Унчукпастан сүйөм сени,
Унчукпастан жек көрөм
Д….га
Билесиңби?
Билбейсиң сен.
Билбегениң дурустур.
Мен унчукпай жашаганды үйрөндүм,
Сага дагы,Кудайга.
Ачканга да жүрөгүмдү
Сага гана,
Анан жалгыз Кудайга.
Билесиңби?
Билбейсиң сен.
Аялмын мен –
аял деген жакшы атымдан,
Аруу деген ак атымдан
аттап кетпеген.
Текеберлик мүнөз эмес,
Текеберлик тереңдик.
Унчукпастан кыйкыруу,
Унчукпастан жактыруу.
Батперектей,
Бариктердей дүйнөмүн.
Батперектей дирилдек,
Бариктердей үшүкчөөл.
Бүгүн ошол батперектей дирилдеди жүрөгүм.
Бариктердей үшүдүм.
Кичирейип-кичирейип баратасың
Кандай үлкөн дүйнө элең.
Бүгүн жааган кардан жаш элең.
Кечээ жааган жаандан таза элең.
Деңиз элең бир уурттам.
Асман элең бир үзүм.
Аярладым эле сени
бекем кармап колума.
Бешик дүйнөм!
Бейпилдигиң бузбайын.
Бейпил жерде,
Бейпил күн өткөр.
Мен өзгөрбөйм,
Дайымкыдай көздөрүмдү
күлкүм менен жашырып,
Сени аз эстеп,
Өзүмдү көп унутам…
Сага берет тагдыр өзү ийилип,
Мезгилдерге сен чөгөлөп бересиң.
Сага келип сулуу кыздар
Сенин аппак,
Сенин аптап дүйнөңү,
Сүйүү билбес кучагында өлтүрөт.
Өлөт дүйнөң,
Өлөт мага жазган каттарың.
Өлөт сүйүүң ырларда эмес
Ким бирөөнүн койнунда.
Тирилте албайт сени муздак сүйүүлөр.
Төрөлбөйсүң тунук болуп эч кимден…
Сени эч ким Деңиз жигит атабайт,
Деңиз болуп төгүлбөйсүң эч кимге.
Батперектей дирилдедим,
Бариктердей үшүдүм.
Унчукпастан сүйөм сени,
Унчукпастан жек көрөм.
Айзат Кудайберди кызы