(Тилдин, дилдин тазалыгы жөнүндө)
Ооба, узун тарыхы бар, көрөңгөлүү эл экенибизде талаш жок. Биздин тарыхты, өзүбүз үзүлө түшүп издебегенибиз менен, өзүбүз кызыгып аныгына жетүүгө жетиштүү деңгээлде аракет кылбаганыбыз менен, бул тарыхий чындык. Улам ар жерден, андан мындан терең катылган доор катмарларынан кээ-кээде «мен бармын» дегенсип үн салып, бизге Кыргыз коомчулугуна эскертүү берип келе жатканына оо бир канча убак болду. Бирок биз дале болсо, өз алсыздыгыбызга таянып, жоопсуз калтырып келебиз.
Бирок, азыр сөз ошол улуу муундун урпагы, учурдун глобалдашуу кылтагына ууктура илинген азыркы кыргыз жөнүндө, тактап айтканда, сөз баккан элдин азыркы уулдарынын, сеңселген ай көкүл кыздарынын өз сөздөрүнө такыр көңүл бурбай калганы жөнүндө айткым келди. Мүмкүн кээси мени урушар, балким бир нечеси мага болушар. Бирок сөз кетти, кабар берилди. Ага мен өзүм, ушу сөздөн кийин мүмкүн биз, ал жаман жөрөлгөнү таштаарбыз деген тилек, жакшы ниет менен уладым.
Бөлүнүү – бул жакшы эмес экендиги эбак эле билинген. Биздин сыймыгыбыз Манаста да, бул жөнүндө өтө сонун айтылган:
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүндү болду Кыргыз деп.
Бөтөн элге кеп кетет…(Манас эпосунан)
Бул саптар баарыбызга жадыбыздан чыккыс болуп жатталып болду го. Кызыгы, эмне үчүн ушул күнгө чейин, ушул эки сапка да дурустап амал кыла албай жүргөнүбүз. Кичине эле ой жүгүртүп койгонубузда, биз элди бөлгөн, элди эки жаат кылып талаштырган сөздөрдү айтмак түгүл, оозанмак эмеспиз.
Негизи жай турмуш курган карапайым эл бөлүнбөйт деле. Көп каталар трибунадан айтылып коюлуп жүрөт. Эл билген,элге сөзү жеткендер бузуп койгону жаңылык эмес. Бул күнөлөө эмес. Бири-бирибизди айыптап «сен-мен» дешип жүрүп, эмне таптык?! Эч нерсе, талаш гана уланып келе жатат. Менин айтайын дегеним, ушуну биринчи иретте ТОКТОтуу зарыл!!!
Андан кийин, эл арасында сөз тараткандар, социалдык желелерден, комментарийлерден ар нерсени бир айтып, эл арасына бүлүк салууну ТОКТОтуу керек. Айрыкча такталбаган бүдөмүк кеп-сөздөрдү.
Эгер биз, ар бирибиз өз сөзүбүгө ээ болуп, ойлонуп, кесепетин баамдап сөз узатууну үйрөнгөнүбүздө, мен ишенем, келечекте кер-мур айтышуу, «сен-андай, мен мындай, мен кыйын, сен түкүндөй» дей берүү сөзсүз, өзүнөн-өзү жок болмок.
Тамаша, күлкү деп да, жерине, аймагына, кебетесине, тил өзгөчөлүгүнө карап, эч качан бөлүп жарбоо керек! Бул жакшылык эмес. Отуз жыл болду, ушул СӨЗгө этият болгонду үйрөнө албай келебиз. Кесепети канча талаш, канча кайым айтышуу, көңүл калуулар жаралды. Интернет желесинин жайылышы менен бул натура жөрөлгө кээде күчөп, кээде басаңдап, дагы көбөйдү. Өз сөзүнө ээ боло албагандардын «армиясы» пайда болду.
Бир элди бөлүп, ортого чагым таштап, элди бөлүп жарып, бөлүнүүсүнө «от жаккандар» да жок эмес. Мүмкүн сырттан нукума алып, өз элине чагым сөз таратар, бирок биз өзүбүз бекем болушубуз керек. Биздин бөлүнүү, өзүбүзгө эле зыян. Сен-мен дешип отурганча, оозуңдагы ашыңды шыпырып алып кетет. Ортодо береке кетет. Эл жиктелип бөлүнүп, башы бирикпей ынтымак жоголот. Ырыс – алды ынтымак, ынтымагы жок элдин ырыскысы «жайыл дасторкон» болуп таланат.
Кыргыз Мамлекетиңдин өнүгүшүн сен гана каалайсың жана биз өзүбүз гана өнүктүрө алабыз. Сенин өнүгүп, өзүңө тың болушуңду, СЕН гана каалайсың. ӨЗгөлөр сени чөгөлөтүп, кош тизелеп, алакан жайып, тилемчиленип турушүңду гана каалашы мүмкүн. Сыртан келип оозубузга эч ким «мына сага» деп салып бербейт. Андай «алма-быш» болгондо качан өнүгөт элек. Салып эле келе жатат, салып эле келе жатат, карызга дечи, ошентсе да. Бирок «БИЗ ӨНҮКТҮКПҮ!» Ушу бүгүн да, оозубузду кур сөз менен аарчып, талашып, өз ырыскыбызды качырып, ыркырашып келе жатабыз. Мүмкүн эми эсибизге келербиз! ТОКТОторбуз ачуу сөздү, тамаша сөздү. Биз жашап жаткан заман, ойной турган заман эмес. Кырды бычак болуп, курал кесеп, талашышып, атаандашып, кээде «төөлөшүп» жаткан кез. Ошону көрүп деле, эсибизге келели, этегибизди жыялы.
Ооба, элди бөлгөн эмес, элди бириктирген сөздөрдү жайылтуу зарыл. Биз СӨЗдүн кесепетин баамдабай жүрөбүз. Мен жеке өзүм, андай сөздөрдү тамаша иретинде да айтпайм. Демек, бул ар бирибиздин колубуздан келет жана элди бириктирүү үчүн ар бир уул, ар бир кыз өз салымыбызды кошуубуз зарыл деп ойлойм. Аракет кылып, билим алууну көбөйтө берсек, бир күн келет, сен-мен дешпей ынтымактуу жашаган. Аз өмүрдө эмнеге кер-мур айтыша беребиз?! Кызык эле адам өзү.
Сөз – ооздун жели эмес. Ал сөзсүз өз кедергисин тийгизет. А сен ар бир сөзүңө, сөзсүз ЖООП бересиң!
Ал эми элиңдин биригишин каалап, ошого аракет кылсаң. Жылуу сөзүңдү айтып, бириктирсең, кандай сонун ийгилик.
Сүйлөсөң жакшыны айт, болбосо тим отур.
БаСа. Андай кырчаңгы сөздөрдү өз сөзүмдө колдонбогон соң, бул текстерде да пайдаланууну, эскертүү иретинде болсо да, каалаган жокмун. Бирок, ар ким өзү билет, кандай тескери сөздөрдү айтарын, өз сөздөрүндө колдонуп жүргөнүн. Кезек келди, эми ТОКТОтолу. Жетишер эми, ушунча өз элибизди, эне тилибизди да кодуладык, жеридик. Акылга келели.