Көптөгөн сапаттуу жана изилдөөнүн негизинде тартылган виделору менен бөлүшкөн ютубчулар бар. Бирок, мен көрүп жургөндөрүм жалаң англис тилинде тартылган. Аларды менин жеке оюма көрө тизмегин жасадым
- John Fish — Harvard университеттинин 3 — курстагы Канадалык студент. GPA 4/4, академиялык жактан жана социалдык тараптарын кантип өнүктүргөнүн айтып берет. Эң акыркы жаңылыгы аны YouTube YouTube Originalsка BookTube тармагына официалдуу алды.
Мага жаккан видеосу:
2. Matt D’Avella — өзүнүн алдыга койгон максатына технологияны колдонуп, бирок прокрастинациясыз кантип аткарып жатканы менен бөлүшөт. Видеолору даректүү тасмалар тибинде тартылат жана жашоодо минималист катары жашайт.
Мага жаккан видеосу:
3. Ali Abdaal — 2018 — жылы Cambridge университетинин медицина факултетин аяктаган жана азыр Британияда иштеп жатат. Ар тараптуу доктор — бизнес, ютуб, подкаст, гитарада ойноо жана башка.
Мага жаккан видеосу:
4. Vox — бул канал биздин жашоодо көп адамдар билбеген жерлер, окуялар жана татаал схемаларды документалдык тасма түрүндө мыкты жеткирет.
Мага жаккан видеосу:



