2022-ЖЫЛДА ОКУШ КЕРЕК БОЛГОН ПРОГРАМДОО ТИЛДЕРИ

Бул програмдоо тилдери эң көп колдонулган жана бир топ артыкчылыктуу тилдер

Күнүбүздө системалар жана колдонмолор (приложение) өтө тездик менен өнүгүп жаткандыктан, програмдоо тилдери дагы индустрияда болсун, изилдөөдө болсун укмуштуудай өнүгүп бара жатышат. Учурда, ар кандай синтаксистик эрежелерге ээ болгон ар биринин өзгөчө жактары бар бир топ тилдер бар. Андыктан програмчылар кардарынын же өзүнүн каалоосуна жараша каалаган тилин тандоо мүмкүнчүлүгү өтө кенен. Программалык камсыздоону иштеп чыгуу индустриясы тездик менен өнүгүп жаткандыктан, мекемелер өзүнүн адистеринен ыңгайлуураак инструменттер жана тиркемелер боюнча билим алууну жана эң акыркы программалоо тилдерин тереңирээк түшүнүүнү талап кылууда.

Бул кеңири тармакта адистер үйрөнө турган бир нече программалоо тилдерин таба алышат, бирок эксперттер алардын бардыгы бирдей зарыл эмес деп эсептешет. Андыктан бүгүн биз эксперттер абдан маанилүү деп эсептеген жана 2022-жылда үйрөнүшүбуз керек болгон эң мыкты программалоо тилдерин тизмектеп чыгабыз.

Python

Python жогорку деңгээлдеги, жалпы максаттуу программалоо тили. Дизайн философиясында  чегинүүнү (абзац же indentation) колдонуусу олуттуу деңгээлде кодду окууга көмөктөшөт. Бул тил, чоң же кичине проектилер үчүн ачык жана логикалуу коддорду жазууда прогрмачыларга ыңгайлуу болушу үчүн маанилүү элементтерди жана объектке багытталган кадамдарды сунуштайт. Android болсун, же iOS болсун же экөөнө тең продукт чыгаргысы келген компаниялар Python билген програмчыларга дайыма муктаж болуп келишет.

JavaScript

JavaScript – эң белгилүү программалоо тилдеринин бири. Ага суроо-талап күчтүү жана аны колдонгондор да абдан арбын. JavaScript Uber, Google жана Microsoft сыяктуу көптөгөн белгилүү IT компаниялары тарабынан колдонулат. Иштеп чыгуучулар тилди Vue, Node жана React сыяктуу белгилүү фреймворктор менен өз ара иштегендиги үчүн жагымдуу деп эсептешет.

C/C++

Бул – программалоо тилдеринин арасында эскилерден болсо да, C жана C++ көбүнчө Microsoft жана Windows менен иштөөнү уланткан адамдар тарабынан колдонулат. Бул программалоо тили видео оюндарды иштеп чыгуучулар үчүн ылайыктуу вариант болуп саналат, анткени аны ар кандай тиркемелер үчүн, ошондой эле Unity 3D үчүн колдонсо болот. Бул програмдоо тили бүгүнкү күндө кеңири колдонулуп жаткан тилдерге көптөн бери таасирин тийгизгендиктен, адистер бул тилге терең көңүл бурбаса да, C жана C++ тилдеринин негиздерин түшүнүшү керек деп эсептешет.

Dart

Dart бул жаңы программалоо тили, ал үйрөнүү үчүн абдан жеңил программалоо тили катары тармакта тез популярдуу болуп баратат. Ал C стилиндеги синтаксиске ылайык келет жана көп платформалуу жана кайчылаш платформаларды иштеп чыгууда кең мүмкүнчүлүккө ээ.

Бул тил Google тарабынан иштелип чыгып, анын колдоосуна ээ болгондугу үчүн тез аранын ичинде өтө чоң кадыр баркка ээ болуу менен акыркы учурда мобилдик колдонмолорду (приложение) Android үчүн болсун, iOS үчүн болсун бир жолку код менен иштеп чыгуу үчүн Flutter фреймворку аркылуу өтө таанымал боло баштагандыгы менен 2022-жылда үйрөнүш керек болгондордун арасында орун алууда.

Scala

Scala – бул жогорку деңгээлдеги, көп парадигмалуу программалоо тили. Бул функционалдык программалоо ыкмасына колдоо көрсөткөн объектке багытталган программалоо тили. Программалоо тилинин статикалык түрлөрү татаал тиркемелердеги мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөөгө жана болтурбоого жардам берет жана бир нече жыйнактарга мүмкүнчүлүк берет.

Java

Java объектиге багытталган программалоо тили жана эң популярдуу тилдердин бири. Анын белгилүү бир жолу жазуу концепциясы бардык жерде иштей алат, бул Java программаларын кайра компиляциялоону талап кылбастан Javaда иштеген каалаган системада иштетүүгө мүмкүндүк берет. Адистер аны веб-иштеп чыгуу, уюлдук телефондор жана компьютерлер үчүн виртуалдык тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн колдонушат.

Албетте булардан тышкары да көптөгөн тилдер бар экенин да эстен чыгарбоо керек, бирок айрым адистер буларды 2022-жылда үйрөнүүнү маанилүү деп эсептешет.

Мурункулар кыштын узун түндөрүндө китеп окушат эле, азыркылар КОД окугула жаңылбайсыңар! Өзүңдү ар тараптуу өнүктүр, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кош!

Которуп даярдаган Турат Алыбаев, маалыматтын булагы: https://www.analyticsinsight.net/сайты

Турат Алыбаев, Токмок шаары, Бештин айы 28, 2021-жыл.

  • 19

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x