Кандай програмчы жумуш таап кете алат?

⚠️ Учурда көйгөйлүү болгон маселелердин бири, көп суралган суроолордун катарында ушул да бар.
Бул суроо көбүнчө “муну окусам жумуш таап кете аламбы?” – деген менен башталат.

🔰 Бул суроого жооп издеп жатып, бул суроого жооп берүүдөн мурда, коомго кандай програмчы керек, жумуш издеп жаткан програмчыда кандай сапаттар, кандай сыпаттар болуш керек ошону тактап алыш керек экенин байкадык.

✳️ Чынында башка тармактарда болгондой эле, АйТи тармагында да жумуш табуу оңой эмес. Жумуш берүүчүлөр сапаттуу сайт же тиркеме чыгаруу үчүн тажрыйбалуу жумушчуларды издешет. Андай болсо, жаңы окууну бүтүргөн, жаңы гана бул тармакка кирип жаткан адистер кантип жумуш табат? ❓

🔹 Эгерде сиз, жөн гана окуп койсоңуз, мектепте окугандай окуп койсоңуз. Бул жерде туура түшүнүш керек, мектепти жаман деп жаткан жерим жок, бирок биз көпчүлүгүбүз, мектепте окуп жүргөндө эмнеге окуп жатканыбызды, эмнеге мектепке бара жатканыбызды билген деле эмес элек го, эсиңизде болсо керек, мектепке баратып деле, ал жакка эмнеге баратканыбызды ойлонбой бара берет элек. Азыркы, заманбап кесиптерди окуп жатканда да ошондой окуй турган болсоңуз, менин айтарым, убакытты текке коротпоңуз демекчимин, андан көрө башка иш менен, башка кесип менен алек болуңуз!

🔹 Иш берүүчүлөргө, же АйТи компанияларга билимдүү, дипломдуу адистердин кереги жок. Шашпаңыз, шашпай туруңуз, чечмелеп берейин.

✅ Эгер сиз, кандайдыр бир курсту окуп бүтүргөн болсоңуз, мисалы дейли, биз менен 4 ай Флаттер окудуңуз. Сиз бул 4 ай аралыгында, сабактарга эле катышып турсаңыз, анда базалык билимге ээ болосуз. Билимдүү болосуз. Бул темада бир нерселерди айта аласыз, мобилдик тиркемелер кантип жасалат, тиркеменин бөлүктөрү кандай аталат, аларды болжолдуу кандай коддор менен жазса болот билип каласыз. Демек билимдүүсүз, бирок адис эмессиз, тажрыйбаңыз жок, өзүңүз иш жүзүндө жазып көргөн эмессиз. Дал ушул сыяктуу эле, сиз 4-5 жыл университетке барып келип, эптеп баа алып, эптеп зачет, экзамен тапшырып, балким дипломдо жалаң 5 болсо деле, сиз мыкты адис эмессиз.

✅ Университетте, курста окуган убактыңызды жакшы пайдаланыңыз, көп окуп, көп практика кылып, көп-көп иштеп көрүңүз. Ошондо гана сиз мыкты адис болуп чыга аласыз.

✅ Азыркы учурда, иш берүүчүлөргө, компанияларга билимдүү же дипломдуу адис керек эмес, азыркы иш берүүчүлөргө же өзүңүз деле сапаттуу бир продукт чыгаргыңыз келсе, анда иш издеген адис болбой, иш сизди издей тургандай мыкты адис болуңуз.

✅ Атка бергис кунан бар демекчи, 1-2 жылдык тажрыйбасы бар адиске алмашкыс адис болуп чыгыңыз. Ар күнү окуңуз, ар күнү өзүңүздү өнүктүрүңүз. Сиз кайсы програмдоо тилин окуп жатканыңыздын да мааниси жана айырмасы жок, бардык эле тилдерге муктаждык бар, жумуш бар.

✅ Демек, жыйынтыктап айта турган болсок, азыркы учурда изденген, аракет кылган, сабырдуу програмчыларга муктаждык бар. Окуп баштасаңыз эле, иштеп баштасаңыз эле баарын билип кете албайсыз, бирок бир баштап алсаңыз, сабырдуулук менен баарын бир четинен баштап үйрөнө аларыңызга ишенебиз.

⚠️ Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө, башка адамдырдын да алдыга жылуусуна салым кошуңуз. Токтоп турбаңыз, ар дайым аракетте болуңуз.

✍🏻 Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 6-март, 2022-жыл.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x