Университетте 4 жыл убакыт коротпой, курс окуп эле, иштеп кетсем болобу?

Курс эле окуп иштегим келет

АйТи (IT) окугусу келген окуучулардан келген суроолорго жалпылай жооп.

Бизге келген окурмандарыбыздын, айрыкча 11-классты бүтүрүп жаткан, келечектин ээлери болгон бүтүрүүчү жаштарыбыздын суроолорун топтоп, аларга жалпылай жооп берүүгө аракет кылабыз.

11-классты бүткөндөн кийин университетте 4 жыл убакыт коротпой, дароо эле курс окуп, иштеп кетсем болбойбу?

Көпчүлүк учурда ушундай суроо келет. Негизи бул суроону мен эки тараптан карап баалайм. Биринчи жагы, бул суроону берген окуучуларыбыз көбүнчө жеңил ойлуулук кылышат. Анткени, чөйрөбүз ушундай жеңил ойлуу маалыматтардын таштандысына айланып кетти. “1 жумалык марафонго катышып, айына 100 миң сом тап”, “100 сомго курс сатып алып, күнүгө 2500-3000 сом ал” деген өңдүү жеңил желпи алдамай маалыматтын казанында кайнаган жаштарыбыз, АйТи (IT) тармагын да ошондой көрүп, 6 айлык курста окуй калып, 2-3 миң доллар айлык алып иштеп кетем деп ойлошот.

Экинчи жагы. Баарыбызга эле маалым болгондой, өлкөбүздө материалдык абал укмуш болуп кеткен жери жок. Айылда ата-энебиз өз жанын араң багып жатканда, мен дагы 4 жыл ата-энеме жүк болбоюн деген ою жакшы окуучулар. Аларды да түшүнөм.

Эми бул суроого жооп бере турган болсок. Сөзсүз университет окуганга аракет кылуу керек. Бул 11-классты бүтүрүпжаткан окуучуга түзмө-түз. Мага окшоп жашы өтүп калган болсо, айла жок курс окуш керек. Ал эми бүтүрүүчүнүн келечеги алдыда эмеспи. Чоң ийгиликтерди багынтуу үчүн, АйТи (IT) тармагынын кесиптерин тереңден өздөштүрүү үчүн, университет окуган өтө маанилүү.

Бул дегендик, университет гана эң жакшы окутат дегендик эмес, болгону университет убактысында 4 жыл, 5 жыл билимин бекемдеп, кыял максаттарына бышыктап алганга жакшы бир убакыттын бар экендиги. Университет учурунда кандай окуш керек, кантип туура билим алыш керек, аны да өзүнчө кенен макала кылып жазабыз.

Кайсы университет жакшы окутат?

Негизи, бул суроого ачык жооп берсек, университеттер капа болуп калбасын. Бул суроого мен көбүнчө эч бири деп жооп берем. Себеби билим алам деген адам, мал сарайда жатып деле, билим алуунун жолуп табат. Билим алгысы келбеген адам, Гарвардда окуп деле куру жалак калат.

Андыктан, кайсы университет жакшы окутат деп сурагандан мурда, мен кантип туура билим алам, өзүмдү кантип эң мыкты адис, эң мыкты программист, эң мыкты адам кылам деген суроолордун үстүндө ойлонуу керек.

Анан, албетте эми жакшы окутууга аракет кылган окуу жайлар жок эмес. Жалпылай алганда өлкөбүздө бир дагы университет, “ТОП 100 гө” кирбейт. Ошентсе дагы, айрым университеттер эл аралык стандарттарга ылайыктап окутууга аракет кылып келишет. Ала-Тоо университети, АУЦА, ИНАИ, МУЦА, Манас сыяктуу университеттерге өтүүгө аракет кылуу керек.

ЖРТга даярданбай эле АйТи (IT) тармагына кантип тапшырам?

Негизи өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык, эч бир университетке ЖРТнын баллы 110 дон ашпаган болсо тапшыра албайсыз. Айрыкча бюджетке тапшырам десеңиз ЖРТ сөзсүз тапшыруу керек, ал тургай эң жогорку баллды камсыз кылыңыз. Антпесе окууга өтө албайсыз.

Ушул суроого жооп берип жатканда, окуучуларга кеңеш катары айта кетет элем. ЖРТга даярдануудан корпоңуз, себеби АйТи (IT) тармагына окуйм десеңиз, АйТи (IT) тармагында окуу өмүр бою бүтпөйт. Айрыкча өз алдынча окуу өтө маанилүү, демек ЖРТга да даярданганда өз алдынча көбүрөөк окуганга туура келет. Демек, өз алдынча окууну өздөштүрүү үчүн, жана ЖРТдан жакшы балл алып, АйТи тармагынын жакшы бөлүмүнө, жакшы окуу жайына өтүп алуу үчүн ЖРТга даярдануу өтө маанилүү демекчимин.

Математика жакшы билбейм, университетте АйТи (IT) тармагын окуй аламбы?

Негизи, АйТи (IT) тармагына университетке тапшырам десеңиз математиканы билсеңиз албетте артыкчылык болот. Бирок билбесеңиз деле, бул жаатка тапшыруудан коркпоңуз, университетке тапшырганга чейин математиканы кошумча окуй бериңиз жана университетке тапшыргандан кийин да, өз алдыңызча математикага көбүрөөк көңүл буруңуз.

АйTи (IT) тармагынын мыкты адиси болуу үчүн, математиканы жакшы билсеңиз пайдасы гана тиет, болбосо башынан баштап деле окуп өздөштүрүп кетсеңиз болот. Ушундай суроо менен кайрылган окуучуларды сыйлам. Анткени бүгүнкү кезде көпчүлүк окуучулар өзүн туура баалай алышпайт. Мектепте салыштырмалуу коюлган 5 терин чын эле математиканы 5 ке билем деп ойлошот. Ошондуктан, өз деңгээлин ачык билип, математиканы жакшы биле албай жатканын билген окуучу, аракет кылса, аны деле өздөштүрүп кетет деп ишенебиз!

✍🏻 Турат Алыбаев, Токмок шаары, 10-январь, 2022-жыл

  • 5

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2023 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x