Мен Өзүм

Мен өзүм кандай адаммын? Бул суроону көп берип келеп. Бир окуяны толугураак түшүнүү үчүн анын сыртынан кароо жакшыраак экени анык. Ошол сыяктуу мен да өзүмдү түшүнүү үчүн өзүмдө сырттан карашым керек деп ойлоп калдым.

Өзүңдү сырттан кароонун бир жолу – түш.  Түшүмдөгү кылган иштеримдин баарын өзүм кылып жатам, эң башкысы – эч кандай көзөмөлдөөсүз. Түшүмдө өзүм бирөөгө бир нерсе айтып, кийин ойгонгондо өзүмдөн уялсам, анда менин жашоомдо өздүк ички конфликттер бар.

Мындан сырткары дагы бир ойго келдим: Түшүм мага кимдир бирөө жөнүндө жакшы же жаман ойлоп жүргөнүмдү аныктап берет. Эгерде бирөө мага жакпаган аракеттерди кылып жатса, демек мен ал адам жөнүндө жаманыраак ойдо экем. Анткени ошол мага жакпаган ишти ал адам аткарган жок, аткарткан менин оюм.  

Мен өзүм кандай адаммын? Түшкө таянып гана тыянак чыгарып коё турган эмесмин. Менин кандай экенимди эч ким, керек болсо өзүм да айта албайм. Менин кандай экеним маанилүү да эмес. Мен эч ким эмесмин. Сен да.

  • 3

    Бөлүш

    Лента Кененирээк
    Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x