PHP кыскасы вебде иштөөчү программаларды жасаган тил десек болот. Толук аты “Personal Home Page” деп айтылат, кийинчерээк “PHP: Hypertext Preprocessor” деп айтылып калган.
Вебде иштеген башка программаларга караганда мүмкүнчүлүктөрү көп тилдердин бирөөсү. Сайттарга интерактивтүү жандуулук кошот жана MYSQL маалымат базасы анан Линукс менен эң жакшы иштейт.
1995-жылы Расмус Лердоф ( Rasmus Lerdorf ) тарабынан түзүлгөн. Азырка чейин өнүктүрүлүп турат. Эң акыркы верcиясы PHP7 баарына ачык жана акысыз.
PHP менен эмнелерди жасаса болот?
Негизинен РНР менен эмнени жасаса болбойт деген суроого оңойураак жооп тапса болот. HTML5 чыккандан бери вебде дээрлик бүт нерсени жасай алабыз. Документтер, сүрөттөр, видеолор, ойундар, кыскасы ойго келгендин баарын …
Жаңы броузер өзгөчөлүктөрүн эске алганда РНР менен дээрлик кыялыңдагы баардык нерсени жасаса болот. Бирок жетишээрлик тажрыйба болушу керек.
Эгер кээ бирөөлөрүн жаза турган болсок анда…
· Контент башкаруу системалары (WordPress, Drupal, …)
· Динамикалуу сайттар
· База данных (Senduit, Imageshack.us, …)
· Соц. тармак (Facebook, …)
· Э-бизнес (Лалафо, ShopPhp, …)
· Автоматизация системалары
· Онлайн ойундар (Travian, Ogame, …)
· Формдар, макалалар, сөздүктөр (Wikipedia, Vbulletin, MyBB, …)
· Контент таап топтогон Боттор,
· Вебде иштөөчү роботтор
Дагы көптөгөн нерселер.
Код жазуу – ыр жазууга окшош
· Код жазууну бир тил менен салыштырсак. Тилде 25-30 тамганы үйрөнүп ошол тамгалар менен ошол тилде ыр жазууга окшоштурсак болот.
· Биринчи тамгаларды үйрөнөбүз анан сөздөрдү үйрөнөбүз, анан сөздөрдүн тизилишин үйрөнөбүз. Көп китеп окуп, угуп атып өзүбүздү өнүктүрөбүз анан акырында, жаңы үйрөнгөн тилде ыр жазып баштайбыз.
· Жаңы үйрөнгөн тилде ыр жазуу үчүн кээбир процес жана этаптардан өтөбүз, кыйналабыз, эмгектенебиз.