Акыркы учурда элди экиге бөлгөн тенденция жаралды. Бири “жакшы” адамдар. Бири “дакансалар”.
Бирок, мен бөлүүгө эмес, биздин сүйлөөдөгү гармонияга көңүл бургум келет эле.
Мисалы, биздин элде “өктөбүр”, “жапония”, “картөшкө” деген сыяктуу айтуулар кездешет. Мага негизи жагат ушу нерсе.
Себеби, Контентчини ойлоп таап жатканда, кыргыз фонетикасына ашыкча көңүл бургам. Себеби, бул платформанын айтылыш аты: “кАнтеНчи” экенин биринчи күндөрдөн эле билгем.
Бул дагы болсо бизге эскертүү.
Ошондо, эмнеге биз мындай болуп калдык? Орусча билбей калганда шылдыңдаган көп эле учурлар кездешет.
Жооп, менин оюм боюнча эң жөнөкөй: Кул мүнөздүк жана өткөн системанын калдыктарыбыз.
Кыргыз фонектикасында сингармонизм аттуу дагы термин бар. Бул жерден изилдесеңер болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, үндөшүү закону дегенди түшүндүрөт.
Демек, башка сөз менен айтканда – кыргыз сүйлөөсү нервоздуу боло албайт. Ал жөнөкөй жана айкалыштуу болушу керек.
Ошондуктан, мен “даканса” сөзүн колдойм. Бул дагы болсо чет элден келип, маданиятка синген сөз. Бирок, мунун үстүндө күлүү, менин оюмча эркин эмес адамдардын оюна келет.