Мен эңсеген үйлөнүү той

Жашоо чындыгында эле ары тан калычтуу, ары кызык нерсе. 23 жаш эми тойлор башталып, досторум жаны гана үй-бүлөө куруп баштаган кез. Ушул күнгө чейин бир нече досум үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү. Башка мамлекетте болуп калып жана башка ар кандай себептер менен тилекке каршы эч бара албаптырмын эстеп көрсөм, бул мен өзүм чакыруу алып,өзүм барган биринчи той болду. Тойго баруунун лентасын кестик бир сөз менен айтканда.
18.06.2022 Германиядан тапкан досторум Альвина & Арлендин Германиянын Фехта шаарында болуп өткөн үйлөнүү үлпөт тоюна катышууну кудайым насип кылыптыр. Тойдун эн жаккан жерлерин белгилеп кетүүнү туура көрдүм, анткени булар өткөргөн той үлгү ала турган той деп адашпай айта алам. Той Европалык форматта өттү. 30 чакты адам чакырылыптыр. Тойдун катышуучулары эки жаштын эн жакын адамдары. Бактыга жараша келген коноктордун негизги бөлүгү бири-бири менен тааныш, бул ар бир конок эч нерседен уялбай, тартынбай озун орусча айтканда өздөрүн “комфортно” сезип жүрүштү дегенди билдирет. Калган коноктор менен жакындан таанышууга убакыт кенири жетти. Саат 16:00 га белгиленген той “Кыргыз Германияда дагы кыргыз”- деген себептерден уламбы кээ бир коноктор кеч келгендигин байланыштуу бир саат кеч башталды.Тамак ашка келсек улуттук тамактар , шириндиктер, үлпөт торту өзүбүздүн кыргыз кыздарыбыз келтире жасап столорго жайнатышыптыр. Белгилей кетчу нерсе эн маанилуусу ысрап деген нерсенин болбогону, бардыгы ашыкча дагы кем дагы эмес . Немисче Хауптгерихт бизче айтканда сый тамак катары албетте сүйүктүү аш(плов) болду, ушунчалык эсептер так болгондугу ар бир кичинекей детальдарга маани беришкендиги айтпаса да көрүнүп турду, эн жөнөкөй эле мисал тойдон кайтканда алып кетчу салтка айланган “пакет операциясынын” өзгөчөлүгү. Мен тамашалап бул деген AYGEN 3.0 деген обновленный же болбосо жаныртылган AYGEN варианты деп ат ыйгара салдым. Пакеттин ичине салган момпосуйлардын тангагы(упаковка) эле өзгөчө кол чабууларга татыйт. Айта берсе улгу алчу жерлери аябай эле көп болду. Дагы кызык жери эки жашка арнаган каалоо тилектерди ооз эки эле эмес, кагаз жүзүндө да калтырганыбыз . Эки жаштын турмуш жолунун башатында өзүмдүн аруу тилектеримди кагаз жүзүндө калтырдым. Бул бугун күндөгү каалоо тилек болсо эртенки тарыхтын бир бөлүгү болуп кала бериши эч талашсыз!
ПыСы кол жазмам өтө эле “ажайып” болгондуктан “Окуп маанисин тушунушсө эле болду”- деген бойдон кала бердим🤣.

  • Подписаться
    Уведомить о
    guest

    0 комментариев
    Межтекстовые Отзывы
    Посмотреть все комментарии

    Контентчи

    © 2024 Контентчи
    0
    Оставьте комментарий! Напишите, что думаете по поводу статьи.x