда   ostanovka туруксузун жолоочу   деп атадык;

`$ostanovka = "турист";

// эми болсо, аны турист деп өзгөрттүк;

echo $ostanovka;

?>

Экранга эң акыркы өзгөртүлгөн турист деп чыгат.

Туруксузду өчүрүп кайра колдонбоо үчүн unset() функциясын колдонобуз. Кийинчерээк функциялар жөнүндө бул темага кайра кайтабыз. Азырынча кыскача баяндоо менен чектелебиз.

Мисалы;

<?php

$ostanovka   = “жолоочу”;

unset($ostanovka);

// эми мындан кийин ostanovka деген туруксуз жок. Өчүрүп салдык.

?>

Бул жерге чейин бир турукузга ат берүүнү, өзгөртүүнү жана өчүрүп салууну үйрөндүк. Үйрөнгөндөрүбүздү көнүгүүлөр менен бышыктайбыз.

  • 0

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x