Менин оюмча көпчүлүк кыргыз жарандарынын, өзгөчө илим адамдарынын комунникацияга болгон күйүүсү болгон эместей көрүнөт. Биз эгемендүүлүктү кайтаргандан бери көп деле убакыт өткөн жок. Бирок, аз деп да айтууга болбойт. Ошол себептен биздин жашообузда көптөгөн “нервоздуу”, мүмкүн “бөтөн” нерселер кездешет. Алардын бири:
кесиптердин аталыштары.

Адам бир нерсеге көнсө, андан арылуусу кыйын. Бул чычкан менен болгон Ырахат жана Көз карандылык экспериментиндеги сыяктуу:
-
Чычкан менен болгон эксперимент(видео)▶️
Бирок, ыракатты түшүнсө болот, ал эми коомдогу нервоздуу көрүнүштөрдү көрүп туруп, чыдай албайт экенсиң жана эмнеге азыркыга чейин сөздөрдүн маңызына жана алардын түзүлүшүнө маани бере албай келебиз мага али түшүнүксүз.
Мисалы баарыбыз айтып келген: программист сөзү. Кээ бирлер айтышы мүмкүн, бул чет жактан келген сөз деп. Бирок, бардык эле чет жактан келген сөздөрдү оордунча коё бербейсиң да. Мисалы flying ling gear дегенди орустар “забчатый венец маховика”, ал эми fixation деген сөздү “фиксация“ деп которушкан. Фиксейшн деп айтса болот эле. Бирок бул сөздүн түбү өлүк же болбосо өзүлөрү көнгөн варианты бар.
Анын сыңарындай биздин тилибиздин структурасында “чы” деген жакшы мүчө бар. Ошол себептен программист термининин ордуна програмЧЫ терминин сунуштайм. Мындан ары:
Англисче: Programmer
Орусча: Программист
Кыргызча: Програмчы

Жашоодон мисал
Сөздөрүм жеңил болуп калбаш үчүн дагы бир окуя айтып берейин. Биз Rec 55 студиясында кыргызчага үн коштойбуз. Биринчи локалдаштырган сериал бул “Cartoon Network” телеканалынын “Кадимки шоу” мультисериалы.
Бул сериалды которуп жатканда “Кадимки шоу” деген биздин кулакка бөтөн эле. Буга чейин орусчасын көрүп жүргөнгө, командада кайсы бир материалдар керек болгондо “Обычное шоу” же “Regular show” деп издечүбүз. Ал түгүл мен “Кадимки мультик” деген ат сунуштаган болушум мүмкүн башында)
Бир сезондун орто жерине келгенде эмне болду дебесизби? Биз сүйлөшүүлөрүбүздө ушул сөздү колдонуп, ал түгүл мен сериалга байланыштуу файлдарды интернетте издегенде “Кадимки Шоу” деп байкабастан издеп алам.
Көрсө, адам ушундай иштейттир?