Ала-Качуу сөзүн кайсы сөзгө алмаштырса болот?

ЭМНЕ ҮЧҮН АЛМАШТЫРУУ МААНИЛҮҮ ЖАНА ДҮЙНӨДӨ КАНДАЙ АНАЛОГДОРУ КЕЗДЕШЕТ?

Биз акыркы жылдары Ала-Качуу деген сөздү терс контекстте колдонуп келебиз. Өзгөчө жаңылык порталдар, агенттиктер колдонуп келишет.

Негизи Ала-Качуу деген эмне?

Википедияга таянсак Ала-Качуу бул:

никелешүүнүн түрү. Кыз ала качууда куда түшкөн кызга калың төлөөгө каражат жетишпесе, бир аз калың төлөнгөндөн кийин жигит кыздын макулдугу менен кызды ала качкан. [..] Кыз ала качуунун дагы бир себеби, кыздын ата-энеси кыз каалаган жерине барууга каршы чыгышса жана келген жуучуларга макулдугун беришпесе, жигит кыздын макулдугу менен ала качкан.

ВИКИПЕДИЯ

Бул маалыматка таянсак, демек азыркы жаңылык порталдардын бардыгы бул сөздү дайыма туура эмес колдонушат жана менин оюмча бул – маалымат бурмалоо.

Ала-Качуунун кандай аналогдору бар?

Үйлөнүү тоюн дүйнөдө дээрлик бардык эл окшош өткөргөндөй эле, Ала-Качуунун дагы аналогу бар. Мисалы: Elopement

Биздикинен айырмасы, аталышында гана: Качып кетүү деп аталат.

Качып кетүү – күтүүсүз жана жашыруун түрдө болгон нике, адатта, ата-энесинин уруксатысыз никеге туруу ниетинде сүйүктүүсү менен жашаган жеринен шашылыш качып кетүүнү билдирет. Качып кетүү кыздын же күйөөнүн макулдугу жок уурдого (мисалы, kidnaping) карама-каршы келет.

ВИКИПЕДИЯ

Дээрлик кыргыз Ала-Качуу менен опокшош.

Мен эмнени сунуштайт элем?

Мындан ары, Ала-Качуу деген сөздүн оордуна “Качуу” деген сөздү колдонууну сунуштайм. Себеби, “Ала-Качуу” терс маниге ээ болуп калган жана ал бир адам бир адамды алып качканды түшүндүргөндөй.

Качуу” болсо универсалдуу түшүнүк жана чогуу качууну дагы түшүндүрөт. Мисалы: “Качуу кылышыптыр”, – деп дагы колдонсо болот.

  • Биздин каттарга жазыл

    Сиз бул татынакайга туруштук бере албайсыз! Ал сизге жума-айлык жаңылыктарды алып келсин.

    *Эч спамсыз. Каалаган учурда баш тартсаңыз болот.
  • Контентчини колдоңуз. Эгер колуңуздан келсе, каалаган сумма менен бизди колдоп турсаңыз болот. Биз Контентчи ресурстарында дагы да көп жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып турабыз. Рахмат.
  • Жарнама

  • Добавить комментарий

    Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    Контентчи

    © 2023 Контентчи