Notion – жашооңузду иретке келтирет

notion деген эмне?

Менин “Жемиштүү Ютуб каналдар” постумда жазып өткөн Ali Abdaal аттуу ютубер акыркы учурда Notion тиркемесин колдоно баштады. Мурдагы Evernote, One note колдонуучулары Notionдун азыркы рынокто альтернативи жок экенин баамдай алышат. Себеби бул тиркеме өтө функцияналдуу. Ali азыр бул тиркемени жарнамалоо менен бирге кантип туура колдонуу жөнүндө бир канча видеолор менен бөлүшүүдө. Анда эмесе notion тууралуу айта кетсек

кайсы платформалар колдоно алат?

Азырынча Андроид/айфон жана виндоус/Мак платформаларында  иштейт. Жана лаптоп колдонуучулары үчүн desktop тиркемеси дагы бар.

Баасы кандай? Студент жана мугалимдерге бекерби?

Жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй айына төлөп турса болот. Бирок эң негизгиси студентерге жана окутуучуларга бекер! Бирок Кыргызстанда аз эле университеттин өзүнүн gmail адреси бар, ошон учун баардык университеттердин окуучулары бекер колдоно алат дегенден алысмын. Менин оюмча Алатоо, БААУ(ауца), БАУ(уца) жана Манас университеттеринин окуутуучу, окуучулары бекер колдоно алышса керек. Бирок notion командасына кат жазсаңыз сизге дагы бекер кылып бериши мүмкүн, ким билсин:D

notion студенттер үчүн бекер
notion мугалимдер үчүн бекер

Кантип катталам?

Эң оңой, жөн гана расмий барагына киресиз :https://www.notion.so/product

Бул сурөттө көрсөтүлгөндөй өйдөдөн product дегенге барып, эгер студент болсоңуз students, окутуучу болсоңуз educators’ту басыңыз. Андан кийин мектеп же университет сизге берген gmail адресиңизди жазыңыз. Калганы демейки кадамдар, өзүнүз түшүнөсүз:)

Notion’ду кантип эффективдүү колдоном?

Бирок бул жерде сиз бир аз сабырдуу болууңуз керек. Себеби башында көп нерсени түшүнө албай кыйналышыныз мүмкүн. Мен сизге notion тобунун Ютубтагы расмий каналын сунуштаймын. Эң негизгиси template’терди колдонуңуз. Эгерде сиз өзүңүздүн командаңыз менен notion’ду колдонсоңуз жана бул темада гуру болуп калган болсонуз анда бул жакты сунуштаймын. Сиз үчүн жалгыз гана көйгөй жаралышы мүмкүн – бул платформанын англис тилинде гана болуусу. Себеби бул тиркеменин иштелип чыкканына 2 эле жыл болду, ошон учун команда ото чакан. Балким сизге дагы англис тилин бир аз болсо дагы үйрөнүү убакты келип жеткендир, кандай дейсиз? Бир аз интернетти караштырсаңыз өзүнүз деле көп маалыматтарды таба аласыз.

твиттер колдонуучуларынан пикирлер+ меники

Мага аябай жакты, себеби өзгөчө пандемия күндөрүндө жардамы күч. Мен өзүмдүн күндөрүмдү жемиштүү өткөрүп жатам. Колдонуп баштаганыма 2 ай болду окшойт. Баарына сунуштайм!

Менин башкы барагым
  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x