Баарын үйрөнүүнү токтот

Мен бир катачылыкты көрдүм. Аны көбүнчө DevOps‘тогу башталгычтар жана жалпы эле программалоодо кетиришет – бул адамдардын баардыгын билип алууга аракеттери. Бул көрүнүштүн белгилүү бир убакыт аралыгы жок, жалпысынан эле кездешет. Жыйынтыгында, алар 50 түрдүү тилди же куралды өздөштүрүшөт жана болгону 5тен ашпаган түрүн иш жүзүндө колдонушат. Мен муну жөн эле айтып жатканым жок. Себеби, муну өзүмдүн башымдан өткөргөм. Демек, жыйынтыгында аябай көп тилдерди жана башка колдонбой деле турган көп нерселерди үйрөнүп, мээмди ушунчалык башаламандыкка салгам. Буга масштабдуу көз чаптырсак, бул өтө көйгөйлүү нерсе.

Каалоо же зарылчылык

Мени туура эмес түшүнүп албагыла, билим алуу – бул жакшы жана силер окушуңар керек. Бирок, силер өзүңөргө зарыл болгон нерсени окушуңар керек. Силер окуй алганыңар үчүн эле окуган менен силерге керек болгон нерсени окуунун ортосунда айырма бар. Мен дүйнөдөгү бүт программалоо тилдерин үйрөнө алмакмын. Бирок, мен алардын ичинен 5-10ун эле колдонгону жатсам, баарын билүүнүн мааниси кандай?

Интервью же башка жердерде мен көп колдонгон кеңири жайылган фраза бул: “эрдик менен эмес, мисал менен иш алып бар”. [Англисче уландысы: [and what this phrase essentially means is, you want to be an example when you lead, what you don’t want to do is lead or become an example that is only an example because you had the knowledge.]]

Билим жана тажрыйба

Бир нерсени колдонуу үчүн билүү менен аны кантип туура колдонуу керектигин билүү ортосунда да айырмачылык бар. Убактыңызды 20 түркүн тилди же куралдарды үйрөнүүгө коротуунун ордуна, өзүңүздүн долбооруңузга же жумушуңузга коротуп, тажрыйбаңызды өрчүткөнүңүз оң. Бул өзгөчө программалоодо жана ошондой эле ага тийишсиз чөйрөлөрдө да өтө маанилүү.

Макала dev.to сайтынан алынды. Которгон: @janybek

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи